Чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюлду

1178
0

Чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюлду

  Кабар: 13-январда Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана “China National Heavy Machinery Corporation” компаниясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Меморандумга төмөнкүлөр камтылган:

1) Өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, бул Кыргызстандынн энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;

2) Кубаттуулугу 21 Мвт. түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС (гидроэлектростанция) куруу боюнча кол коюлду.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле министр Орто-Токой суу сактагычында “Чакан” ГЭС курууга энергетика министрлиги кызыкдар экенин билдирди.

Меморандумга кол коюуга энергетика министри Таалайбек Ибраев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Финансы- кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов, “China National Heavy Machinery Corporation” компаниясынын вице-президенти Женг Хенсонг катышты

Комментарий: Кечээ күнү президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын тышкы карызын “жашыл” долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин иштеп чыгууга тапшырма бергендигин жарыялаган. Ал кабарда Садыр Жапаров Кыргызстан карыз берген мамлекеттер менен каржылык уюмдарга өлкөдөгү энергетикалык объектилердин курулушуна катышууну сунуштаган.

 Белгилүү болгондой, Кыргызстандын тышкы карызынын эң ири бөлүгү Кытайга таандык болуп, кыргыз өкмөтү бир нече жылдардан бери Кытайдан карыздын мөөнөтүн узартууну суранып келет. Өз кезегинде Кытай өкмөтү да белгилүү бир шарттар негизинде карыздын мөөнөтүн узартууга ыраазы болгон. Мындан бир нече жыл мурда кытайлык “инвесторлор”дун Кыргызстандын мыйзамдарын көзгө илбей, жергиликтүү жумушчуларга кылган мамилесинин натыйжасында кыргыз коомчулугунда Кытайга карата нааразылык маанайы күчөп, борбордо нааразылык акциялары бири-бирине уланып кеткен эле. Элдин кытайлык “инвесторлорго” каршы маанайынан кооптонгон расмий өкмөт Кытай менен түзүлгөн келишимдерди убактылуу токтотуп турууга мажбур болгон. А бирок, мезгил өтүп абал бир аз турукташкан соң, расмий өкмөт мурда кол коюлган келишимдерди аткарууга киришти. Кытайлык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коопсуз шаар” долбоору да ушулар түркүмүнөн. Садыр Жапаров көтөрүп чыккан “жашыл” долбоорлорго да негизги “инвестор” Кытай болорун айтып өткөнбүз. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар элдин кызыкчылыгына тескери келген жана Кытайдын экономикалык экспанциясына жол ачып берип жаткан келишимдерге каршы турушубуз керек. Кыргыз бийлигинин Россиянын чеңгелинен кутулуу үчүн Кытайга жүздөнүшү кудум “жамгырдан качып, мөндүргө тутулгандай” эле иш.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here