Министрлер кабинети дагы карыз алып жатат

69
0

Министрлер кабинети дагы карыз алып жатат

 Кабар: Министрлер кабинети энергетика тармагын колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алып жатат. Каражат көмүр, газ жана Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууга жумшалат.

 “50 млн доллардын 25млн доллары – кредит, жарымы – грант. Кредит министрлер кабинетинин антикризисттик планын колдоого багытталган. Кредит банктын талабына жана шартына ылайык 24 жылга алынат: анын 8 жылы бир пайыз менен, калган 16 жылы – жылдыгы 1,5 пайыз менен төлөнөт”, – деди финансы министринин орун басары Руслан Татиков.

Октябрь айында Энергетика министри Таалайбек Ибраев көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет, эч ким камсанабай эле койсо болот деп ишендирген. О.э. быйылкы жылытуу мезгилине 9 млрд сом каралганын билдирген.

О.э. Ибраев Кара-Кечеден көмүр алуунун чыгымы казактын көмүрүнө караганда жогору болуп кетерин айткан.

 “Бишкек ЖЭБнин эки блогу бар – жаңысы жана эскиси. Жаңысы Кара-Кече көмүрүнө ылайыктап салынган. Ал эми эски блок 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет, ал Казакстандын Караганда көмүрүнө ылайыкталган. Эгер экономикалык жактан карасак, Кара-Кеченин көмүрүн эски от казанда жага турган болсок, анда бизде чыгым көп болот. Тагыраагы, кошумча газ жана мазут колдонушубуз керек болот. Ошондуктан казак көмүрүн сатып алып, эски от казанда жакканыбыз үнөмдүү болот”, – деген Ибраев.

 Комментарий: Кыргыз өкмөтү быйыл сентябрь айында Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоо үчүн 50 млн доллар алган. Ал каражаттын да 25 млн доллары кредит, калганы грант экендиги жана карыз 16 жыл мөөнөткө берилгени айтылган. О.э. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 31-октябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы кредит жана гранттык келишимдер долбоору талкууланган. Бул карыздарга чейин, аныгыраагы, акыркы он айда өкмөт бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржы уюмдарынан жалпы эсепте 180 млн. доллар карыз алган.

 Карыз алып мугалим жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүү, карыз алып пенсия жана жөлөк пулдарды көтөрүү, карыз алып кыштан чыгуу үчүн көп деле акылдуу же жетик саясатчы болуу шарт эмес. Бул ишти, ал тургай окубаган сабатсыз адам деле кыла алат. Жетик саясатчы – бул башкаруу тафаккуруна ээ болгон, мамлекеттин иштерин башкара ала турган, көйгөйлөрдү чече турган о.э. жеке жана коомдук мамилелерди тартипке салууга кудуреттүү болгон адам. Ал элдин дартын жана көйгөйүн көрө билиши, бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп табышы жана эң маанилүүсү өз мекени жана калкы башка мамлекеттер менен каржылык уюмдарга көз каранды болушуна жол бербеши керек.  Ал ички ресурстардан акылмандык менен пайдаланып, элдин көйгөйлөрүн чечиши, муктаждыктарын камсыздоого көңүл бурушу керек. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү эле эмес, бардык исламий өлкөлөрдөгү режимдер элден ажырап калган, алардын бийликтеги өмүрүн узартуудан башка кайгысы жок. Себеби, бул режимдер башка күчтөр тарабынан бийликке алып келинген жана башкаручулук сыпат жана жоопкерчилик сезиминен куру калган кишилер.

Президент болгонго чейин “мамлекеттин экономикасын бир жылда бутка тургузам, Кыргызстанды беш жылда карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген, “Кумтөр” Кыргызстанга өтсө карыз алууга зарылдык болбой калышын айтып келген Жапаров Кыргызстанды карыздан куткармак тургай, тескерисинче көбүрөөк карызга батырып барууда. Мунун негизги себеби, Кыргызстанда терең тамыр жайган коррупция балээсине барып такалат. Жөнөкөй эле мисал, 380 миллион доллар карызга реконструкцияланган Бишкек ЖЭБи эмне үчүн өзүбүздүн көмүргө ылайыкташтырылган эмес?

Кыргызстандын карызга батып барышына негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Сүткордукка негизделген капиталисттик түзүм жана анын колонизатордук куралы болгон эл аралык каржылык уюмдар үчүнчү дүйнө мамлекеттерин карызга батырып, алардын карыздан кутулушуна эч кандай мүмкүнчүлүк беришпейт. Бул жердеги үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин, анын ичинде, Кыргызстандын саясий чөйрөсүнүн ролу – алардын коррупцияга батып калышында. Бул коррупциялык схемага да тышкы колонизатор мамлекеттер шыктандырып турушат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн, берилген карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясат өкүлдөрү мына ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Себеби, аталган топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда бир жолу болсо да “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, буга чейин сатып, жок кылынган ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алган эмес.Кыргызстандын проблемасы, эл аралык капиталисттик система үстүбүздө турганында жана ушул система түзгөн эл аралык саясатта. Материалдык пайдадан башкасын эсепке албай турган капиталисттик түзүм үстүбүздө турган соң, Кыргызстан эч качан карыз жүгүнөн кутула албайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here