Өзбекстан Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирбейт

261
0

Өзбекстан Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирбейт

         Өзбекстан Москва сунуштаган Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирбейт. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов билдирди.

         Анын айтымында, Ташкент эч качан газдын ордуна саясий шарттарга барбайт. Анын ордуна коңшу өлкөлөрдөн газды же электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө. Ал эми, Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр.

         Буга жооп кылып, Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Үчтүк союз”дун газ алмашуусунда саясий талап жоктугун, коммерциялык кызыкчылыктарды координациялоо максаты болуп жатканын айтып актанды.

         Reuters бидиргендей, Өзбекстанда быйыл газдын жетишсиздиги байкалды. Мындан улам, Кытайга экспорттоочу газдын бир бөлүгүн токтотууга аргасыз болду. Өлкө бийлиги башка мамлекеттер менен жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүрдү жана мазутту сатып алуу боюнча сүйлөшүп жатат. Ошондой эле суюлтулган газды сыртка экспорттоого тыюу салды.

         Буга чейин Казакстандын президенти Орусиянын президенти менен жолугушкандан кийин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын “үчилтик газ биримдигин” түзүүнү талкуулаган. Анын айтымында, мунун максаты Орусиянын газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү маселелерин координациялоо максатын көздөйт.

         Ал арада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылганы маалым болду. Буга чейин Мирзиеев Орусия президенти Путин да катышкан Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышары айтылып жаткан. Бул жыйынга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келмекчи.

         Буга чейин президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары аталган жыйындан кийин, 10-декабрда башталарын билдирген. Анда өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланып, эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүп жаткан.

         Белгилүү болгондой, Өзбекстан Украина маселесиндеги позициясынан улам Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кызматтан алууга аргасыз болгон. Ал парламенттин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк менен Луганск элдик республикаларын” тааныбай турганын, Украинанын бүтүндүгүн сыйлай турганын жарыялаган.

         Учурда да Өзбекстандын Орусия кызыкчылыгына каршы позицияны кармануусу Мирзиеевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын жылдырууга аргасыз кылды. Анткени, Орусия бул “Үчилтик союзу” аркылуу Орусиянын Европага экспорту токтоп калган энергоресурстарын Өзбекстан аркылуу Түштүк Азия мамлекеттерине чыгарууну максат кылып жаткан. Ал эми, Өзбекстанды Түштүк аймакка алып чыккан коридор жана темир жол долбоорлору АКШ тарабынан аймакты Орусия таасиринен буруу максатында ишке ашырылмакчы. Ушундай максатта “Термиз-Хайратон-Мазари Шариф” темир жолу курулду. АКШ бул максатына жетишүү үчүн Өзбекстан менен Пакистанды Талибан бийлиги менен алакаларды жакшыртууну талап кылып келет.

         Өзбекстан Борбор Азиядагы бардык республикалар менен чектешкен жападан-жалгыз мамлекет. Борбор Азиянын негизги стратегиялык багытына таасир өткөрө ала турган, табигый ресурстарга бай мамлекет. Мындан улам, эл аралык саясаттагы АКШ, Россия жана Кытай ортосундагы геосаясий күрөш Борбор Азиянын, анын ичинде, Өзбекстандын үстүндө күчөп жатат.

         Бүгүнкү күндө Орусиянын Борбор Азиядагы саясий жана экономикалык таасири алсырап баратса да, ал аскерий күч менен таасирин сактап калаарына ишенет. Мындан улам, аймактагы чек ара маселелери жана улуттар аралык жаңжалдарды чыгаруу анын негизги “козырь карталарынан” болуп эсептелет. Бул көйгөйлөр аркылуу ал региондогу мамлекеттерге басым өткөрүп турат. Мындайда аймактагы мамлекеттердин башка дүйнөлүк күчтөр менен алака орнотууга аракет кылышы табигый көрүнүш. Өкүнүчтүүсү, убактылуу бийлигин жалаң гана байлык топтоо үчүн пайдаланып жаткан аймактагы мамлекет башчылар чыныгы эгемендүүлүккө жеткире турган, калкынын ишениминен келип чыккан Ислам мамлекети байрагы алдында биригүүнүн ордуна, бир колонизатордон кутулуу үчүн башка колонизаторго кулдук кылууга убара болуп жатышат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here