Саясий өзгөргүс принциптерди кармануу кылуу кубат болсо, жан берүү – алсыздык

164
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Саясий өзгөргүс принциптерди кармануу кылуу кубат болсо, жан берүү – алсыздык

Устаз Абу Хамза Хутваний

Исламдын баары өзгөргүс принциптерден турат. Акыйдалар, өкүмдөр, идеология, тарыйкат, ар бир нерсе Исламда өзгөрбөйт. Ислам менен башкалардын ортосун бириктирүүнү четке кагуу да ушул өзгөргүс принциптердин бири экендиги белгилүү о.э. жолдун ортосунда кафирлер менен сүйлөшүү деген нерсеге ыраазы болбоо дагы.

Чыныгы мусулман өзгөргүс принциптерди бекем кармоосу менен өзгөчөлөнүп турат. Бул нерсе ага шахсияты, милдети жана аракетине күч берет. Расул акрам ﷺ бизге өзгөргүс принциптерди азуу тиштер менен бекем кармоону үйрөткөн. Абу Талиб Пайгамбар ﷺга: «Абаңдын уулдары сен алардын жыйындарына жана сажда кылуучу жайына азар жеткиргениңди айтышууда, муну токтоткун», – дегенде Расулуллах ﷺ асманга карап:

«هَلْ تَرَوْنَ هَذِهِ الشَّمْسَ؟»

«Күндү көрүп жатасыңарбы?», – дейт. «Ооба» дешет мушриктер. Ошондо ал:

«مَا أَنَا بِأَقْدَرَ أَنْ أَدَعَ ذَلِكَ مِنْكُمْ عَلَى أَنْ تَسْتَشْعِلُوا لِي مِنْهَا شُعْلَةً»

«Мага Күндөн бир шооласын алып бере алганыңарда да мен бул ишимди эч качан таштабайм», – дейт. Белгилүү болгондой, Курайш Расулуллах ﷺга жетекчилик, аброй, мал-дөөлөт, сулуу аялды сунуш кылышканда да ал ибадатта Курайштын шерик болушуна ыраазы болбоду. Анын алдына Валид ибн Мугира, Асвад ибн Матлаб, Ас ибн Ваил келишип: «Эй Мухаммад, кел, сен ибадат кылып жаткан нерсеге биз да ибадат кылалы, биз ибадат кылып жаткан нерсеге сен да ибадат кыл, бардык иштерибизде шериктик кылалы», – дешет. Ошондо ал:

﴿قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ…﴾

«Айткын: эй кафирлер…»      [109:1]

деген аятты окуйт. Абасы Абу Талиб каза болгондо, дагы бир абасы Абу Жахл келип, эгер Курайштын кудайларын сөгүүнү токтотсо, аны коргоону сунуштап: «Эй Мухаммад, Абдулмутталиб тозокко түшөбү?», – деп сурайт. Ал мындай дейт:

«وَمَنْ مَاتَ عَلَى مَا مَاتَ عَلَيْهِ عَبْدُ الْمُطَّلِبِ دَخَلَ النَّارَ»

«Кимде-ким Абдулмутталиб өлгөндөй абалда өлсө, тозокко түшөт», – дейт. Ошондо – Аллахтын наалаты болсун – Абу Лахаб: «Аллахка ант, сени түбөлүк душман деп билемин», – дейт.

Расулуллах ﷺ ушундай таризде өзгөргүс принциптерди бекем кармаган, бийлик ээлерине жагынбаган, даъватты ачык айткан.

Өзгөргүс принциптерди бекем кармоого акыйда жана пикир о.э. тарыйкат жөнүндөгү шаръий өкүмдөр кирет. Расулуллах ﷺ Амир ибн Саъсаа уруусунан нусрат талап кылганда, алар Расулуллах ﷺдан кийин бийликти аларга калтырууну шарт кылышат. Ошондо ал алардын шарттарын ачык-айкын четке кагат. Негизи, ошондо нусратка өтө-өтө муктаж болуп турган эле. Саъсаа уруусуна:

«الْأَمْرُ لِلَّهِ يَضَعُهُ حَيْثُ يَشَاءُ»

«Бул иш Аллахтыкы, аны каалаган жерине коёт», – деп жооп берет.

Демек, өзгөргүс принциптер – эч качан жан бербөө зарыл болгон шаръий негиздер. Алар Кыяматка чейин заман жана мекенге карап эч качан өзгөрбөйт. Бул принциптер үстүндө бекем туруу жана бекем кармоо фарз. Мындан тышкары, аларга амал кылуу ушундай бир зарыл муктаждык болуп, алар өзгөртүүгө аракет жасалып жаткан ар кандай коомдо болушу керек.

Чыныгы Ислам мамлекети алектене турган саясий иштер ушул өзгөргүс принциптерди коргоодо аткарыла турган туруктуу сыпаттар болуп, ушул сыпаттардан баш тартуу жан берүүгө алып барат. Ал эми, жан берүү Умматка кыйроолорду алып келет.

Эгер Түркия тышкы иштер министрлигинин акыркы он жылдагы саясатын мисал кыла турган болсок, ал өзү жарыялаган өзгөргүс принциптерден көптөгөн жан берүүлөрдү барганын көрөбүз. Түркия тышкы иштер министрлиги шаръий жана зарыл болгон өзгөргүс принциптерди ири мамлекеттердин эл аралык жана регионалдык кызыкчылыктары үчүн курман кылып келди!

Мисалы, Түркия режими экинчи Хама жүз беришине жол бербешибиз керек деп, бирок көптөгөн Хамаларга жол берди. Халаб үстүндө соодалашпайбыз деп, биорк аны кылмышкер режимдин колуна тапшырды. Колдору өз калкынын канына бөлөнгөн мындай режим менен мамиле кылбайбыз деп, разведка жагынан да, саясий жактан да аны менен мамиле кылды. Биз бечара мусулман сириялык качкындар туурасында таптакыр жан бербейбиз деп, бирок алардан баш тартты, жан берди, ал тургай, аларга текчилдик мамиле кылды. Биз шайлоо аркылуу келбеген диктатор режимдер менен мамиле кылбайбыз деп, бирок, журналист Жамал Хашакжийдин ишин жаап, Саудияга тапшырышты жана Саудия, Мисир жана Эмираттар сыяктуу ашынган диктаторлор менен мамилелерди нормалдаштырды. Ал тургай, Фалестинде катардагы жарандардын канкору болгон яхудий вужуду менен мамииле орнотпойбуз дешти, бирок, аны менен мамилелерди нормалдаштырып, дипломатиялык, экономикалык жана соода-сатык байланыштарды толук кеңейтти!

Өзгөргүс принциптен баш тартууга жана жан берүүгө мисалдар көп. Алардын бирин Хамас кыймылы жасады. Ал Газа секторунун биийлиги болуп туруп, жихаддан баш тартты, кылмышкер Мисир режими менен туруктуу келишүүгө ыраазы болду, яхудий вужуду менен Фалестин администрациясы аркылуу сүйлөшүү принцибин кабыл кылды. Сектордогу Хамас кыймылынын төрагасы Яхя Синвар: «Биз баскынчылардын зулум машинасына каршы күрөштө тынч калктын каршылыгы жолун улантабыз», – деди. Ко-ошш, Хамастын Махмуд Аббастан айырмасы барбы?!

Хамас кыймылындагы жетекчи Муса Абу Марзук яхудий вужудуна каршы согушуудан баш тартууга чөйрө даярдап: «Баскынчылар менен сүйлөшүүнүн зыяны жок. Аларга курал менен сүйлөшүү өткөргөнүбүздөй, сүйлөшүү менен да сүйлөшөбүз», – деди!

Кафирлерге кулак салуу жана алардын көрсөтмөлөрүн аткаруу өтө күчөдү. Талибан кыймылындагы расмийлердин бири мындай дейт: «Алар БУУда Афганистанды моюнга алуунун акысына менден шарият жаза-хаддарын колдонууну бекер кылышымды талап кылышты».

Ислам өкүмдөрүнөн бүтүндөй баш тартмайынча кафирлерге талаптарын коё беришет. Ал тургай, ошондо да кафирлер дагы да жан берүүнү талап кылуууну улантышат. Ошондон кийин да бул кафирлер жан берүүчүдөн бирер нерсе себептүү көңүлү калса, башка малмайлар менен бирге кулатууга аракет кылышат жана ордуна түрдүү жан берүүгө даяр башка адамды алып келишет. Мисалы, Суданда Умар Башир менен, Мисирде Мухаммад Мурсий рахимахуллах менен кылышкандай. Негизи, шарияттын колдонууда экөөсү тең кафирлерге жан беришкен.

Демек, шарияттын талабына ылайык, саясатчылар өзгөргүс принциптерди бекем карманышы жана саясий аракетте аста секиндик идеясын четке кагышы керек. Себеби, муну кабыл алуу шариятка тескери болуп гана калбастан, кыйратуучу идея.

 

Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here