Макрондун соңку Алжир сапарынын артында кандай максаттар турат?

174
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Макрондун соңку Алжир сапарынын артында кандай максаттар турат?

Устаз Салих Абдуррахим – Алжир

Франция президенти Эммануэль Макрон 2022-жылы 25-августта Алжирге сапар кылып, режимдин үч күндүк коногу болду. Сапардан максат элдик толкундоо токтоп, олуттуулугу жана акыбеттери басаңдап, өз ара тилектештик жана кызматташтыктын жаңы негиздерине чөйрө жаратуу зарылдыгынан улам Франция менен Алжир ортосунда «жаңы кызматташтык орнотуу» экени айтылды.

Бирок, ачык-айкын көрүнүп тургандай, Макрондун бул сапарынан экономикалык тармакта кызматташуу максат кылынбаган. О.э. Украинада олуттуу согуш болушу жана Америка газ тармагында Россия менен алаканы үзүү үчүн Европага басым кылышы артынан Франция жана Европаны Алжир газы менен камсыздооо да максат кылынбаган. Макрондун сапарындагы Франция тарабынан түзүлгөн делегациянын курамы о.э. жолугушууда Алжир тарабынан коопсуздук  тармагынын (өзгөчө ички жана тышкы коопсуздук) кызматкерлеринин катышкандыгы жана түзүлгөн келишимдер бир акыйкатты көрсөтүп турат. Ал да болсо, Франция Алжирдин түштүгүндөгү т.а. Африка Жээги мамлекеттериндеги колонияларында – өзгөчө коопсуздук жана аскерий жактан – олуттуу проблемаларга туш болуп жатканы. Демек, Макрондун сапары жана жолугушуулардын артындагы түпкү максат мына ушул болду. Сапардын экинчи күнү, 2022-жылы 27-августта Алжир президенти Абдулмажид Тиббун франциялык кесиптеши Эммануэль Макрон менен бир нече келишимдерге кол койду:

  • Пастер институту менен саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу.
  • Жогорку билим берүү министрлиги менен илимий изилдөөлөр министрлиги ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү келишим, эки мамлекет ортосундагы кызматташууну бекемдөө.
  • Алжирдин жаштар жана спорт министрлиги менен Франциянын ушул тармактагы министрлиги ортосунда «Максаттар меморандуму».
  • Алжир менен Франция ортосунда «жаңы кызматташтыкка тиешелүү Алжир декларациясын» активдештирүү.

Ушул акыркы келишимдин текстинде эки мамлекет түшүнүктөрдүн жаңы доорун баштоого о.э. келечектеги долбоорлорго жана жаштарга карата анык жана конструктивдүү жандашууга келишишкени жазылган. О.э. келишимде «жаңы кызматташтык орнотуу» деген нерсенин регионалдык жана эл аралык даражадагы абалдын кескиндешүүсү менен байланыштуулугу айтылган. Бул, келишимдер ичинде эң маанилүүсү экени көрүнүп турат. Белгилүү болгондой, ушул акыркы декларацияда жаңы дүйнөлүк проблемаларга, мисалы, регионалдык жана дүйнөлүк кризистер, климаттын өзгөрүшү, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, санарип революция жана саламаттыкты сактоо туурасында башка келишимдер да бар.

Баарыбыз Эммануэль Макрондун Алжирге 2017-жылы президенттикке талапкер катары жасаган сапарын эстейбиз. Т.а. ал Франция президенти болордон мурун алгачкы ирет келгенде мындай деген: «Колонизаторлук – Франция тарыхынын бир бөлүгү. Бул – кылмыш. О.э. ал адамзатка каршы кылмыш болуп, чыныгы жырткычтык. Бул Франциянын тарыхы болуп, биз бул кылмышты кимдерге каршы жасаган болсок, алардан кечирим сурашыбыз керек». Ошондо анын бул билдирүүсү өз өлкөсүндөгү оңчул экстремист жана ашынган экстремист күчтөр тарабынан сындоо жана каралоо туш болгон.

Бирок, Макрон президент болгон соң, 2019-жылы 22-февралда Алжирде жалындаган элдик толкундоо артынан мурунку президент Бутефлика кызматтан кетти, бийликке аскерий жана саясий жетекчилик келип, элден белгилүү фигуралар камакка алынды жана Франция канатында чоң чегинүү жүз берди… Мына ошондо Макрондун кайрылуусу өзгөрүп, анын кайрылууларынан нааразылык жана кабатыр байкалып турду. Жада калса, ал Алжир режимин «катаал аскерий-саясий режим, Тиббун да ушуга малынган» деп сындады. Бирок, ошол күнү эле президент Тиббунду өзүнүн сындоосунан куткарууну көздөп, аны менен жаңы мамилелер орнотулуп, жакшы сүйлөшүү бар экенин баса белгилеген.

Франциянын «Ле Монд» гезити 2021-жылы 2-октябрда Макрондун билдирүүсүнөн цитата келтирген. Ошол убакта бул билдирүү Алжирдеги токтом кабыл алуучулардын нааразылыгына себеп болгон. Макрон гезит көрсөтүлгөн сөздөрдү Алжирдин азаттык согушунда (1954-1962-ж.) Франция менен кызматташкан кээ бир алжирликтердин неберелери болгон жаштар менен Францияда жолугушуу учурунда айткан. Макрон өз билдирүүсүндө Алжир эгемендүү болгону менен, бүгүн да «тарых мурасы» негизинде өзүнүн эски «саясий-аскерий башкаруусун» сактап калганына ишара кылган. Ал: «Сөз толугу менен кайра жазылган… фактыларга таянган… балким, Францияны жек көрүүгө негизделген дискурска таяган расмий тарых жөнүндө болууда», – деп кошумчалады. Ошол убакта эң көп нааразылыкты ойготкон нерсе ушул эле – Макрон Алжир коомунда «Францияны жек көрүү» бар деп ишенбешин, балким, жек көрүү тарых мурасына негизделген режимде гана бар экенин билдиргенде, бийлик менен калкты атайылап ажыраткан. Ал баса белгилешинче, «Алжир режиминин алдан тайганы анык, аны 2019-жылдагы аракеттер алсыраткан».

Бирок, Алжир режими элдик кыймылды бастырууга, бийликтин көз караштарына ылайык «жаңы Алжирди» курууга жетишти жана иш айлакер саясий жараян аркылуу кайра Англия адамдарынын колуна өттү. Иштин айлакердиги болсо, элдик кыймыл конституцияга ылайык болуп жатат, ал коррупционер топтон мамлекетти куткарып жатат деп алданды жана ушул аркылуу ал тизгинделди. Бирок, түпкүлүгүндө бул өлкөдө коррупциячыл банкрот башкаруу системасы дагы эле ошол бойдон турат, өзгөргөн жок. Бүгүн да мамлекетти Тиббун бийликке келишинен мурунку чет элдикке тарапкер паракор топ башкарып жаткан, болгону башка кийим кийип алган. Мурда калк арасында «жаңы Алжирдин» курулушу аяктоодо, өлкө жаңы экономикалык өнүгүү астанасында турат деген пикир пайда кылынган болсо, бүгүн «биригүү демилгеси» деген нерсе пайда болду. Президент Тиббун тарабынан 2022-жылы 3-май күнү жарыя кылынган бул демилге – ал баса белгилешинче – «ички фронтту бекемдөөгө» каратылган. Бул болсо, кызыкчылык жана таасир талашып жаткан тараптар ортосунда эски-жаңы түшүнүктөр негизинде жаңы келишүү пайда боло баштаганынан кабар берет! Эгер ушундай болсо, колонизатор кафир жана анын куйруктары инвестиция, кызматташуу, реалдуу жана кыялдагы долбоорлор, келишимдер жана башкалар аркылуу өлкө байлыктарын бөлүп алууга жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк табышат. Ушул көз караштан алганда, ушунча кагылышуулар, айтышуу, ачуу сөздөр, жалган каралоолорго карабастан, Франция президенти Алжирге келип, жакындашуу жана жарашуу үчүн өтө көп достук каалоолорду билдирди.

Учурда Алжир режиминин европалыктарга тарапкерлиги…, кошуна Малидеги акыркы окуялар, Ливиядагы кескин абал, жалпысынан алганда, Түштүк Чөл мамлекеттериндеги акыркы окуялар фонунда кызыкчылыктардын кагылышып жатканы о.э. Алжирде да ички сахнада жүз берип жаткан саясий окуялар, ички таасир талашуу күрөшү себептүү аскерий жетекчиликте жүзөгө келген өзгөчө абал Америкада Түндүк Африкада о.э. байлыктарга толо Африка Жээги регионунда аскерий, саясий жана экономикалык жактан жайгашуусун күчөтүүгө каратылган амбициясын ойготту. Мына ушулардан улам, Америка өзгөчө 2019-жылы Алжирдеги пирамиданын жогорку бөлүгүндө болгон саясий абал жана шарттардан пайдаланып калууга киришти. Бул болсо, европалыктардын, негизинен француздардын региондогу кызыкчлык жана таасирлерине чоң проблема жаратты.

Ошентип, Макрон Алжир жана анын калкына «мээримин» билдирип, Алжирдеги өкүмдар системага карата мурунку жалындуу билдирүүлөрүн билмексен болуп, Алжирге сапар кылган, бирок, анын бул сапары өз ара тилектештикти бекемдөө жана Алжир президенттиги тарабынан жарыяланган «ички фронтту бириктирүү жана күчөтүүнү» бекемдөө үчүн ишке ашырылды. Алжир президенти тарабынан жарыяланган «ички фронтту бириктирүү жана күчөтүү» операциясы жогоруда айтканыбыздай, кызыкчылык жана таасир талашып жаткан топ ортосунда жаңы келишим жараянын да ачыкка чыгарат. Бул келишүү күрөшүп жаткан тараптарга кирешелерди, айрыкча, чет элдик валютада талап-тоноо аркылуу өлкө байлыктарын бөлүп алуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Эмнеси болгондо да бул нерсе Франция жана анын Алжирдеги куйруктары таасиринин төмөндөтүшүн чакылдырган жаңы чөйрөдө ишке ашат.

Сыр болбогондой, бул позиция жана бул «жаңы кызматташтык» европалыктардын Алжир армиясынан жардам суроого болгон шашылыш каалоосуна толук шайкеш келүүдө. Негизи, региондогу туруктуулук жана коопсуздукту о.э. европалыктарды Африка Жээги мамлекеттеринде, өзгөчө Алжирдин түштүктөгү регионалдык кошунасына карата саясий жана экономикалык таасирлерин коргоодо Алжир армиясынан жардам суроо гана эмес, пайдаланууга болгон каалоосуна ылайык келүүдө. Өз кезегинде, бул колонизатор Европaга региондун казынасын жана байлыктарын, алтын, сейрек минералдарды жана башкаларды талап-тоноону улантуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, Европага энергетика жана соода тармактарында кызматташуу шылтоосунда уурулук кылуу, Алжирде Европа компаниялары үчүн продукцияларды сатуу жана инвестициялар киргизүү о.э. Исламга каршы күрөш, контрабанда, миграция маселесинде коопсуздук разведкасы жана башкалар үстүндө келишүүнү улантуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 

Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here