Хаят Тахрир Шамдын коопсуздук кызматы устаз Насиршейх Абдулхайды камакка алды

190
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хаят Тахрир Шамдын коопсуздук кызматы устаз Насиршейх Абдулхайды камакка алды

Хаят Тахрири Шамдын коопсуздук кызматы бейшемби күнү Батыш Халабдын Артаб шаарында Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Насиршайх Абдулхайды камакка алды. Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб мындай дейт: «Хаят Тахрир Шамдын коопсуздук кызматы устаз Насиршайх Абдулхайды Түркия тышкы иштер министри Чавушоглунун билдирүүсүнө каршы акыйкат сөздү айтышы артынан Артаб шаарындагы үйүнөн уурдап кетти. Негизи, бул уюм христиандардын ырасымдарын, Россия патруль кызматын жана уятсыз журналист аялдарды коргоп келүүдө.

Ошол күнү кечинде Артабдын ондогон тургуну Хаят Тахрир Шамга караштуу полиция участкасы алдында устазды азат кылууну талап кылып демонстрация өткөрүштү. Жума намамзынан кийин да Артаб шаарында массалык демонстрация уюштурулуп, уюмдун жетекчиси Жуланийден камакка алынгандарды, өзгөчө, устаз Абдулхайды азат кылуу талап кылынды. Демонстранттар уюмга каршы кыйкырып, анын коопсуздук кызматын «шабиха» (каракчылар) деп аташты. Дайрхассан шаарында да Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Насиршейх Абдулхайдын уурдалганына каршы демонстрация уюштурушту. Демонстранттар көтөрүп чыккан плакаттарда акыйкат сөз айткандарды азат кылуу талап кылынды о.э. согушкер топтордун жетекчилеринин «ооз ачырбоо» саясаты караланды.

 

Роя гезити, №407, 2022-жыл, 7-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here