Капиталисттик цивилизациянын «ийгиликтеринен»: Германияда жылына 100 000 аборт

120
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик цивилизациянын «ийгиликтеринен»: Германияда жылына 100 000 аборт

Германиянын расмий статистика департаментинин маалыматына ылайык, аборт жасатуулардын саны ушул жылдын экинчи чейрегинде, апрелден июнга чейин 25 600дү түзгөн жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11.5 пайызга көп. Баса белгилөө зарыл, аборттордун саны жылдын биринчи чейрегинде 25 800гө жеткен.

Роя:

Бул расмий статистикага ылайык, Германияда аборт кылдыруу жылына 100 000ден ашууда. Аборт кылдыруу 1996-жылдан бери 2 миллион 400 миңден ашкан. Бул көбөйүү кылмыш кодексинин 218-беренеси өзгөртүрүлгөндөн кийин болду. Анткени, мурун аборт кылмыш деп саналып, аборт менен ачык шугулданууга тыюу салынган болчу.

Шек-күмөнсүз, абортко мажбур болуунун түрдүү себептери бар. Кээде медицина же саламаттык жагынан аборт туура саналат. Бирок, бул жердеги аборттун эң чоң себептери коом жана экономикага барып такалат. Аборттордун аз гана бөлүгү жыныстык зомбулук себептүү болууда, маселен, бойго жетпеген кыздардын жакындары тарабынан зордуктоону жана зомбулукка учуроону жашыруу үчүн абортко мажбур болуу сыяктуу.

Бу себептерге инсаний төмөндүктү да кошуу мүмкүн, маселен, ымыркайларды өлтүрүү жана түрдүү жолдор менен алардан кутулуу же жетимкана жана ооруканалардын эшиктерине орнотулган «белгисиз ымыркайлар кутусуна» таштоо сымал.

Статистика департаментинде сандарга гана айланган бул гуманитардык кырсык биздин коомубузга эч качан көчүп өтпөшү керек. Ар кандай акыл калчаган инсан мындай мусибаттарды өзүндө жана коомунда жок кылышы фарз. Намысын кызганган ар кандай эркек мындай илдетти биздин жашообузга CEDAW конвенциясы же «Балдарды коргоо» мыйзамы аркылуу киргизмекчи болуп жаткан кимселерге каршы күрөшүүсү зарыл. Түпкүлүгүндө, булар бузукулуктун куралдары жардамында адамзатты кыргын кылууга жана коомду ойрон кылууга багытталган мыйзамдар.

 Роя гезити, №409, 2022жыл, 21сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here