بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Аскерий союздар жана капиталисттик кызматташуу жөргөмүштүн желесинен да күчсүз
Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис
Эл аралык алакалардын маңызы, байланыштар, мамиле кылуунун саясий ыкмалары, келишимдер, кызматташуу, аскерий жана саясий кызматташуу жана аларга алакадар союз-коалициялар мамлекеттер кабыл алган мабдага негизделет. Анткени, идеология жана мабда гана мамилелер, кызматташуулар жана союздарды белгилеп берет. Ислам мамлекетинде мамилелер, келишимдер, саясий илимдердин мүнөзүн жана мамлекеттер менен боло турган башка мамилелер ыкмасын шаръий өкүмдөр белгилейт. Мисалы, Ислам мамлекети бир кафир мамлекетке каршы согушта башка бир кафир мамлекет менен аскерий кызматташуу кылбайт. Анткени, шарият муну харам кылган. Жада калса, ошону менен шексиз жеңишке жете турган болсо да. Расулуллах ﷺ айтат:
«لَا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
«Мушриктердин отунан пайдаланбагыла». (Имам Насаий «Сунан»да риваят кылган). “От” – бул согуштагы күч-кубат жана согуш.
Капиталисттик мамлекеттерге келсек, аларда бул маселе бүтүндөй башкача. Т.а. аларда динди жашоодон бөлүүгө, ошондой эле пикир жана мыйзамдар эркиндигине негизделген. Алардын жашоосу жана мамилелери да кызыкчылык жана пайдага ылайык ушул эркиндик негизинде болот. Услуб жана каражаттардын мааниси жок. Бул мамлекеттердин кызыкчылык жана пайда үчүн кылып жаткан иштеринен кээде жырткыч айбандар да жийиркенет. Буга Американын Экинчи дүйнөлүк согушта жасаган иши мисал. Америка Японияга нефть эмбаргосун киргизип, Японияны 1941-жылы Перл-Харборго сокку берүүгө үндөйт. АКШ ал жерден авианосец кемелерини алып чыгып кетишет, япондор муну билбестен сокку беришет жана порттогу миңдеген америкалык аскерлер набыт болот… Мына ошондо Рузвельт түздөн-түз согуш баштоо үчүн мурун согушка каршы болгон Конгресстин макулдугун алат. Мындан тышкары, Америка Ирак жана Афганистанды басып алууда да, 2011-жылдагы окуяларда айткан шылтоолорунда да, башка окуяларда да ушундай кылган.
Түпкүлүгүндө, дипломатиялык алакаларга негиз кызыкчылыктар болгон соң, мамлекеттер аларды шексиз текшерип-салыштырып көрүшөт. Бул кызыкчылыктар туруктуу эмес жана катъий идеяларга да негизделбеген. Ошондуктан, Америка сыяктуу мамлекет менен келишим же союз түзгөн мамлекет, эгер башка мамлекет менен келишим түзүүдө чоңураак кызыкчылык бар деп билсе, Америкага каршы чыгышы да мүмкүн.
Анык атын атабастан мисал кылып келтире турган болсок, ири мамлекеттер ортосунда келишим жана союздар түзүлдү. Кийин салыштырып көрүү натыйжасында баары ийгиликсиздик менен бүттү, өнөктөштөр бир-бирине каршы чыгышты. Батыш мамлекеттери Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Варшава келишимине жана Советтер Союзуна каршы АКШ менен биргеликте Түндүк Атлантика Союзуна (НАТО) кошулушту. Бирок, бул дипломатия Американын алдоосу жана манёвру менен толуп ташкан. Америка НАТО аркылуу Европа мамлекеттерин экономикалык жана саясий эксплуатация кылды. Муну АКШ Хрущев менен Кеннеди 1961-жылы кол койгон АКШ-СССР келишими саясаты аркылуу ишке ашырды. Бул саясат аркылуу АКШ дүйнөдөгү анын таасири астындагы региондорду бөлүп алып, ошондой эле Жакынкы Чыгышта, Африкада, Түштүк-Чыгыш Азияда, Азияда, жада калса Европанын ичинде да Европа мамлекеттеринин эсебинен өзүнүн таасиринин майданын кеңейтип алды. Т.а. НАТО Американын жалган союзу болуп эсептелет. Ал ушул аркылуу Европаны өз канатына алып, андан өзүнүн экономикалык кызыкчылыгы үчүн пайдаланууда жана НАТОго мүчө мамлекеттердин эсебинен дүйнөдөгү өзүнүн таасири астындагы региондорду көбөйтүүдө.
Жыйырма биринчи кылымдын башында Америка Иракка каршы бир канча мамлекеттерден коалиция түзүп, жалган жана алдоо саясаты натыйжасында алардан чоң команда түздү. Ушул аскерий коалиция бир канча жыл аракет кылды. Бирок, Американын жалган жана алдоолору ачыкка чыгышы акыбетинде коалиция аста секин ыдырай баштады. Ошондо Америка жаңы согуш баштап, терроризмге каршы күрөшүү деген жаңы жалганды ойлоп тапты. Бирок, жаңы команда мурункусундай болбоду. Коалициядагы мамлекеттер бул дипломатияны кызыкчылыктарды салыштыруу саясатынын көз карашы боюнча алып барышты.
Дагы бир мисал, Иранга каршы экономикалык эмбарго маселеси жана санкциялар. Бул иште Америка «нефть кудуктарына коркунуч», «эки харамдагы диний жайларга коркунуч», «яхудий вужудуна коркунуч» деген жаңы жалгандарды ойлоп тапты. Муну айрым мамлекеттердин саясатына сокку берүү, айрымдарын шантаж кылуу, Иранды Фарс булуңунун мамлекеттерине коркунуч катары көрсөтүү үчүн ишке ашырды. Бул союз да көптөгөн жалгандар менен жылдап турду… Кээде Иранга санкциялар күчөтүлдү, кээде Европаны Иран менен соода келишимдерин түздүрүү аркылуу аны тузакка түшүрүү үчүн санкциялар жеңилдетилди. Кийин Иранга каршы эмбаргону күчөтүү менен союз мамлекеттерине каршы фитна кылынды. Натыйжада, бул мамлекеттер миллиарддаган доллар зыян көрүштү, Америка өкүмдарлыгы сакталып калды. Бүгүн Америка Иранга каршы дагы жаңы саясат менен алектенүүдө: саясий келишүү аркылуу Иранга карата санкцияларды алып салууга чөйрө жаратууда. Ушул саясий келишүү деген жалган Иранды региондун саясий түзүмүнө киргизүүгө жана аны менен регион мамлекеттери ортосунда – яхудий вужуду менен да – алакаларды тикелөөгө каратылган. Бул Ирандан санкцияларды бүтүндөй алып салуу үчүн башталыш болуп эсептелет. Булардын баары Американын Украина согушундагы кызыкчылыгына кызмат кылышына багытталган. Ошондой эле, Aмериканын региондогу саясатына кызмат кылган НАТО, AUKUS жана QUAD сыяктуу башка союз жана альянстарды түзүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш мамлекеттери үчүн жаңы, алысты көздөгөн саясат түзүү максат кылынган.
Биз жогорудагы талдообузда Батыш, өзгөчө Америка дипломатиясы кызыкчылык жана прагматикалык идеяга негизделгенин баян кылдык жана акыркы пунктка келдик. Бул пунктта Россияга каршы ушул жаңы коалиция кайсыл жерге чейин барат, Батыш Америка менен биргеликте өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара алабы, ушул суроого жооп беребиз.
Бу суроонун жообу ушул – Американын өз союздаштары менен биргеликте Россияга каршы колдонуп жаткан дипломатиясынан ушул нерселер көздөлгөн:
Биринчи: Америка саясатына каршы пикирлеген ар кандай мамлекетти коркутуу.
Экинчи: Кытай кандайдыр бир иш-аракет жасаса, ага карата да Россияга карата жасалган мамилени кылуу.
Үчүнчү: Европа мамлекеттери, өзгөчө Франция, Германия жана Британия АКШ саясатына кызмат кылган алкакта калышы. Америка аларды өзүнүн тынымсыз экономикалык, саясий жана аскерий провокациясынын алкагында өз канаты астында кармап турмакчы.
Төртүнчү: Американын глобалдуу гегемониясын сактап калуу, ошондой эле ушул гегемонияны бузуу үчүн болгон ар кандай пландарга каршы алдын ала пландарды иштеп чыгуу.
Ушул саясаттарга таасир кылышы мүмкүн болгон жана айрым мамлекеттерди бул союздардан качууга мажбур кыла турган бир канча нерселер бар. Россияга каршы согуш созулуп кетиши, мунун акыбетинде чоң зыяндар көрүлүшү, ошондой эле Россия Европа мамлекеттери менен алгылыктуу дипломатиялык аракеттерди баштап, ушул аркылуу аларды кызыкчылыктардын абзелин тандоого үндөшү мүмкүн, маселен, АКШнын провокациясы жана жогору баалардын тушунда нефть жана газ бааларын төмөндөтүү сыяктуу. Россия да экономикалык коркутууларды жана провокацияларды кылышы мүмкүн. Айрыкча, Россияда өлкөгө энергетика, азык-түлүк жана соода продукцияларын алып кирүү жана алып чыгуу мүмкүнчүлүгү жагынан бул тармакта ири экономикалык кубат бар.
Сөзүбүздүн акырында ушуну баса белгилейбиз, бул мамлекеттер ыплас идеалогиядан келип чыккан карамүртөз саясаттарга негизделген. Алар өз кызыкчылыктарын салыштырып, эгер пайдалуу деп билсе, жада калса өз досторунун жана элинин зыянына болсо да ошол кызыкчылыктарды кабыл алышат. Дүйнө иштерин адилеттик жана ынсаптуулук менен башкарууга, дүйнөдө коопсуздук, адилеттик жана туруктуулук орнотууга кудуреттүү жалгыз саясат – роббаний илахий түзүмдөн т.а. Исламдан алынат. Бул иштер адамзат алдында – илдеттерге чекит коюп, туура жолго баштоочу роббаний түзүмдү орнотуу үчүн – кеңири көлөмдүү пландарды белгилөөгө үндөйт. Ошондой эле, Ислам Умматы дүйнө мамлекеттери саясаттары айла-амал үстүнө курулганын көрүп турган соң, бул нерселер Ислам Умматын өз дининин кыйматын жана бүтүндүгүн билүүгө үндөйт… Бул үндөөлөр Исламий Уммат кайра бутка туруп, мындай карамүртөз капиталисттик түзүмдү ыдыратышы жана өзүнүн исламий идеологиясына негизделген түзүмдү тикелеши үчүн зарыл. Бул болсо, ушул исламий идеологияны колдоно турган, аны бүткүл дүйнөгө изгилик рисалаты катары алып чыгып, адашуу жана зулумда жашап жаткан калктарды куткара турган мамлекеттин көлөкөсүндө ишке ашат.
Роя гезити, №408, 2022–жыл, 14–сентябрь.