Энергетика кризиси жана анын Европага таасири

212
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Энергетика кризиси жана анын Европага таасири

Доктор Абдуллах Насир – Иордания

Россия-Украина кризисинин аламаттары пайда болору жана карыган континенттин чыгыш чегараларында аскерий сапарбарлык башталары менен акыбеттери бүткүл Европа Союзунун мамлекеттерине жете турган аскерий иш-аракеттерден эскерткен чочулоо башталды. Франция президенти, Германия канцлери жана башкалар болгон аракети менен Россияны кырдаалды курчутпоого чакырышты. Бирок, Россия президенти Путиндин улуулук азгырыгынан жана саясий көз караштарынын үстөмдүгүнөн пайдаланган Америка тарабынан алып барылган провокациялар Европа саясатчыларынын аракеттеринен үстөм келди. Натыйжада Россия Украинага бастырып кирди. Ал үч күндө миссиясын бүтүрүүнү болжолдогон эле. Бирок, орус армиясы Украина армиясынын катуу каршылыгына туш болду. Бул нерсе согуштун ушул күнгө чейин уланышына себеп болду жана Американын иш-аракеттерин көрсөтүп турат. Т.а. Кошмо Штаттардын Россияны Украина баткагына тартуу, алдан тайдыруу, улуу мамлекет болуу умтулууларын тизгиндөө жана Европа мамлекеттеринин АКШ гегемониясынан чыгуу умтулууларын токтотуу үчүн жасаган иштери көрүнүп калды.

Россия президенти Европа Союзуна каршы аскерий чабуулдарга кошумча энергия куралын ишке салды. Россия Европа Союзунун Украинага берип жаткан аскерий жардамдарын токтотууга, ошондой эле инфляциянын өсүшү жана Европа элдери үчүн энергия төлөмдөрүнүн жогорулоосу менен Европа жетекчилерине басым өткөрүп, аларды өз позицияларын өзгөртүүгө жана Россиянын умтулууларын моюнга алууга мажбурлай турган шартты жаратууну көздөдү.

Маселен, Россиядан Европага энергия (40 % газ, 27 % нефть) алгылыктуу баада жеткирилип, продукциялардын баалары Европа калктары үчүн макул болгон баада эле… Американын провокацияларынан кийин Россия Европа Союзуна энергетика жеткирүү көлөмүн улам-улам азайтуу чараларын көрдү. Кийин Союздун мамлекеттерине төлөмдү рубль менен төлөөгө мажбур кылды… Ошентип, эң чоң «Түндүк агым-1» аркылуу газ жеткирүүнү токтотту… Россиядан Германияга Балтика деңизинин астынан өткөн бул линия Европага газ жеткирген негизги түтүк болуп эсептелет. Россия аны токтотууга техникалык проблемаларды шылтоо кылган болсо да, түпкүлүгүндө бул проблемаларга Европанын Россияга карата киргизген санкциялары себеп болду. Россиянын бул иш-чаралары электр энергиянын жана газдын баасын рекорддук көрсөткүчтөргө жогорулатууга каратылган. Чынында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 400%га жогорулады. Бул жогорулоо газ Россиядан алынган баадан эки эсе кымбатка сатып алынышынын акыбетинде болду… Бул болсо, Франция президенти Эммануэль Макронду Европа үчүн жыргал жашоо кылымы акырына жетти дегенге мажбурлады.

Европа жогорку электр жана энергия бааларынын кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн жолугушуу артынан жолугушууларды өткөрдү жана бир катар токтомдорду кабыл алды: коомдук имараттарда тышкы жарыткычтарды өчүрүү, электр жылыткычтарга максималдуу жана минималдуу температураны белгилеген жабдууларды орнотуу жана кондиционерлерден пайдаланууну чектеп, кондиционер орнотулган дүкөндөрдү жабуу. Ошондой эле, токтомдордо суютулган газ алуу жана чогултуу үчүн АКШ, Катар, Чыгыш Европага кайрылуу, жеке тараптарга жана компанияларга финансылык жардам сунуштоо, көмүр колдонууга жана – айлана чөйрөгө жана инсандарга кооптуу болсо да – ядролук генераторлордон пайдаланууга кайтуу сыяктуулар да айтылды.

Булардын баары коронавирус пандемиясынын акыбеттеринен оңолбогон Европанын экономикасын дагы да кыйратты… Европа Союзу мамлекеттеринде инфляция орточо 9%га көтөрүлдү. Бул Европа банкы тарабынан белгиленген ставкадан дээрлик төрт эсе жогору. Бул болсо, Европаны экономикалык рецессияга кирүү коркунучун жаратууда, ошондой эле Европа валютасы «евронун» наркын 20 жыл мурун жүгүртүүгө киргизилгенден бери белгиленбеген даражада төмөндөшүнө алып келди. Өз кезегинде, бул көптөгөн компанияларды финансылык кыйынчылыктар себептүү бийликтен жардам суроого мажбур кылды жана буга энергия кризиси, акысыз тамактанууга болгон талаптардын көбөйүшү, иш орундарынын азайышы жана жогору жумушсуздук коркунучу себеп болду.

Бул нерсе европалык жетекчилерди тердетип жаткан өткүнчү жай саратандын проблемасы эмес. Жок, бул жерде Россия Европа Союзу мамлекеттерине каршы энергияны курал катары ишке салууда. Европалык жетекчилер болсо, мындан кабатырланышууда. Бул болсо, айрым региондордо массалык нааразылык демонстрацияларына себеп болду. Демонстранттар энергиянын таңкыстыгына жана баалардын жогорулашына расмийлер жоопкер экенин билдиришти. Алар Украинаны колдоону токтотууну жана Россияга карата санкцияларды бекер кылууну талап кылышты. Али Европа үчүн ызгардуу кыш келе элек, келсе баалар кескин көтөрүлөрү шексиз. Ошол эле учурда, Европа мамлекеттеринин өзүндө да келишпестиктер пайда болду, бул кризиске каршы күрөштө алардын ортосунда карама-каршылыктар пайда болду. Бул жагдай Европа Союзунда кризис жүз бериши, союзга мүчө мамлекеттер таратылышы жана бирдиктүү валютасы бекер болушу мүмкүн болгон акыбеттерден дарек берүүдө.

Туура, Россия-Украина согушу Россияны баткакка батырып, алдан тайдырышы анык. Бирок, ошол эле учурда бул согуш карыган континентти күчсүздүк баткагыга батырып жатканын, Европа жетекчилери саясий жактан келише албай жатышканын да ачыктады. Европа өзүнүн коопсуздугун сактоодо жана энергиянын үзгүлтүксүз агымын камсыздоодо АКШнын канаты астында калууга муктаждыгын, жада калса Европа Союзу кризиске учурап, ага мүчө мамлекеттер тарап, бирдиктүү валютасынын бекер болушу ыктымалын ачыктады. Муну жакынкы күндөр көрсөтөт.

Капиталисттик түзүм мына ушундай… Ал баалуулукту да, инсанды кадырлоону да билбейт. Анда күчтүү күчсүздү кордойт. Кан төгүлүшү да, ачка калгандардын көптүгү да, камсыздоонун токтотулушу да, кымбатчылык да капитализм түзүмүн кабатырлантпайт… Тескерисинче, бул проблемалардын баары адамдардын тагдырына өкүмдарлык кылып жаткан, зулум, зомбулук жана ачарчылыкты пайда кылып жаткан бир ууч кудайсыз топтун каалоолоруна кызмат кылышы керек. Бул түзүмдө инсаний көз караш да жок, анткени аларда бүгүнкү дос эртеңки душманга айланат. Аллах Тааланын:

﴿تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى

«Аларды бир деп ойлойсуң, бирок жүрөктөрү башка-башка»                                     [Хашр 14]

деген аяты ушул кимселерге туура келет. Аллахтын уруксаты менен, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык тикеленмейин дүйнө алардын зулумунан азап тарта берет. Бузгунчу капитализмдин караңылыгын таратуучу Халифалыктын таңы атып жатканы көрүнө баштады. Бул Аллахка кыйын эмес.

 

Роя гезити, №408, 2022жыл, 14сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here