Режим инсандарга камкордук кылуудан таптакыр алыс болгондуктан, Иорданияда мамлекеттик секторду модернизация кылуу иши ийгиликсиз болору анык

166
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Режим инсандарга камкордук кылуудан таптакыр алыс болгондуктан, Иорданияда мамлекеттик секторду модернизация кылуу иши ийгиликсиз болору анык

Өз кызматында алты ай иштеген Иордания премьер-министри Бишр Хасауна мамлекеттик секторду модернизация кылуу комиссиясынын натыйжаларын жарыялады. Ал «2022-жылдан 2024-жылга чейинки доордо министрликтер менен мамлекеттик мекемелерди бириктирүүнү» баса белгиледи, бул курамдык бөлүктөр экономиканы модернизация кылуу жана саясий модернизация түзүмүн баалоо натыйжаларына ылайык элге кызмат кылууга багытталганын айтты.

Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө ушуларды баса белгиледи: «Иорданиядагы коомчулуктун үмүтүн үздүргөн жана алардын аң-сезимин маскаралап жаткан нерсе ушул – 1999-жылдан бери мамлекеттик секторду өнүктүрүү боюнча улам-улам алмашып жаткан өкмөттөр тарабынан бирдей «план жана демилгелер» кайталанып айтылууда… Мамлекеттик сектор болсо сенектиктен, жаман башкаруудан жана жөндөмсүздүктөн башы чыкпай жатат».

Билдирүүдө ушулар кошумчаланды: «Бул иш-чаралар, назарий жана кыялдагы пландар мамлекеттик сектордун аракетине эч кандай жакшыланууга алып келбеди жана эч качан алып келбейт дагы. Анткени, мамлекеттик секторго байланыштуу өкмөттөр расмий режимди ыраазы кылуу жана аны сактап калуу үчүн аракет кылууда. Бирер өкмөт кетсе, ал өз доорунда бирер ийгиликке жетишкен-жетишпегенине жоопкер эмес…

Ооба, адамдар бүгүнкү режимдин жаман башкаруусунан оор кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Ал эми, биз даъват кылып жаткан Исламий Халифалык мамлекети алып бара турган башкаруу саясатында болсо үч нерсени көрүүгө болот: башкаруу түзүмүндөгү жөнөкөйлүк, иш ээсинин жөндөмү жана ишти акырына жеткирүүдөгү тездик».

Билдирүүнүн соңунда ушулар баса белгиленди: «Ислам мамлекетинде халифа тарабынан колдонулчу шаръий өкүмдөр аркылуу кызыкчылыктардын кабыл алынышы жана инсандардын иштери камкордук менен башкарылышы ачык-айкындуулукка, жөнөкөйлүккө негизделген жана бул нерсе кызыкчылыктарды башкарууну ушундай бир туруктуу моделга айлантат, аны өзгөртүүгө муктаждык болбойт. Бирок туруктуулукту кепилдеген мындай моделди илманий режимдер ишке ашыра албайт. Анткени, бул режимдер инсан ойлоп тапкан башкаруу түзүмүнүн максаттарынан жана анын тышкы саясат жөнүндөгү көз караштарынан чыкпайт. Бул тышкы саясатта мамлекеттик сектор колонизатор Эл аралык Валюта Фондунун программасына, ач көз мамлекеттердин кызыкчылыгына жана баскынчы яхудийлер менен түзүлгөн келишимдерге ылайык түрдө башкарылат».

 

Роя гезити, №404, 2022жыл, 17август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here