Тунис режими мечит имамын «ыңкылап сөзүн камтыган аяттарды тилават кылды» деп имамдыктан бошотту

134
1

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими мечит имамын «ыңкылап сөзүн камтыган аяттарды тилават кылды» деп имамдыктан бошотту

Тунис режими вилаяттардын биринде мечит имамы жаңы хижрий жылдын кирип келгенине байланыштуу өткөрүлгөн жыйында намаз окулуп жатканда “ыңкылап” сөзүн камтыган аяттарды тилават кылганы үчүн имамдыктан бошотту. Өлкөнүн чыгышындагы Набил шаарынын «Ассалам» мечитинин имамы Зайниддин айтышынча, ал Дин иштери министринин катышуусунда шам намазында имамдыкка өтүп, биринчи жана экинчи рекеттерге Аль Имран сүрөсүнүн 26-аяты менен 144-аятын окуган:

﴿قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَن تَشَاء وَتَنزِعُ الْمُلْكَ مِمَّن تَشَاء وَتُعِزُّ مَن تَشَاء وَتُذِلُّ مَن تَشَاء بِيَدِكَ الْخَيْرُ إِنَّكَ عَلَىَ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾

«Айткын: «Эй мүлк жана дөөлөт ээси болгон Аллахым, Сен каалаган адамыңа мүлк бересиң да, каалаган адамыңдан ал мүлктү тартып аласың, каалаган адамыңды азиз, урматтуу кыласьң да каалаган адамыңды кор кыласың. Бардык Жакшылык жалгыз Сенин колуңда. Албетте, Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң»                                                                                                  [3:26]

﴿وَمَا مُحَمَّدٌ إِلاَّ رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهِ الرُّسُلُ أَفَئِن مَّاتَ أَوْ قُتِلَ انقَلَبْتُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ وَمَن يَنقَلِبْ عَلَىَ عَقِبَيْهِ فَلَن يَضُرَّ اللَّهَ شَيْئاً وَسَيَجْزِي اللَّهُ الشَّاكِرِينَ﴾

«Мухаммад болгону бир пайгамбар гана. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анан, эгер ал (Мухаммад алайхис-салам) көз жумса же өлтүрүлсө артыңарга уфрга) кайтып кетесиңерби?! Кимде-ким артына кайтып кетсе, Аллахка бир да зыян жеткизе албайт, (тескерисинче жалгыз өзүнө гана зыян жеткизет) Аллах болсо (өз жолунан кайтпай) шүгүр кылуучу пенделерин (амалына жараша) сыйлайт»                                                                                                       [3:144]

Имам Зайниддин радиого түшүндүрмө беришинче, намаздан кийин Дин иштери министри аны “انقلاب” (“ынкылаб”) сөзүн камтыган аятты окуганы үчүн мазактаган. «Мага министр: “Эй шейх… бул аяттардан өзүңдү алып качсаң жакшы болмок” деди… Кийинчерээк шаар бийлигинен мага телефон чалды жана ишиң каралып чыкканга чейин 10 күндүк мажбурий отпускага чыгарылдың дешти… Бул нерсеге таң калып жакамды кармадым», – дейт имам!

 

Роя гезити, №404, 2022жыл, 17август.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here