بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Эрдоган Түркиясы Сирия оппозициясы менен канкор Асад режимин жараштырууга чакырууда!
Сириянын түндүгүндө миңдеген демонстранттар Түркия тышкы иштер министри Мавлут Чавушуглунун Сирия оппозициясы менен Асад режимин жараштыруу туурасындагы билдирүүсүнө нааразылык билдиришти. Чавушуглу Сербия борбору Белградда Асад режиминин тышкы иштер министри Файсал Микдад менен жолугушканын ачыктаган. «Мен Белграддагы бейтарап мамлекеттердин конференциясында Сирия тышкы иштер министри менен кыскача жолугушуу өткөрдүм. Анткени, биз Сириядагы оппозиция менен бийликти бирер жол менен жараштыруубуз керек. Антпесе, ал жерде туруктуу тынчтык эч качан болбойт», – деди Чавушуглу журналисттерге.
Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб түшүндүрмө катары ушуларды баса белгиледи: «Туура, Түркия режими «оппозиция» делип жаткан тарап менен режимди жараштырууга чакырууда. Бирок, бул маанилүү эмес, анткени мындай билдирүү күтүлүп жаткан. Маанилүүсү – согушкер жамааттардын чет мамлекет менен алака кылган жетекчилеринин кандай позицияны карманышы. Алар Шам калкын алдоо жана кыжырданууну басуу максатында каралоо жана нааразылык билдирүү менен гана чектелишеби?! Же тигил «донор» мамлекеттердин разведкалары, негизинен түрк разведкасы менен алаканы үзүп, көз карандылыктан чыгышар бекен? Согушкерлердин бул жетекчилерге карата позициялары кандай? Мына ушулар маанилүү…
Иш-аракет реакцияларга негизделиши туура эмес. Ийри жолдордон да баспоо керек. Антпесе, аракеттин активдүүлүгү жоголот жана көздөлгөн максатка алып барбайт…
Бул нааразылык демонстрациялары козголоңдун руху Шам калкынын жүрөгүндө – козголоңду жок кылуу аракеттерине карабастан – дале өчпөгөнүн көрсөтүүдө. Бирок, демонстрациялар тартиптүү болушу, эмне талап кылынып жатканы анык белгилениши керек. Негизинен, Шам тогутунун разведкасы менен кызматташып жаткан түрк режими жана анын разведкасы менен, эл аралык коомчулук менен алаканы үзүү, анын багынып берүү чечимдерин четке кагуу, козголоңдун токтомун кайра алып, аны түрк режимине же саткын жетекчилерге эмес, өз ээлери болгон козголоңчулардын колуна тапшыруу жана режимди кулатып, Ислам башкаруусун тикелөө болгон өзгөргүс токтомдорду кайра баса белгилөө керек».
Билдирүүнүн соңунда устаз Абдулваххаб ушуларды баян кылды: «Түрк режими Шам калкынын ага карата кыжырын басуу үчүн, адаттагыдай, жалган сүйлөөгө жана айла-амалдар менен чалгытууга аракет кылат. Аларды чалгытып, ага жүктөлгөн Шам козголоңун токтотуу миссиясын акырына жеткирүү үчүн Сириядагы адамдарынан жана жарчы журналисттеринен пайдаланууну улантат».
Роя гезити, №404, 2022–жыл, 17–август.