Тогуттардын кылмышына сүкүт кылуу алардын бузгунчулугун бекемдеп, биздин кордугубузду көбөйтөт

192
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тогуттардын кылмышына сүкүт кылуу алардын бузгунчулугун бекемдеп, биздин кордугубузду көбөйтөт

 

Эй Ислам диярынын борбору болгон Шамдагы мусулмандар!

Инсан тарабынан ойлоп табылган мындай функционалдуу түзүмдөр астындагы жашоо – кордук жана кулдук жашоо. О.э. ал Роббибиз Азза ва Жалла ушул аятында кабар кылган бактысыз жашоо:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

«Ким Менин эскертмемден баш тарста, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны Кыямат күнү көр абалда тирилтебиз»                                                              [20:124]

Силер тогуттардын жана кылмышкерлердин кылмыштарына сүкүт кылышыңар эч нерсени өзгөртпөйт, тескерисинче, алардын зомбулугуна дагы зомбулук, зулумуна дагы зулум, силердин кордугуңарга дагы кордук кошот… О.э. алардын зомбулугу кийинкилерге да мурас болуп калышына алып келет… Бир тогут өлсө, кийинкиси, дагы кийинкиси келе берет… Перзенттерибиз да кордукту муундан муунга өткөрө беришет… Ушул себептен улам, алардын кылмыштарына эч качан сүкүт кылбагыла.

Эгер, силер жана силерден кийинки перзенттериңер Ислам көлөкөсүндө азиз жашоосун кааласаңар өзгөрүү үчүн албетте курмандык берүү жана бекем менен туруу керек болот. Мына, силер тогуттук тарыхта болуп көрбөгөн эң жаман тогутка каршы мубарак козголоңду баштадыңар… Бул жолдо чоң курмандыктарды берип, тогуттун тактысын силкинте алдыңар жана таянычын жер менен жексен кылышыңарга аз калды. Биздин Аллах Азза ва Жалладан башка жардамчыбыз жок. Ага таянып, албетте козголоңубуздун өзгөргүс максатын бекем кармашыбыз керек о.э. тил бириктирүүчүлөрдүн жана саткындардын чабуулуна учураган козголоңдун жолун оңдоого аракет кылуубуз зарыл. Бирок, бул нерсе акыйдаңардан алынган анык саясий долбоорду кабыл алып, аң-сезимдүү чынчыл саясий жетекчиликке жетишмейинче эч качан ишке ашпайт. Бул саясий жетекчилик Шам козголоңу өзүнүн өзгөргүс максатына жетиши үчүн ага даанышмандык менен жетекчилик кылат. Канкор режимди кулатып, анын урандылары үстүндө Ислам башкаруусун тикелөө ушул туруктуу максаттын негизгиси болуп эсептелет. Муну менен бул дүйнө жана Акырет азиздигине татыктуу болосуңар, ысымыңар Иллийюнда жазылып, тарыхта каласыңар. Андыктан, азаттыгыңарды өзүңөр ишке ашыргыла жана улуулугуңардын имаратын өз колуңар менен кургула. Душмандарыңардан да, силерге өзүн «дос» кылып көрсөткөн тил бириктирүүчүлөрдөн да эч качан чечим күтпөгүлө. Анткени, алар душманыңар, алардан сак болгула, бир гана Аллахка таянгыла жана Аллахтын бышык арканын бекем кармагыла. Анткени, нусрат бир гана Азиз жана Хаким Аллахтын алдында.

 

Роя гезити, №403, 2022жыл, 10август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here