Ислам башкаруусу болбосо балдардын укугу, коопсуздугу жана тынчтыгы жок

156
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ислам башкаруусу болбосо балдардын укугу, коопсуздугу жана тынчтыгы жок

Бүгүнкү күндө адамдар, айрыкча мусулмандар өз өлкөлөрүндөгү башкаруу түзүмүн кулатышы керек. Анткени, алар инсан ойлоп тапкан бузгунчу ийгиликсиз мыйзам жана конституцияларга негизделген. Аларды Халифалык мамлекетинде Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарган түзүмгө өзгөртүү зарыл. Халифалык мамлекети жүздөгөн жылдар бою бүткүл адамзатты адилеттик менен башкарган, Халифалыкта колдонулган мыйзамдар Ислам өкүмдөрүнөн турган. Бул өкүмдөрдү бир мусулман халифа Расулуллах Aдан үлгү алып Аллахтын шарияты менен башкарат. «Балдардын укугу» жөнүндө айтканыбызда, биз Халик Азза ва Жалла белгилеген балдарга тиешелүү шаръий өкүмдөрдү издешибиз керек. Анткени жараткан нерселерин Ал Өзү билүүчү, аларга эмне керектигин жана эмне пайдалуу экенин Өзү кабардар. Аллах Таала айтат:

﴿أَلا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ

«кыры) жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал мээримдүү жана кабардар»                                                                                                                     [67:14]

Мына ушулардан улам, депутаттар мындай мыйзамды таптакыр кабыл албастыгы үчүн каршы чыгууга чакырабыз. Биз көңүл бурмакчы болуп жаткан маселе – ушул мыйзамды да, аны менен бирге, куфрга негизделген башка эл аралык мыйзамдарды да түп тамыры менен бүтүндөй четке кагуу. Анткени, бул мыйзамдардын баары перзенттериңерди эксплуатация кылып, намысыңарды тебелейт. Анын үстүнө алар Аллах Азза ва Жалланын каарын келтирет. Аллах Таала айтат:

﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَن يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلَالاً بَعِيداً

«(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куръанга) жана сенден мурун түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептеген (айрым) кимселер шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбестик буйрулган эле. (Анткени) шайтан аларды бүтүндөй жолдон адаштырууну каалайт»                                                [4:60]

 

Роя гезити, №403, 2022жыл, 10август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here