Чавушоглу “Асад рeжими менен оппозицияны жараштыруу өтө зарыл”
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сирияда Асад режими менен оппозицияны жараштыруу үчүн аракет кылып жатканын билдирди. “Биз Сирияда белгилүү бир планга ээ болгон террорчуларды тазалоо үчүн бул операцияларды өткөрүп жатабыз. Астана жолугушуусунун максаты да ушул проблеманы чечүү. Бул иш дипломатия менен болот. Биз кандай болбосун, оппозиция менен Сирия режимин жараштырышыбыз керек. Антпесе, келишим болбойт. Мына 11 жыл болду, көптөгөн адамдар өлүп, көптөгөн адамдар мекенин таштап кетишти. Бул адамдар өз өлкөсүнө кайтышы керек. Ал үчүн тынчтык, туруктуулук болушу зарыл. Тынчтык келишмисиз эч ким кайра курууга жардам берүүнү каалабайт, биз бул жааттагы ишибизди күчөтөбүз”, – деди Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу буга чейин Асад режиминин тышкы иштер министри менен жолугушканын да билдирди. “Көптөн бери Путин жана Россиянын расмий адамдары “Сизди Сирия режими менен жолугуштуралы” деп айтып келишти. Президентибиз да разведка жолугушуулары пайдалуу болорун айткан эле. Буга чейин Түркия-Сирия разведкачылары ортосунда бир мөөнөт жолугушуулар болду. Андан кийин жолугушуулар үзүлүп калды, азыр болсо кайрадан уланууда. Разведкачылар ортосунда көптөгөн маселелер күн тартибине киргизилүүдө. Белградда башка министрлер менен бир катарда Сириянын министри менен да кыскача сүйлөштүм. Сириянын бизге кереги жок. А бирок Сирияда биримдик болбосо, бөлүнүп кетүү коркунучу бар. Сириядагы оппозиция менен режим ортосун кандайдыр бир көрүнүштө келиштирип коюшубуз керек. Антпесек, туруктуу тынчтык болбойт. Сирия бөлүнүп кетишинин алдын алуу үчүн Сирияда күчтүү башкаруу болушу керек”, – деди.
Комментарий: Асад режиминин Сириядагы мыйзамдуу бийлик макамын кайрадан тикелөө жана оппозицияны бул өкмөттү таанууга мажбурлоо – бул АКШнын планы. Женева, Сочи жана Астанадагы жолугушуулар мына ушул үчүн т.а. Сирия элдик ынкылабын түпкү максатынан буруу үчүн өткөрүлүп жаткан эле. Бул сахнада негизги ролдордун бирин ойноп жаткан Түркия өкмөтү көздөлгөн максаттын маанилүү бөлүгүнө киришүүдө. Бул бөлүк – бүгүнкү күндө Чавушоглунун тили менен ачык айтылып жаткан – оппозициялык топторду Асад режими менен бириктирүү бөлүгү. Бул болсо, Асаддын мыйзамдуу өкмөтүн тастыктоо маанисин түшүндүрөт.
Сирия ынкылабы башкалардан айырмалуу түрдө, куфр үчүн эң коркунучтуусу болду. Себеби, Батыш Тунисте, Мисирде, Ливияда жана Яманда ар түрдүү айла-амалдарды иштетип, бир малайынын ордуна башка бир малайын алып келүү менен козголоңду түпкү максатынан чалгытууга жетишти. Ал эми чыныгы Исламий ураандарды көтөрүп чыгууда бекем турган Сирияда алардын айла-амалдары натыйжа бербеди. Ал тургай, Мужахиддер мамлекеттин 85 пайызын ээлеп алышты. Асад режими болсо, мамлекеттин 15 пайыз бөлүгүндө камалып калды. Бул абал батышты тынчсыздандырышы табигый көрүнүш эле. Себеби Асад режими куласа, анын ордун Ислам ээлеши көрүнүп калган болчу. Мына ошондо Америка Эрдогандан пайдаланды. Исламий фигура катары таанылган Эрдоган “Ефрат калканы” “Зайтун бутагы” сыяктуу аскерий операциялар аркылуу Мужахиддердин көзөмөлүндөгү аймактар Асаддын колуна өтүшүнө жол ачты. Халабдын (Алеппо) душманга тапшырылышы, оппозициялык топтордун көзөмөлгө алынып, баскычма-баскыч артка чегинүүгө мажбурланышы жана акыры келип Идлибге камап коюлушу…, бул иштердин бардыгында Түркия өтө маанилүү ролду ойноду.
Түркия бийлигинин кыянаттары менен Мужахиддердин көзөмөлүндөгү аймактар Асад аскерлеринин колуна өткөн соң, режим аскерлери ирандык жалданма баш кесерлер менен биргеликте канчалаган кыргындарды ишке ашырды, бейкүнөө кандар төгүлүп, намыстар тебленди. Бул кыянаттардын жоопкерчилиги Аллахтын алдында канчалык оор экендигин элестетүүнүн өзү канчалык коркунучтуу.
Негизи, Хизб ут-Тахрир козголоң башталгандан бери Сириядагы мужахид топторду Араб мамлекеттери жана Түркия сыяктууу АКШнын планы боюнча аракет кылып жаткан мамлекеттер менен мамиле орнотуп, алардын тузагына түшүп калуудан бир нече жолу эскертип келди. А бирок өкүнүчтүүсү, алар калыс насаатка көңүл бурушпады. Мына эми ошол оппозиция өкүлдөрү Чавушоглунун билдирүүлөрүнө нааразы болуп акция өткөрүп жатышат. Бирок, бир кезде насаатты укпай, саясий максаттарда берилген акчалар, курал-жарактар жана башка жардамдарды алгандан кийин, бул акциялардын пайдасы болор бекен?!
Мына эми бүгүнкү күнгө келип Мужахид топтор бөлүнүп кеткени себептүү – Идлибде гана калган кичине топтордун кээ бир чабуулдарын эсепке албаганда – Асад режимине олуттуу коркунуч туудура турган оппозиция калбады. Ошондуктан, Мужахиддердин нааразылыгына карабастан, миллиондогон мусулмандарды кыргын кылган жана он миллиондогон адамды качкынга айланууга мажбурлаган Асад режимин бардыгы тааный турган өкмөткө айландыруу жөнүндө билдирүү берилип жатат. Бирок ошондой болсо да, куфр калкы кубанууга шашылбасын. Үммөттүн аң-сезиминде пайда болгон “Аллахтын Шариятына кайтуу” учкуну өчкөн жок, инша Аллах, мындан кийин да өчпөйт. Бул учкундун ар кандай убакта дагы кайрадан жалындап кетери анык.
Киямуддин Шариф