Кытай Мисирден карызынын акысына стратегиялык объектилерди сурап жатат

221
0

Кытай Мисирден карызынын акысына стратегиялык объектилерди сурап жатат

Кабар: Август айынын башында Мисир менен Кытайдын өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп, анда Мисирдин стратегиялык активдерин Кытайга сатып, ушул жол аркылуу карыздарды төлөө маселеси талкууланды.

Айтылышынча, Кытайга 8 миллиард доллардык карызды Мисирдин порттору менен аэропортторундагы стратегиялык активдерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Мисирдин делегациясы 10 миллиард доллардык башка активдерди да сунуштады.

 Быйыл Мисир карыз жана үстөк пайыздары үчүн миллиарддаган доллар төлөшү керек. Дүйнөлүк банк жарыялаган отчёт көрсөтүп тургандай, Мисирдин жалпы тышкы карызы март айынын аягында болуп көрбөгөндөй өсүп, болжол менен 158 миллиард долларга жеткен.

Отчётто келишинче, 2022-жылдын март айынан 2023-жылдын март айына чейин Мисир 33 миллиард доллардык тышкы карызды төлөшү керек. Бул Мисирдин бардык валюта запасына барабар, учурда Мисирдин валюта запасы 33,3 миллиард долларга бааланууда.

 Комментарий: Башка эл аралык каржылык уюмдардан айырмалуу түрдө Кытай берип жаткан карызы жана  алардын пайыздык ставкалары жөнүндөгү маалыматтарды ачыктабайт. Мындан тышкары, Кытай карыз алып жаткан мамлекетке ар түрдүү демократиялык рефомаларды өткөрүү, адам укуктарын камсыздоо сыяктуу шарттарды койбойт. О.э. кээ бир булактарда келишинче, Кытайдын инвестицияга тиешелүү келишиминде атайын бир берене бар болуп, ага ылайык, мамлекеттер Кытайдан алган карызынын эсебине эгемендүүлүгүнүн бир бөлүгүнөн баш тартышы керек, анын ичинде Кытай менен эл аралык сотто соттошуу укугунан да айрылышат. Мындан тышкары, Кытай берген карыздары накталай акча түрүндө кайтарылышына көп деле кызыкдар эмес, ал көбүнчө бересе мамлекеттердин стратегиялык маанилүү объект, жер жана кен-байлыктары акысына карызды “кечип жиберет”. Мисалы, кошуна Тажикстан Кытайдын “Эксимбанкынын” алган карызынын акысына кытайлык компанияларга эшигин ачып берди. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда Тажикстандагы алтын кендеринин жарымынан көбүрөөгү кытайлык компанияларга тиешелүү. Кытайлык компаниялар мындай кендердин 60 пайыз акциясына ээлик кылууда. Мындан тышкары, 2011-жылы Тажикстан тышкы карызынын маанилүү бөлүгүнөн кутулуу үчүн Тоолуу Бадахшандан кен-байлыктары мол 1158 кв. км жерди берген. Дагы бир мисал, тышкы карызынын акысына Кениянын Мамбос порту Кытайдын башкаруусуна өткөн. О.э. Шри-Ланка Хамбантота ири портунун 70 пайыз акциясын 99 жылга кытайлык компаниянын башкаруусуна өткөрүп берген.             

 Кыргызстан болсо 2003-жылы Кытайга 161 км² жерин, башкача айтканда, стратегиялык мааниге ээ Үзөңгү-Кууш капчыгайын берген. Мындан тышкары, быйыл июнь айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып: “2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50% ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт”, – деген эле. Бул жерде бөлөк бирөө дегени Кытай экендиги жашыруун сыр эмес.

Дүйнөдө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик түзүмдө сүткордук негизиндеги экономикалык мамилелер жакыр мамлекеттерди ого бетер жакырдантып, карыз баткагына батыруу негизине курулган. Бул түзүм жашап турган соң, экономикасы айыл-чарбасына негизделген “үчүнчү дүйнө” мамлекеттери эч качан эркин дем алышпайт. Эл аралык түзүм мындай мамлекеттердин карыздан толук кутулушуна, экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөржайын өнүктүрүшүнө эч качан жол беришпейт. Мындай мамлекеттер көптөгөн жылдар бою алынган карыздардын үстөк пайызын төлөөгө, алынган карыздын өзүн кайтарууга күчү жетпей калып, дагы кайрадан жаңы карыз алууга жана кекиртегине чейин карызга батып, акыры карыздарын жер жана кен-байлыктар түрүндө төлөөгө мажбур болушат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here