Таъзия

279
0

Таъзия

Кыргызстан мусулмандары дагы бир оор жоготууга учурагандыгына байланыштуу Хизбут-Тахрир – Кыргызстан өз калкына терең кайгы менен көңүл айтат. Аллах жолундагы тикенектерди аралап баратып, улуу устазыбыз Үсөнбай дамла 11-август түнү б.а. мубарак жуманын түнү Аллахтын алдына сафар алды. Устаздын толук аты-жөнү Суеркулов Хусанбай Ахмадалиевич, анын калк арасындагы ысымы Хусанбай дамла же Үсөнбай устаз.

Биз Рахман жана Рахийм Аллахтан Үсөнбай устаздын тарткан азаптарын күнөөлөрүнө каффарат кылышын, күнөөлөрүн магфират кылып, Өзүнүн кеңири жаннаттарынан орун беришин сурайбыз.

Суеркулов Хусанбай Ахмадалиевич бурадарыбыз 1964-жылы 9-январда Өзбекстан республикасына караштуу Наманган облусунун Янгикурган районунда төрөлгөн. Мектепте Кыргызстанда окуган. 8-класты аяктаган соң, 15 жаш курагында ыйман жана таквасынан келип чыгып, дин илимин үйрөнүү үчүн хижратка чыккан. ошондон тартып, билимин өркүндөтүп, хужрадан хужрага көчүп, Орто Азия дин уламаларынан илим алган жана ошол эле учурда шакирттерге билим берген. Устаздын дин жолундагы азаматтардан болушуна апасы Бурулкандын зор таасири болгон.

Белгилүү болгондой, 80-жылдары советтик бийлик жана атеисттик идеология чокусуна чыгып, Ислам динибизге карата СССРдин куугунтугу күч эле. Ошого карабастан, Хусанбай дамла илим алуусун токтотпой, улам алдыга талпына берди. 90-жылдары СССРураган соң, капиталисттик идеология алкагында, “диний ишенимдер эркиндиги” алкагында, өлкөбүзгө даьват алып баруу даабасы менен бир нече жамааттар кирип келди. Хусанбай устаз алардын ар бири менен таанышканга аракет кылып, алардын ичинен акыйкатка жакынын издеп жүрдү. Натыйжада, 1992-жылы устаз алардын арасынан Хизб ут-Тахрир исламий саясий партиясын, анын мабдаъий даьватын тандап алды.

Ошол күндөн тартып, устаз чыныгы даъватын баштады. Шакирттери менен биргеликте дүйнөлүк империалисттик куфр системасын саясий-фикрий күрөш аркылуу кулатып, ордуна Исламий жашоону кайра алып келүү аракетин жүргүздү. Муну менен дамла өлкөбүздөгү саабикуун-алдыңкылардан болуп калды жана бул нерсе кафирге малай бийликтер менен алардын кафир кожоюндарынын тынчын алды. Алар устаздын сары изине чөп салып куугунтуктай башташты. Качан дин душмандары дамланы камакка алышканга чейин, устаздын жашоосу жалаң хижрат менен өттү.

Акыры малайлар максатына жетип, устазды “экстремизмде” айыптап, 2012-жылы август айында кармап тынышты. 2013-жылы Кара-суу райондук соту беш жылдык камак жазасына кести. Камак жазасын өтөп жатканда, кайрадан иш козголуп, Таш-Көмүр шаардык соту 2014-жылы 19-майда 16 жылга эркиндиктен ажыратты. Жазаны катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди. Кайра Жалалабад облустук сотуна аппеляциялык арыз жазылып, жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга өзгөртүлдү. Ошону менен, устаз мына быйыл, 2022-жылы 20-майда эркиндикке чыккан эле.

Устаздын көзү өтсө да, анын артында көптөгөн шакирттери калды. Кафирлер жана алардын малайлары сүйүнбөй эле коюшсун, анткени, устаздын иши алда качан анын шакирттеринин шакирттерине б.а. “небере-чөбүрө” шакирттерине өтүп бүткөн жана алар аракетте, иншАллах.

Боордошубуздун артында жети перзенти калды. Биз алардын перзенттерине, тууган-уруктарына ж.б. жакындарына терең кайгыруу менен таъзия билдиребиз. Аларга сабру-жамил тилейбиз: Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин жана анын артынан сиздерди жакшылыктары менен сыйласын.

Албетте, ар бир мусулмандын, айрыкча, даъват аманатын көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон боордошубуздун каза болушу бизди терең кайгыга батырса да, биз  Аллахты ыраазы кыла турган сөздөн башкасын айтпайбыз:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”. [2:156]

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here