بسم الله الرحمن الرحيم
Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ато ибн Халил Абу Ар-Роштанын хижрий 1443-жылдагы, миладий 2022-жылдагы мубарак Курман айт майрамы менен куттуктоосу
Аллахка мактоолор болсун, Расулуллахка, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ага ээрчигендерге салават жана саламдар болсун!
Аллах Таала:
كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ
«(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер», – деп сый көрсөткөн, бүткүл элдердин эң жакшысы болгон Ислам Умматына…
Аллах Азза ва Жалла:
وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنْ الْمُسْلِمِينَ
«(Адамдарды) Алла(нын дини)не үгүттөп үндөгөн жана өзү да жакшы иштер кылып, «Шек-күмөнсүз мен мусулмандарданмын», деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар?» – деп кооз сифаттар менен мактаган, аруу жүрөк, таквалуу, Аллахтан эч кимди улуу койбогон, сөздүн жакшысын сүйлөгөн, амалдын салихин кылган даъватчыларга…
Менин фейсбук баракчамды күзөтүп, ага чынчылдык жана акыйкат менен мамиле кылган, андагы жакшылыктарга ашыккан зыяратчыларга…
Баарыңыздарды мубарак Курман айт майрамы менен куттуктаймын! Аллах Субханаху ва Тааладан ажылардын ажылыгын кабыл кылышын жана күнөөлөрүн кечиришин сурап каламын. Ошондой эле, бул жылы ажыга баруу насип болбой калгандарга келерки жылда ажылык кылуу насип болушун сурап каламын. Акыйкатта, Аллах салих пенделерине камкор!
Аллах Тааладан бул Курман айт мусулмандар үчүн жакшылык жана береке эшиктеринин ачкычы болушун, келерки жылдагы Курман айтты Рошид Халифалыктын байрагы – Лаа илааха илла Аллах, Мухаммад Расулуллах байрагы астында күтүп алуу насип болушун сурап каламын.
Соңунда, баарыңыздарга саламымды жолдоп, сиздерге Аллахтын жакшылыктарын сурап каламын. Аллах Таала таат-ибаадаттарыбызды кабыл кылсын! Салих амал кылуучулардын сыйлыгы кандай гана кооз!
Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатуху.
Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Ар-Рошта
Хизб ут-Тахрирдин амири
Хижрий 1443-жыл, 10-зуль хижжа
Миладий 2022-жыл, 9-июль