Хизб ут-тахрирдин борбордук маалымат бөлүмү

149
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Хизб ут-тахрирдин борбордук маалымат бөлүмү

Басма сөз баяныты:

Хизб ут-тахрирдин хижрий 1443-жылдагы мубаарак Курман айт майрамы менен куттуктоосу

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, лаа илааха илла Аллах, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар ва Лиллах ил-хамд!

Бисимиллахи рохмаани рохийм. Каардуу, Жаббар, Бийик, Улуу, азиздиктин жана үстөмдүктүн ачкычтары колунда болгон, кимге нусрат берсе ал сөзсүз жеңишке жеткен, бардык ишке кадыр, ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун. Исламга даъват кылган, Куранды алып келген, сахабаларды вахийдин негизинде бириктирген, мамлекетти тикелеген жана Ислам түзүмүн турмушка орнотуп кеткен, ааламдардын мырзасы Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана жалпы мусулмандарга салават жана саламдар болсун!

Ыйык Каабаны зыярат кылгандардын сагынычтан аккан көз жаштары менен нурланган жүздөрү, жүрөгү ынак момундардын жыпар жытуу шаттыгы жана бакыты менен толгон айт намазы окулуучу аянттар, кулпуруп учкан шайыр куштай бактылуу уул-кыздардын күлкүлөрү бул күнгө өзгөчө кооздук берип турат. Бул – мубарак Курман айт майрамы! Бул күндө мусулмандар байыр алган бардык жерлер бактылуулукка бөлөнүшү фарз! Курман айт майрымыңыздар куттуу болсун!

Хизб ут-Тахрир жалпы Ислам Умматына өзүнүн жалындуу куттуктоолорун жолдойт! Аллах Тааладан бул Умматка бактылуулук, туруктуулук жана бейпилдик беришин, ошондой эле, Өзүнүн берекесин нөшөрлөтүшүн сурап калабыз!

Учурдан пайдаланып, өзүмдүн – Хизб ут-Тахрир борбордук маалымат бөлүмү төрагасынын атынан жана анда кызмат кылган жалпы жаматтын атынан Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу ар-Роштаны куттуктап кетмекчимин. Аллах Тааладан амирибизге нусрат беришин, ошондой эле, бүтүндөй үммөткө нусратты жана жеңишти анын колу менен беришин сурап калабыз.

Быйылкы Курман айт майрамы Исламий Умматтын түрдүү чабуулдарга кабылып, анын акыркы байламтарыларына сокку урулуп жаткан учурунда кирип келди. Батыш мусулмандардын жерлерине жана ресурстарына ээлик кылуу үчүн ондогон жылдар бою аларга каршы туздөн-түз жана көшөгө артынан түрдүү согуштарды алып баргандан кийин, Америка жана анын шериктери бул өлкөлөрдөн аскерлерин алып чыгып кетишти. Алар өздөрү чыгып кетишкени менен, ордуларына мусулмандарды кыйратууну улантуу үчүн жүрөктөрү караңгылык жана кылмыш менен толгон малайларды калтырышты. Батыш мусулман өлкөлөрүндөгү коомдордун эшиктерин ачуу үчүн жана ага Батыш коомундагы илдеттерди алып кирүү үчүн «күч саясатын» колдонууга киришти.

Кафир колонизатор Батыш өлкөлөрүндө Куран каралаган байыркы коомдордун бузукулуктары жайылып, түрдүү коомдук илдеттер пайда болду. Бул илдеттерден арыла албаган Батыш коомдору бүгүнкү күндө өлүм жакасына кептелип турушат. Батышта Лут коомунда жайылган бачабаздык, Фиръаун ишке ашыргандай наристелерди өлтүрүү, Нух \дын коому набыт болгондон кийин жайылган кудайсыздык (атеизм) ж.б.у.с. иштердин жайылуусу себептүү алардын коомдору бузукулуктун баткагына батып калышты. «Гендердик теңчилик» деген бидъат, абийир-намыстын жоголуусу, себепсиз аборт, мыйзам чыгаруу Жаратуучуга гана таандык экендигине каршы чыгуу жана мыйзам чыгаруу укугун адамдын колуна тапшыруу, динсиздиктин жайылуусу, нигилизмдин күчөшү, жүрөк бейпилдигинин жоголуусу, баңгизаттарга болгон көз карандылыктын жайылуусу жана башка коомдук көйгөйлөр бизге көрүнүп турган, тез күндө жарыла турган мөөнөттү бомбанын бир чекеси гана.

Батыш бул бузукулуктардын кесепети кандай болорун көрүп-билип турат. Ошол себептен, Батыш өзүндөгү көйгөйлөрдү биздин өлкөлөргө дагы жайылтып, Орусия менен Кытайга каршы күрөштө жеңишке жеткенге чейин мусулмандарды алсыратып, алаксытып коюуну каалап жатат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Батыш бүтүндөй адамзатты учу чексиз караңгылык менен чулгап алуучу «кара тешикке (черная дыра)» айланып калды.

Оо мусулмандар!

Силер бүткүл адамзатты өзүңөр көтөрүп жүргөн жакшылыкка буйруп, алар чөгүп жаткан бузукулуктан жана жамандыктан кайтармайынча, Аллах Таала сифаттагандай, бүткүл адамзат үчүн чыгарылган эң мыкты Уммат боло албайсыңар! Силерди бул ишке Расулуллах Aдын сүннөтүнө жана рошид халифалардын жүргөн жолуна ээрчий турган, пайгамбарлык минхажындагы Рошид Халифалыкты орното турган адилеттүү өкүмдар гана баштай алат. Мына ошол Халифалык мамлекети орнотулган күндө биз мусулмандар түрдүү өлкөлөрдү фатх кылып, Аллахтын шариятын орнотуу үчүн жана бүткүл адамзатты өздөрү түзүп алган караңгылыктан Ислам нуруна алып чыгуу үчүн аттанабыз. Аллах Таала айткан:

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ 110,

«(эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер» (3:110)

الر كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنْ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَى صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ 1,

«Алиф, Лам. Ра. (эй Мухаммад, бул Куран) Биз сага адамдарды Жараткандын ызны-ыктыяры менен караңыгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп» (14:1)

Күч-кубат ээлеринен болгон ар бир мусулманга:

Бүгүнкү күндө мусулмандардын жетекчилери Аллахка, Анын Расулуна жана мусулмандарга кыянат кылышууда. Алардын түркөйлүгү жана төмөндүгү тууралуу укпаган кулак, көрбөгөн көз калбады. Оо нусрат ээлери, качанга чейин бул түркөйлөрдү колдомокчусуңар? Качанга чейин Расулуллах Aдын Умматынан жүз үйрүйсүңөр? Батыш өзгөрүү тегирменин токтотуу үчүн силерди калктын дөңгөлөгү астына ыргытарын өз көзүңөр менен көрдүңөр го? Ал эми мусулмандар болсо өздөрүнө нусрат бергендерди желкелерине көтөрүшүп, алардын атын нурлуу тамгалар менен жазып калтырышат. Оо күч ээлери, силер ким тарапта болмокчусуңар? Аллах Таала айткан:

مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعَاجِلَةَ عَجَّلْنَا لَهُ فِيهَا مَا نَشَاءُ لِمَنْ نُرِيدُ ثُمَّ جَعَلْنَا لَهُ جَهَنَّمَ ثُمَّ جَعَلْنَا لَهُ جَهَنَّمَ يَصْلَاهَا مَذْمُومًا مَدْحُورًا 18,

«Ким нак (дүйнөнү) көздөөчү болсо, Биз (ушул дүйнөдө алардан) Өзүбүз каалаган адамдар үчүн Өзүбүз каалаган нерсени нак кылып беребиз. Андан соң (Акыретте) ал үчүн өзү жамандалган жана куугунтукка дуушар болгон абалда кире турган тозокту жай кылып беребиз» (17:18)

Сөз соңунда, мусулмандарга бул майрамды Аллах жана Анын Расулу A ыраазы боло тургандай шаттык менен өткөрүүнү, ошондой эле, бул шаттыкты өз үйлөрүндө, айлана-чөйрөсүндө жана тууган-уруктары арасында жайылтууну эстетип калабыз. Сиздерге тез арада келүүчү азиздик күндөрүн сүйүнчүлөө менен бирге, сиздерди пайгамбарлык минхажындагы Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда Хизб ут-Тахрир менен биргеликте максаттуу жана жигердүү аракет кылууга чакырып калабыз.

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, лаа илааха илла Аллах, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар ва Лиллах ил-хамд.

Айтыңыздар маарек болсун!

Мухандис Салахуддин Аззаза

Хизб ут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

Хижрий 1443-жыл, 10-зуль хижжа

Миладий 2022-жыл, 7-июль

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here