Бисмиллахир рохманир рохиим
Хижрий 1426-жыл, Рамазан айы, миладий 2005-жылдын октябрь айында «ал-Ваъй» журналында «Эки жамандыктын жеңилирээги коидасы» жөнүндө макала жарык көргөн. Төмөндө ошол макаланын этибарга ылайыктуу бир бөлүмүн сунуштайбыз.
«Эки жамандыктын жеңилирээги» коидасы
Шаръий коида – бул шаръий насс эмес, шаръий өкүм. Шаръий коиданын шаръий насс эместиги ушунда дейсиң, мындай шаръий коидалардын нассы(тексти) инсандын иши болуп эсептелет. Бул коидаларды факих же мужтахид адам бир калыпка салып, калыптандырат. Шаръий насс дегенде болсо, жалаң гана Куръан жана Сүннөт насстары этибарга алынат. Бирок, ушул коидага “шаръий коида” деген наам берилиши өтө терең ойлонулган маселе болуп эсептелет. Себеби, ал вакиъде өкүм экендигине кошумча, коида дагы болуп эсептелет. Т.а. ал умумий шаръий коида, куллий шаръий коида, деп умум жана кулл менен сыпатталат. Анткени, ал ъамма лафзине ылайык аябай көптөгөн жеке адамдарга да туура келет же иллетке ылайык өтө көптөгөн жузъияттарга да туура келет. Ушуга ылайык, эгер коидада же анын колдонулушунда ихтилаф келип чыкса, албетте анын булактарына т.а. ушул коида истинбат кылынган шаръий насстарга кайрылуу важиб болот. Натыйжада шаръий насстар коиданын маанисин, анын колдонулуу аймагын, колдонула турган орундарын баяндап берет. Истисна абалдарын, тахсис-хос абалдарын ачыктап берет.
Жогоруда айтылган ушул коида өзүнүн түрдүү насстары менен – аны колдогон уламалардын назарында – бир гана маанини түшүндүрөт. Ал да болсо, эки арам иштин арамдыгы жеңилирээк болгонун кылуунун жаиздиги. Ушул коида бул мааниге мутлак эмес, балким ал ушундай орундарда мукайяд, эгер мукаллаф эки арамдын бирин кылууга мажбур болсо, анын эки арамды тең таштоо мүмкүнчүлүгү болбосо, мындай абалда ал үзүрлүү болуп эсептелет, мындай иш анын такаатынан тышкарыда болот. Же ал ушундай абалга түшүп калат дейсиң, ал эки арам иштин кайсы бирин кылбашы мүмкүн, бирок аны кылса, эки арамга тең түшүп калат же алардын экөөнөн тең оорураак арам болгон ишке дуушар болот. Мына булар ушул коиданы иштетүү шарттары жана анын чек ара-тартиптери болуп эсептелет. Ушул коиданы иштетүүнүн дагы башка тартиптери да бар болуп, ал тартиптер маселелердин же абалдардын ар түрдүүлүгүнө карай ар түрдүү болот. Ушул маселелерде факих ар бир маселени өз-өзүнчө белгилеп берет.
Ушул коиданын өзөгүнө келсек, белгилүү болгондой, динде арам ташталышы жана важиб өтөлүшү керек. Эгер арам иштер аябай көп болсо да, экөөбү, онбу, жүзбү, алардын бардыгы ташталышы важиб. Эгер важибаттар аябай көп болсо да, алардын бардыгын аткаруу важиб болот. Макрух жана мандубдарда да кудум ушундай. Айырмасы, макрух канча көп болсо да ал макрух бойдон калат. Ал эч качан арамга айланбайт. Мандуб болсо, мустахаб бойдон калат. Ал эч качан важибге айланбайт.
Уламалар качан гана эки жамандыкты биргеликте жоготуу мүмкүнчүлүгү болбогондо же эки жамандыкты жоготуу андан да оорураак жамандыкка алып бара турган орундарда эки арамдын, экөө тең арам болсо да, жеңилирээгин кылууну жаиз дешет. Же шаръан макрух болушуна карабастан эки макрухтун жеңилирээгине барууну абзел дешет. Башкача айтканда, эки жамандыктын, эки бузукулуктун, эки зыяндын жеңилирээгин кылуу мүмкүн деп айтышат. Жеңилирээк жамандыкты кылып, чоң бир жамандыктын алдын алууга уруксат беришкен. Аллах Таала айтат:
فَاتَّقُوا اللَّهَ مَا اسْتَطَعْتُمْ
«Ошондуктан, күчүңөр жеткенче Аллахтан корккула». [64:16]
لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا
«Аллах эч бир жанды мүмкүнчүлүгү жетпеген нерсеге буюрбайт». [2:286]
Ушул насстардан жогорудагы коиданын мааниси жана аны колдонуу көрүнүшү белгилүү болот. Ушуга ылайык, дагы айтылат, эгер эки важибди аткаруу үзүрлүү болуп калганда важибдиги азыраагын таштап, важибдиги көбүрөөк болгону аткарылат. Кичине пайданы таштоо менен чоң пайдага жетишүү мүмкүн. Ушуну эстен чыгарбаш керек, кеңеш-пайда, мафсадат-жамандык деген сөздөр бул орунда көңүл-каалоого карап, нафстин каалоосуна карап пайда же зыян маанисинде колдонулбайт.
Балким, бул сөздүн мааниси шарият талап кылган же кайтарган нерсе негизинде колдонулат. Имам Газзали айтат: “Ал эми кеңеш-пайда болсо, ал түпкүлүгүндө пайда табуу же зыянды жоготуудан турат. Биз ушундай деп ойлойбуз. Себеби, пайда табуу жана зыянды жок кылуу элдин максаттарынан. Элдин салахияты – өз максаттарына жетүүсү”. Бирок биз кеңеш дегенде шарият максаттарын коргоону түшүнөбүз. Элдеги шарияттын максаттары бешөө. Алар:
1- диндерин,
2-жандарын,
3-акылдарын
4-насилдерин
5-малдарын коргоо”.
Жогоруда айтылгандарга ылайык, ушул коиданы жогорудагы абалдардан башка орундарда, кайтарылган иштерди кылууга фатва берүү үчүн иштетүү – Аллах түшүргөн нерседен башкасы менен фатва берүү болуп эсептелет. Ишенимдүү уламалардын бири да мындай кылган эмес. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:
من أفتى بغير علم، لعنته ملائكة السماء و الأرض
«Кимде-ким илимсиз фатва берген болсо, аны асман жана жер периштелери наалаттайт». Суютий «Ал-Жамеъ ас-Сагирде» чыгарган жана хасан хадис деген.
Ушуга ылайык, «Эгер ал илманий кафир, фасык болсо да баланчаны шайлагыла, баланчаны колдогула, башкасын колдобогула. Себеби, ал жардам берет, калгандарынын бизге пайдасы жок», – деген жана ушуга окшогон сөздөр – мейли айтып жаткан адам шайх болсо да, аалым же карапайым адам болсо да – шаръан четке кагылган сөздөр болуп эсептелет. Мындай иштерде ушул коидага таянуу жаиз эмес. Мындай жерде айтылуучу сөз төмөнкүдөй, каршыбызда турган эки иштин экөө тең арам. Ошондуктан, илманийди (демократты) шайлоо да, өкүл кылуу да, пикир билдирүүдө мусулмандардан наиб кылуу да жаиз эмес. Себеби, ал Исламга амал кылбайт. Мындай өкүл кылуу жаиз болбогон арам иштерди кылат. Арам мыйзамдарды чыгаруу, арам мыйзамдарды колдоо, арамдарды талап кылуу, аларды кабыл алуу жана ушул арамдар негизинде жүрүү сыяктуу иштерди аткарат. Жөнөкөй кылып айтканда, ал маъруфтан кайтарат, мункарга буюрат. Ошондуктан , эки илманийди тең – кафир болсо да, фасык болсо да – шайлоо жаиз эмес. Себеби, анысын да, мунусун да шайлоо арам. Алардын экөөнү тең шайлабай коюу адамдын такаатындагы иш. Мисалы: «Эгер баланчаны шайлабасак, анын шайлоодо утуп чыгышына жардамдашпасак, башкалар андан да зыяны көбүрөөк адамды шайлап алышат», – деп айтууга болбойт. «Эгер кумаркана-казинолорду өзүбүз ачып, алардын пайдасын да өзүбүз көрбөсөк, албетте аларды башкалар ачат да, пайдасын да алар көрүшөт», – деп айтуу жаиз эмес. Бул орунда кармана турган жападан-жалгыз жол эки арамды тең таштоо жана башкаларды да мындай нерселерди таштоого чакыруу. Эгер башкалар да бул маъруф ишти кылышса, албетте алар үчүн да жакшы болот. Эгер кылышпаса, акыбети жаман болушун уктуруш керек болот. Аллах Таала айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا عَلَيْكُمْ أَنفُسَكُمْ ۖ لَا يَضُرُّكُم مَّن ضَلَّ إِذَا اهْتَدَيْتُمْ ۚ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ
«Эй момундар, өзүңөрдү абайлагыла! (Т.а. күнөөлөрдөн сактангыла!) Эгер Туура Жолду эле жолдосоңор, адашкан адамдар силерге зыян жеткире алышпайт. Баарыңар тең Аллахка кайтышыңар бар. Дал ошондо Аллах силерге кылып өткөн иштериңердин кабарын берет». [5:105]
Термизий чыгарган, аны Нисаий, Ибн Мажжа сахих деген Кайс ибн Хозимден риваят кылынган хадисте айтылат. Кайс айтат:
«Абу Бакр турду жана Аллахка хамду-сано айткан соң: “Эй инсандар! Силер мына бул «Эй момундар өзүңөрдү абайлагыла!…» аятын окуйсуңар го, бирок бул аятты өз ордуна койбойсуңар. Мен Расулуллах с.а.в.дан мына бул сөздөрдү укканмын:
«Эгер адамдар бирер мункарды көрүшсө жана аны өзгөртүшпөсө, Аллах алардын баарына умумий азап жибериши мүмкүн».
Термизий чыгарган жана ал Ибн Мажжа, Абу Умайя ас-Саъсонийдан сахих кылган риваятта айтылат. Абу Умайя айтат:
«Мен Абу Саълаб ал-Хушайниге келип, бул аятты кандай түшүнөсүз, – дедим. Ал кайсы аятты, – деди. Мен: «Эй момундар! Өзүңөрдү абайлагыла!…», аятын дедим. Ошондо ал: Мен бу жөнүндө эң билүүчү заттан сураганмын. Расулуллах с.а.в.дан сураганмын. Ал зат: «Маъруфка ээрчиди, мункардан кайтты. Ал тургай сен эгер бирер итаат кылынган хасисти, ээрчиле турган хаваи-нафсти, таасир кыла турган дүйнөнү жана хар бир райъ ээсинин өз раъйы менен сыймыктанышын көрсөң, сен жеке өз нафсиңе ээ бол. Алгач калк кой. Себеби, сенин артыңдан ушундай күндөр келет дейсиң, ал күндөрдө сабыр кылуу чокту кармоо менен барабар болот. Мына ошол күндөрдөгү амал кылуучу үчүн силердин кылган амалдарыңарды кылып жаткан 50 адамдын ажыр-сыйылыгы берилет». Дагы бир текстте келет: «Я Расулуллах с.а.в. бизден 50 адамбы же өздөрүнөнбү деп суралганда, Расулуллах с.а.в. «Силерден 50 кишинин ажыры бир адамга берилет, деген»
Ушул насстардан белгилүү болгондой, эки арам тең ташталат. Адамдарды да арамды таштоого буюруш керек. Бул жерде «Эки жамандыктын бири», – деген коида колдонулбайт.
Ушул орунда айрым «шайхтар» тарабынан ката сөздөрдү угуп калабыз. Бул өтө күлкүлүү. Т.а. эгер сиз эки иш арасында калып, же арам ишти кылышыңыз керек, же эч нерсе кылбашыңыз керек. Үчүнчү жол жок. Т.а. бул орунда эч кандай жакшы иш кыла албайсыз. Абал ушундай болгон соң, «Биз эч бир нерсе кылбай унчукпай отурабыз» деп айтышат. Бул сөздүн жообу да, мындай абалга түшкөн адамга да бериле турган жооп да ушул, сиз унчукпай отуруңуз. Адамдарга акмакчылык фатваңыз менен зыян жеткирбеңиз. Динди бузуудан тилиңизди тыйыңыз. Расулуллах с.а.в.айткан:
«Ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, ал жакшылыкты гана сүйлөсүн. Же унчукпасын». Эки шайх риваят кылган.
Негизи отуруп албастан, туруп, маъруфка буюруу жана мункардан кайтаруу жана шайланууга акылуу болгон талапкерди пайда кылууга аракет кылуу керек. Себеби, Ислам менен гана өкүм жүргүзүшүңүз, Ислам менен гана башкарылышыңыз жана Исламга гана өкүм сурап кайрылышыңыз важиб. Демек ушундай болгон соң, Үммөттүн шаанисин көтөрүүгө туруңуз, аракет кылыңыз!
إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ
«Аныгында бир коум өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт». [13:11]
Бул жана буга окшогон орундарга бул коида түшпөйт. Бул коиданы ушундай орундарга ылайыкташтырмакчы болуп жаткандарга Аллахтын төмөнкү аяты туура келет:
فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰ أَن تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ ۚ فَعَسَى اللَّهُ أَن يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِّنْ عِندِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا أَسَرُّوا فِي أَنفُسِهِمْ نَادِمِينَ
«Демек, силер дилдеринде мараз-ооруусу болгон кимселердин бизге бирээр балээ жетишинен коркобуз, деген абалдарында алар (кафирлер) тарапка шашып жатышканын көрөсүңөр. Кана эми Аллах мусулмандарга жеңиш берсе же өз алдынан (бул мунафык кимселерди шерменде кыла турган) бирээр ишти келтирип, алар ичинде жашырынган нерселерине өкүнүп калуучуларга айланып калышса». [5:52]
Тиги ката кетирүүчүлөр ушул коиданы жабыштырмакчы болуп жаткан нерсенин мисалы кудум ушуга окшойт, мукаллафка (ишканада) эки түрдүү тамак келтирилет. Алардын бири өлүмтүк этинен, экинчиси доңуздун этинен даярдалган болот. Алардын ушул коиданы түшүнүшү боюнча, мукаллаф бул эки тамактын кайсы бири жеңилирээк арам деп изденет да, (токойдо адашып калып, ачкалыктан өлүп калып жаткан адамдай) арамы жеңилирээк болгонун жейт. Негизи болсо, бул эки тамак тең арам болуп, мукаллаф алардан тыйылышы керек. Аллах адал кылган башка тамакты издеши же сабыр кылышы керек болот.
Ал эми ушул коиданын түпкү маңызын түшүнгөн уламалардын бул коиданы кандай колдонгонуна айрым мисалдар менен токтолуп өтөбүз:
1-Эгер адам өлүп калуу деңгээлине жете турган изтирор-мажбурдук чегине жетип калса, ошол маалда, эгер ал эки арамды, же ачкалыктан өлүшү же арам тамакты жеши керек. Ошондо алардын арамдыгы жеңилирээгин кылат. Эгер адалды таап алса, арамды таштайт.
Негизи бул коидалар түшүнүксүз, чиелешкен коидалар эмес. бардык балээ жахилдик, үмүтсүздүк жана динге этибар суз болуп жатканында. Төмөндө дагы да түшүнүктүүрөөк болушу үчүн ушул коиданы колдонуу жөнүндө 2 мисал келтиребиз. Окурман иштин маңызын түшүнүп жетип, дили кадыржамдык табышы үчүн айрым имамдардын сөздөрүнөн да мисалдарды келтиребиз.
1 – Эгер эненин төрөө жараяны оор болуп, энени да, баланы да сактап калуу мүмкүнчүлүгү болбосо, абал же энени, же баланы сактап калуу жаатында тезирээк бир чечим кабыл алууну талап кылса, мындай абалда иш тек таштап коюлса, алардын бирин сактап калуу үчүн экинчиси өлүшүнө жол берилбесе, бул эки жандын өлүмүнө алып барат. «Эки арамдын жеңилирээги», «Эки арамдын арамдыгы азыраагы», «Эки жамандыктын жеңилирээги» – деген коидалар кудум ушундай абалда колдонулат. Ушул коида ишке салынып, мейли бул иш бөбөк мисалында бир жанды өлтүрүү болсо да, сактап калынышы талап кылынган башка жанды – энени сактап калыш керек болот.
2 – Бир адам чөгүп өлгөнү жатат, же башка бир адам тарабынан өлтүрүлгөнү жатат, же ага оор жараат жеткирилмекчи, же бир аялдын намысы зына менен тебеленмекчи болуп жатат. Бул мункарлардын, аянычтуу жана жийиркеничтүү иштердин бардыгы буларды кайтарууга күчү жете турган бир мукаллафтын көз алдында болуп жатат. Ушул жагымсыз окуяларга күбө болуп турган мукаллафтын болсо намазы каза болуп жатат. Ко-ош, мындай абалда мукаллаф эмне кылат? Эгер арамды кайтарууга киришип кетсе, намазы каза болот, эгер намазын өз убагында окуймун десе, жогорудагы арам иштер болот. Экөөнү тең кылууга убакыт жок. Мына ушул жерде коида ишке түшөт. Бул жердеги таразаны шарият белгилейт. Т.а. шарият жогорудагы арамдарды жоготууну жогорудагы важибди өтөөгө караганда маанилүүрөөк деп эсептейт. Эгер эки важибди тең өтөөгө мүмкүнчүлүгү болсо – важибирээгин аткарабыз да, важибдиги азыраагын аткарбай коё беребиз деп айтылбайт – албетте экөөнү (мазлумга жардам берүүнү да, намазды өз убагында окууну) да аткарышы важиб болот.
Азыр эле айтып өткөнүбүздөй, өкүмдөр арасындагы таразаны шарият белгилейт. Бул жаатта фикх аалымдарынын «Кыяс», «Мушабаха», «Такдир», «Мукорана», деген коидалары бар. Бул жерде, аталган коидаларга токтолуп өтүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Болгону, айрым этибарга ылайыктуу болгон чекиттерине ишара кылып өтөбүз. Аларды кеңири үйрөнмөкчү болгондор фикхке кайрылса болот. Булактарды үйрөнүү канчалык машакаттуу болсо, пайда болгон илимдин ырахаты да ушунчалык таттуу болот.
Демек, эки жанды сактап калуу бир жанды сактап калуудан абзел. Үч жанды сактап калуу болсо, эки жанды сактап калуудан абзел ж.б.у.с… Жанды сактап калуу малды сактап калуудан абзел. Дарул-Исламды сактап калуу динди сактап калууга кирет. Бул болсо, жанды да, малды да сактап калуудан абзел. О.э. динди сактап калууга кире турган жихад жана эң чоң имамат-халифалык – зарылдыктардын эң алгачкысы, эң абзели болуп эсептелет.
Зынага мажбурлоо менен адам өлтүрүү ортосундагы таразада ихтилаф бар. Шатибий «Ал-Мувафакот» китебинде айтат: «Албетте жандар ихтиром кылынган, сакталган жана алардын ихясы (тирүү калуу) ушунчалык деңгээлде талап кылынган дейсиң, эгер иш жандын ихясы жана ал үчүн малдын зыяны ортосунда жана малды сактап калуу ортосунда тандоо деңгээлине жетип барган болсо, албетте жанды сактап калуу абзел.
Эгер жандын тирүү калышы динди өлтүрүүгө алып бара турган болсо, албетте, жанды өлтүрүп болсо да, динди сактап калуу абзел болот. Кафирлерге каршы жихад кылуу, муртадды өлтүрүү сыяктуу мисалдар пикирибизге далил болот. О.э. эгер бир жандын ихясы өтө көп жандарды курман кылууга алып барса да, албетте ошол көптөгөн жандар акысына бир жан ихя кылынат.
Муфаккир Муслим