بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
«Мамлекеттик дин – Ислам» деп жазуу керекпи же «Исламий акыйда –мамлекеттин негизи» деп белгилөө керекпи?!
Устаз Мухаммад Салих
Мамлекет – түшүнүктөр, өлчөөлөр жана ишенимдер жыйындысынын аткаруучу органы. Башкача айтканда, мамлекет – коомдун адамдар иштерин камкордук кылуу жөнүндөгү сакафаты болуп, ал колдоно турган түзүмдөр коомдун көз карашын айгинелеши керек. Мамлекеттин өздүгү болбойт же мамлекет бейтарап деген сөз турмушта табылбаган жалган сөз.
Хизб-ут-Тахрир даярдап, мусулмандарга сунуштаган Халифалык мамлекетинин дастур долбоорундагы 1-берененин маанилүүлүгү да мына ушунда. Беренеде мындай делет: «Ислам акыйдасы – мамлекеттин негизи. Т.а. анын курамында, жихазында, эсеп-китеп кылынышы же ага тиешелүү бардык иштерде бирер нерсенин жүзөгө келиши үчүн бир гана Ислам акыйдасы негиз кылынат. Ошол эле учурда, Ислам акыйдасы конституция (дустур) жана шаръий мыйзамдардын (конун) негизи болот т.а. бул экөөнүн ар бирине тиешелүү бирер нерсенин пайда болушуна Ислам акыйдасынан келип чыкса гана уруксат берилет».
Бул берене экинчи рошид Халифалык мамлекетине пайдубал боло турган негизди баян кылды, ал да болсо, Ислам акыйдасы. Демек, мамлекет колдоно турган ар бир нерсе Ислам акыйдасынан келип чыккан болот же анын үстүнө курулган болот. О.э. бул берене Халифалык мамлекети жерге, текке, географияга, улутчулдукка же мекенчилдикке негизделишинен кайтарат. Демек, жарандары түрдүү түстө, түрдүү улут жана тилде болушуна, вилаяттары алыста жайгашканына карабастан, Ислам Умматынын чыныгы мамлекети ушундай болот. Ислам мамлекети жарандары арасында кайрымусулмандардын болушу о.э. мамлекет алардын да иштерине камкордук кылып, аларга Ислам түзүмүн колдонушу жана өз дини боюнча ибадат кылышына жол бериши мүмкүн. Аллах Таала айтат:
﴿لاَ إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ قَدْ تَبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ فَمَنْ يَكْفُرْ بِالطَّاغُوتِ وَيُؤْمِنْ بِاللَّهِ فَقَدِ اسْتَمْسَكَ بِالْعُرْوَةِ الْوُثْقَى لاَ انْفِصَامَ لَهَا وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ﴾
«Динге зордоп (киргизүү) жок. (Анткени) туура жол адашуудан ажырап болду. Демек, ким шайтандан жүз үйрүп, Аллахка ыйман келтирсе, эч ажырап кетпей турган бекем тутканы кармаган болот. Аллах угуучу, билүүчү» [2:256]
Эмнеге бүгүнкү исламий өлкөлөрдөгү мамлекеттердин конституцияларында жазылгандай жогорудагы беренеде «Мамлекеттик дин – Ислам» деп белгиленбеди?! Мунун жообу ушул: «Мамлекеттик дин – Ислам» деген нерсе динди турмуштан жана мамлекеттен бөлүү максатында айтылган кооптуу термин. Ошондуктан, мусулман өлкөлөрүндө өкүм сүрүп жаткан илманий мамлекеттердин конституциясына ушул аталыш жазылган. Бул аталыш Исламды колдонууга болгон ар кандай аракет сокку берет, мисалы, Мухаммад Мурсий – Аллах күнөөлөрүн кечирсин – бийлигине сокку бергендей.
«Мамлекеттик дин – Ислам» деген сөз мамлекеттин динге байланыштуу айт жана ырасымдары Исламдан алынат, бирок – Батыш түшүнүгүнө ылайык – динге байланышы болбогон майрамдар, ырасымдар жана жеке абалдар Исламдан алынбайт дегенди түшүндүрөт. Бул, Батыш акыйдасы болгон динди жашоодон бөлүү акыйдасынан келип чыккан. Бүгүнкү күндө конституциясында «Мамлекеттик дин – Ислам» деп жазылган ар бир мамлекет сотто каралган чыр-чатактар, экономика, таалим, тышкы саясат жана башкаруу мыйзамдарын Ислам өкүмдөрүнө ылайык колдонбойт.
Ислам мамлекетине келсек, бул мамлекетте Исламды толук колдонууда ыктыяр берилбеген, ар бир өкүм Ислам акыйдасынан алынышы шарт кылынган. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْراً أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ﴾
«Аллах жана Расулу бир ишти буюрган убакта бирер мумин жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн коюп) өз иштеринде ыктыяр кылышы жайиз эмес» [33:36]
Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июн.