Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы «Мустакбал Ислах ва Танмия» кыймылы менен жолугушту

127
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы «Мустакбал Ислах ва Танмия» кыймылы менен жолугушту

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Хизбдин өлкөдөгү саясий күчтөр менен жолугушууларды өткөрүү иш-чарасынын алкагында 2022-жылы 8-июнь күнү «Мустакбал Ислах ва Танмия» кыймылынын жетекчилиги менен жолугушту. Делегацияны Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Насир Риза жетектеди, аны комитеттин координатору устаз Абдуллах Хусейн жана комитет мүчөсү устаз Абдулкадир Абдуррахман коштоп барышты. Делегацияны «Мустакбал Ислах ва Танмия» кыймылынын саясий катчысы доктор Нажий Мустафа, аткаруучу жетекчиси устаз Мухаммадхамдан Абу Анжа жана Хартум вилаяты боюнча башкы катчысы устаз Мусъаб Мухаммадусман күтүп алышты.

Доктор Нажий “Реформа жана Өнүгүү” кыймылынын түзүлүшү, мунун себеп жана шарттары жөнүндө сүйлөдү.

Өз кезегинде, устаз Насир Риза Хизб-ут-Тахрир жана анын Умматты ойготуудагы аракети менен тааныштырып, ушуларды баса белгиледи: «Хизб өз аракетин абдан-мыкты үйрөнгөндөн кийин баштаган, Уммат, алардын катарында Судан калкы башынан өткөргөн проблема Исламдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулбай жатат деген тыянакка келген. Өлкөдөгү кризиске башкаруу, экономика, социалдык жана башка тармактарда Батыштын капиталисттик түзүмү колдонулуп жатканы себеп. Бул түзүм бүткүл Судан калкы башынан өткөрүп жаткан мына ушундай аянычтуу абалга алып келди.

Бул абал БУУ, Африка Союзу жана IGAD сыяктуу куфр уюмдары кирип келип, өлкө иштерине аралашышына о.э. өлкө башынан өткөрүп жаткан кризис жана проблемаларды дагы да тереңдете турган чечимдерди сунуш кылууларына себеп болду.

Жолугушуунун аягында Хизб делегациясы менен кыймылдын өкүлдөрү саясий майданда көтөрүлгөн маселелерди тунук түшүнүп жетүү максатында дагы да көбүрөөк жолугушууларды өткөрүү керектигин баса белгилешти.

 

Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here