UNITAMS миссиясынын дагы бир жылга узартылышы – колонизатор мамлекеттердин Судандагы өкүмдарлыгы

151
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

UNITAMS миссиясынын дагы бир жылга узартылышы колонизатор мамлекеттердин Судандагы өкүмдарлыгы

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) мындай дейт: «Коопсуздук Кеңеши «UNITAMS» миссиясын узартканы колонизатор мамлекеттердин Судандагы ачыктан-ачык өкүмдарлыгы дагы бир жылга созулганын, бул өкүмдарлык региондогу малайлар аркылуу колдоп-кубатталып жатканын жана мындан эл аралык колонизаторлуктун эки малайы ортосундагы кагылышууну жоюу көздөлгөнүн түшүндүрөт. Бул эки малайдын бири жаңы колонизатор Америка тарабынан колдоп-кубатталган аскерий башкаруу болсо, экинчиси эски колонизатор Британия менен алака кылган жарандык башкаруу». Ибрахим Усман (Абу Халил) Халифалык мамлекети дастуру долбоорунан үзүндө келтирип, бул миссиянын узартылышы жөнүндө ушуларды баса белгиледи: «Биринчиден: Ислам кафирлерди момундарга өкүмдар кылууну харам кылды. Экинчиден: мамлекет Ислам негизинде түзүлбөгөн же Ислам өкүмдөрүнөн башка нерселерди колдонгон уюмдарга мүчө болушу жаиз эмес. Ал эми, бул уюмдар капиталисттик илманий негизге курулган. Анын үстүнө, бул уюмдар ири мамлекеттердин, өзгөчө Американын колундагы курал болуп эсептелет. Үчүнчүдөн: ар кандай адам же жамаат кандайдыр бир чет мамлекет менен алака кылышы бүтүндөй жаиз эмес».

Билдирүүнүн акырында устаз мындай деди: «Колонизатор кафир исламий өлкөлөрдө тургузган бул улуттук мамлекетчелер о.э. малай чөйрөлөр Умматты эч качан өнүктүрбөйт. Умматтын өнүгүшү кафирлерди өлкөдөн кууп чыгарып, таасирин жок кыла турган, адилеттик орното турган жана Уммат иштерин ааламдар Роббисинин өкүмдөрү менен башкара турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде жүзөгө келет».

 

Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here