АКШда 46 мигранттын сөөгү табылды

332
5

АКШда 46 мигранттын сөөгү табылды

АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынын четинде жолдун боюна калтырылган фурада 46 мигранттын сөөгү табылды. Расмий өкүлдөр муну адам аткезчилигине байланышкан эң чоң трагедия деп сыпатташты. Дагы 16 киши ооруканага жеткирилди. Алар узак убакыт ысыкта кармалып, суусуздуктан улам курман болушкан. Полиция окуяга кылмышка шектүү үч адам кармалганын билдирди.

Ал эми, Испания полициясы Марокко бийлиги менен бирге жасаган операциясында 37 качкын окко учту. Алар чек арадагы 2000дей адамга ок жаадырышкан. Жараат алгандардын саны белгисиз. Өлкөнүн өкмөт башчысы бул окуяны алкыштаган билдирүү жасады.

Адам укугу, эркиндиги тууралуу ооз көптүрүп сүйлөгөн Батыш дүйнөсү эч бир экиленбестен качкындардын канын төгүүдө атаандашууда. Чек арадан өткөндөрү болсо Америкадагыдай жолдо өлүп кетүүдө же айбандан төмөн мамиледе жашоого мажбур.

Батыштын либерал маданияты ондогон жылдардан бери гуманизм жана адам укуктары деген нерсени маска кылып келген. Бирок, учурда ал жарылып-бөлүнүп, анын ахлаксыздыгы жана текчилдиги баарына ачыкталып калды. Албетте, каапырлар мунун баарын кылууга Халифалык мамлекетинин жоктугунан улам батынууда. Халифалык мамлекети капиталисттик түзүмдөн айырмаланып, өз жарандарынын эле эмес башка адамардын да урматын өз ордуна коюп келген. Эгер кайсы бир мамлекет адилетсиздик менен адамдын жанын кыйып жаткан болсо бул иштен кайтарып, сабак берген. Аллахтын уруксаты менен тикелене турган бул мамлекет келечекте да бул милдетин аткарат жана дүйнөгө адилеттигин жаят!

Мумтаз Маверанахрий

5 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here