Тарыйкатта натыйжага жетүү үчүн пикирлөө шарт.(2).

35
0

Бисмиллахир рохманир рохиим

Тарыйкатта натыйжага жетүү үчүн пикирлөө шарт.(2).

Ислам бардык проблемага чечим берген, ыймандын талабы – ар кандай ишти шарият негизинде кылуу. Ал үчүн вакиъни үйрөнүшүбүз керек. Азыркы вакиъде Ислам түзүмү колдонулуп жаткан бир да өлкө жоктугу, дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө Аллах Таала түшүрбөгөн, адамдардын көңүл-каалоосунан чыккан түзүмдөр зулумунан бүтүндөй адамзат эзилип жатканы баарыбызга белгилүү. Ислам мындай вакиъге карата кандай чечим берген?

 Абдуллах ибн Умар р.а. риваят кылат:

وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр”. (Муслим риваяты). Т.а. Ислам түзүмү көлөкөсүндө жашабаган же ушул түзүмдү турмушка кайтарууга аракет кылбаган адамдар күнөөкөр болушат.

Пикирлөө ушундан башталат т.а. вакиъни үйрөнүп, билип алдык. Эми ага Исламдын чечими керек, өзүбүзгө макул болгон ишке киришип кетишибиз Ислам эмес, демократия болуп калат. Аллах Таала айтат:

لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِّمَن كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا

(эй момундар), силер үчүн – Аллах жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон, ошондой эле Аллахты көп жат кылган кишилер үчүн Аллахтын пайгамбарында (ыйман – ишеними жана кулк мүнөзүндө) көркөм өрнөк бар.[33:21]

Расулуллах с.а.в. пайгамбар болгон алгачкы доордо да Аллах Таала түшүргөн түзүм колдонулбайт эле. Падышалык, императордук сыяктуу куфр түзүмдөрү өкүмдарлыгында жабыр-зулум, ширк-куфр жана бузукулуктар чокусуна чыккан эле. Ошондо Расулуллах с.а.в. аларга Аллах ыраазы боло турган, бул дүйнөдө баарын жабыр-зулум, ширк-куфрдан куткара турган, акыретте болсо нажат табууга алып бара турган түзүм-Исламды жакшы түшүнүп, элге жеткирүүгө кудуреттүү болгон жамаатын даярдоодон баштады. Биздин да ушул жамаатты т.а. Аллах ыраазы боло турган, бул дүйнөдө жабыр-зулум, ширк-куфрдан куткара турган, акыретте болсо нажат табышыбызга алып бара турган түзүмдү т.а. Исламды жакшы түшүнүп, элге жеткирүүгө кудуреттүү болгон жамаат-хизбди даярдашыбыз биринчи кадам болуп эсептелет. Ушундай жамаат барбы?! Т.а. Аллах Таала түшүргөн Исламды Үммөткө түшүндүрүп берүүгө кудуреттүү хизб барбы? Дагы пикирлөөнү улантабыз, вакиъни үйрөндүк, ага тиешелүү өкүмдү, эмне кылууну да үйрөндүк. Эми ушуну ишке ашырсак, ошондон кийин Расулуллах с.а.в.дын экинчи кадамын үйрөнөбүз жана ошонун негизинде ишибизди улантабыз, анткени Расулуллах с.а.в.ды өрнөк кылуу – анын кылган ишин аткаруу менен болот. Бирок, бул иш ар бир адамдын ыктыярындагы иш эмес, Аллах Таала бизди Расулуллах с.а.в. жеткирген жол менен жүрүүгө буюруп жатат, эй боордоштор, Аллахтан корколу!

وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Пайгамбар өзү силерге тартуу эткен нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла, жана Аллахтан корккула! Албетте Аллахтын жазасы катуу”. [59:7]

Демек, моюнуна жүктөлгөн милдетти-Исламды толук бойдон, бардык тармагын Үммөткө т.а. жаш-карыга, жогорку билимдүүлөр жана сабатсыздарга түшүндүрүүгө кудуреттүү болгон жамаат-хизб болбосо, ушуну түзүү үчүн момундардын бардыгы, башкача айтканда, Аллах Тааланын ыраазылыгын, бейишин үмүт кылган, Расулуллах с.а.в.ды өзүнүн жашоосу үчүн өрнөк кылган, куфру жана залимдерден азат болууну о.э. акыретте жарык жүз менен турууну каалаган момундардын бардыгы тез арада ушундай жамаат-хизбди даярдоого күнү-түнү тыным албастан аракет кылышы важиб, бул Аллах Тааланын буйругу. Буга салым кошпостон, ушул абалга ыраазы болгондор катуу күнөөкөр болушат.

Бул жерде дагы бир жолу пикирлеп көрөлү: “Мен куфрга, жабыр-зулумдарга, фиск-фужурларга ыраазы эмесмин”, – деп тилинде айтып, бирок иш жүзүндө эч нерсе кылбаса, ал тургай амал кылса да, бирок Расулуллах с.а.в.дын жолу менен жүрбөсө, ал адам шариятты ээрчибеген фасик болот. Сүкүт сакташы менен куфрду, жабыр-зулумдарды, фиску-фужурларды колдогондордон болот, себеби “сүкүт сактоо –ыраазылыктын белгиси” болуп – шарият өлчөөсүндө – бул да бир хужжат болуп эсептелет т.а. Расулуллах с.а.в.дын сүкүт сактоосу ушул иш туура экендигине шаръий хужжат болуп эсептелет.

Расулуллах с.а.в.ды ээрчибесе, ал зат кылгандай иш алып барбаса, өзү жолдон адашат жана башкаларды да адаштырат. Абдуллах ибн Масъуд р.а. риваят кылат:

خَطَّ لَنَا رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم خَطًّا ثُمَّ قَالَ: «هَذَا سَبِيلُ اللهِ ثُمَّ خَطَّ خُطُوطًا عَنْ يَمِينِهِ وَعَنْ شِمَالِهِ، ثُمَّ قَالَ: هَذِهِ سُبُلٌ مُتَفَرِّقَةٌ، عَلَى كُلِّ سَبِيلٍ مِنْهَا شَيْطَانٌ يَدْعُو إِلَيْهِ». ثُمَّ قَرَأَ: وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِى مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ

Расулуллох с.а.в. мубарак колу менен бир сызык сызып:   Бул Аллахтын туура жолу ”, – деди. Андан соң оң жана сол жагына сызыктарды сызды да:  “Бул жолдордун кайсы бирине карасаңар анын үстүндө бир шайтан отуруп алган болот о.э. ал шайтан ушул жолго даъват кылып жаткан болот”, – деди. Ахмад жана Даримий риваяты.

Үммөткө Исламды жеткире турган уюмду түзүү үчүн Исламды тартип менен жакшылап үйрөнүү зарыл, айрыкча, бүгүнкү күндө исламдын бир бөлүгүн Ислам деп карманууга даъват кылып жаткан аалымдар көбөйүп кеткен, куфр саясаты да Исламдын саясатын өздөрүнүн саясатына ылайыкташтыруу үчүн болгон күчү менен аракет кылып жаткан бир убакта, Аллах Таала түшүргөндөй үйрөнүү өтө зарыл. Себеби, ал Аллах Тааланын аманаты, Расулуллах с.а.в.дын мурасы болуп, аны өз ээлерине, Үммөткө түшүндүрүп бериш керек. Жакшы үйрөнбөсөк амал кыла албайбыз, аманатты ээлерине жеткире албайбыз о.э. катуу күнөөкөр болобуз, Аллах сактасын. Исламды пикирий үйрөнүш керек т.а. ар бир өкүмдү же ал жөнүндөгү маалыматтарды эле эмес, анын вакиъсин да кошо үйрөнүшүбүз керек, ошондо амал кылууга о.э. Үммөткө жеткирүүгө кудуреттүү даристер болобуз, натыйжада пайгамбарыбыздын мураскорлору болуп эсептелүүчү аалымдар катарында болуп, анын ишин улантуучу аманаткөй, таква момундар катарында болобуз, инша Аллах. Антпесек – Куръанда кабар берилгендей – китеп жүктөлгөн эшектер сыяктуу ага амал да кыла албайбыз, аманатты да ээлерине жеткире албайбыз. Бул оор күнөө, аманатты жеткирбеген яхудийлер жөнүндө Аллах Таала мындай дейт:

مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا ۚ بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

“Тоорот жүктөлгөн-берилген андан соң аны көтөрө албаган (т.а. анын көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген) кимселер (яхудийлер) дал китептерди көтөрүп кетип бараткан эшекке окшойт (т.а. анын оорлугунан чарчап-чалыгышат, бирок ал Китептин ичиндеги нерселерден пайдаланышпайт). Аллахтын аяттарын жалган деген коомдун мисалы канчалык жаман. Аллах мындай заалим коомду хидаят кылбас!” [62:5]

 Мындай эскертүүлөрдөн кийин аяттагы көрсөтмөлөргө амал кылышса өз макамына кайтышат, асмандарга, жогорку макамдарга көтөрүлүшөт эле. Аллах ушул жөнүндө кабар берген. Бирок, кимде-ким өзгөрбөсө, кайра эле өз каалоосун ээрчүүдөн кайтпаса, аяттардан өрнөк албаса, ал тил укпаган ит сыяктуу болот, ал тургай – Куръанда кабар берилгендей – иттен да жаманыраак. Аллах Таала айтат:

وَلَوْ شِئْنَا لَرَفَعْنَاهُ بِهَا وَلَٰكِنَّهُ أَخْلَدَ إِلَى الْأَرْضِ وَاتَّبَعَ هَوَاهُ ۚ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ الْكَلْبِ إِن تَحْمِلْ عَلَيْهِ يَلْهَثْ أَوْ تَتْرُكْهُ يَلْهَث ۚ ذَّٰلِكَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا ۚ فَاقْصُصِ الْقَصَصَ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ. سَاءَ مَثَلًا الْقَوْمُ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَأَنفُسَهُمْ كَانُوا يَظْلِمُونَ. مَن يَهْدِ اللَّهُ فَهُوَ الْمُهْتَدِي ۖ وَمَن يُضْلِلْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ. وَلَقَدْ ذَرَأْنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرًا مِّنَ الْجِنِّ وَالْإِنسِ ۖ لَهُمْ قُلُوبٌ لَّا يَفْقَهُونَ بِهَا وَلَهُمْ أَعْيُنٌ لَّا يُبْصِرُونَ بِهَا وَلَهُمْ آذَانٌ لَّا يَسْمَعُونَ بِهَا ۚ أُولَٰئِكَ كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ ۚ أُولَٰئِكَ هُمُ الْغَافِلُونَ

Эгер кааласак аны ошол аяттар себептүү (жогору даражаларга) көтөрүп коёр элек. Бирок ал жерге (т.а. мал-дүйнөгө) берилди жана өз напсисин ээрчип кетти. Демек, ал куду бир итке окшойт, аны айдасаң да тилин салаңдатып тура берет, же (өз жайына) койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалган деген адамдардын мисалы. Алар пикир кылуулары үчүн бул аңгемени сүйлөп бер! Биздин аяттарыбызды жалган деген кимселердин мисалы кандай гана жаман мисал болду. Алар өздөрүнө гана зулумдук кылуучу болушту. Аллах кимди Туура Жолго салса, демек ошол гана Туура Жолду табуучу. Ал Зат кимди жолдон адаштырса, демек ошолор зыян көрүүчүлөр. Биз жин жана инсандын көптөрүн жаханнам үчүн жараткандыгыбыз чындык, алардын дилдери бар го аңдап-сезе алышпайт, көздөрү бар го, көрө алышпайт, кулактары бар го, уга алышпайт, алар кудум үй айбандары сыяктуу, жок, алар үй айбандарынан төмөн, дал ошолор акыйкаттан бейкапар калган кимселер”. [7:176-179]

Ошондуктан таква момун ҮЧ ишти тез арада башташы керек, жок дегенде ушул үч иштин бирин баштоо менен менен туура жолго-бейиш жолуна кадам таштаган болот, алар төмөнкүлөр:

  1. Исламдан таалим алууну баштоо. Исламды терең үйрөнүү, жакшы түшүнүү, амалга байлоо, үйрөнгөн темаларды эсте сактоо керек, себеби бул нерсе жашообузда амалдарыбызга үчүн жолдонмо болуп калат жана аманатты ээлерине жеткирүүгө кудуреттүү болобуз. Учурда шарият талап кылгандай үйрөнөм деген олуттуу момунга тарыхтагы Салман Фарсий, Сухайб Румий р.а.лар сыяктуу хидаят үйрөтүүчүлөрдү, туура жолго баштоочуларды издөөнүн зарылдыгы жок, Үммөт арасында акыйкатты бекем кармаган, аманатты ээлерине жеткирүүгө олуттуу аракет кылып жаткан жамаат мүчөлөрү бар жана бул жамаат Кыяматка чейин жок болбойт. Аллах Таала айтат:

وَمِمَّنْ خَلَقْنَا أُمَّةٌ يَهْدُونَ بِالْحَقِّ وَبِهِ يَعْدِلُونَ. وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا سَنَسْتَدْرِجُهُم مِّنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ. وَأُمْلِي لَهُمْ ۚ إِنَّ كَيْدِي مَتِينٌ. أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا ۗ مَا بِصَاحِبِهِم مِّن جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ مُّبِينٌ

Биз жараткан заттар арасында (адамдарды) чындык (дин) менен  Туура Жолго баштай турган жана чындык (өкүм) менен адилеттүүлүк кыла турган бир жамаат да бар. Биздин аяттарыбызды жалган деген кишилерди болсо өздөрү билбей кала турган  тараптан акырындык менен жок болууга алып барабыз. (Азырынча) аларга мөөнөт берип коёмун. Албетте Менин “айла-амалым” катуу. Алар өздөрүнүн бурадарында (Мухаммад с.а.в.да) эч кандай жиндилик жоктугун ойлошпойбу?! Ал болгону (Аллахтын азабынан ачык эскертүүчү зат”. [7:181-184]

 Бул жана башка аяттар жөнүндө пикирлөөгө да Аллах Таала буйруган.

  1. Исламдан билгендерин үйрөтүү. Тартип менен Исламды үйрөтүүнү да башташыбыз зарыл, анткени бизден талап кылынган алгачкы иш Исламга даъват кыла турган жамаат-хизб түзүү, муну Расулуллах с.а.в.дын баштаган ишинен да, төмөнкү аяттан да билишибиз мүмкүн:

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар. [3:104]

Дагы бир жолу пикирлеп көрүңүз: Исламды Үммөткө жеткире турган коомдук  мугалимдерди даярдабай туруп, Исламды Үммөткө жеткирүүгө кудуреттүү жамаатты даярдоо мүмкүн эмес. Аллах Таала айтат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ

Эй момундар, Аллахка жана Анын пайгамбарына кыянаттык кылбагыла жана силерге ишенип тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык кылбагыла! [8:27]

  1. Ислам талап кылган жамаат-хизб тезирээк даяр болушуна салым кошуу. Башкаларга Исламды тартиптүү түрдө үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк таба албагандар ушул жамаат тезирээк даярдалышына колунан келишинче жардам бериши керек, анткени бул важибди өтөө бардык момундардан талап кылынган, бардык момундардын мойнундагы важиб болгон иш.

Ал үчүн жаштарды, перзенттерибизди, инилерибизди бул ишке чакырып, аларга шарт түзүп берүү менен ишке ашырабыз же окутууга мүмкүнчүлүгү, жөндөмү барларга жардам берүү, алардын мойнундагы нафакаларын камсыздоо аркылуу алардын дагы да көбүрөөк иштешине шарттарды түзүү менен ушул фарзды өтөгөн болобуз. Абдуллах ибн Амрдан риваят кылынышынча, Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

«لِلْغازِي أَجره, ولِلْجاعِلِ أَجره و أَجر الْغازِي»

Гозий (мужахид) үчүн мужахиддин сообу болот. Жихадга даярдоочу үчүн болсо, жалдоочунун да, мужахиддин да сообу болот”. Абу Давуд риваяты.

Шарияттын биринчи талабын аткарып болсок, андан соң экинчи кадамга өтөбүз т.а. Үммөткө Исламды түшүндүрүү үчүн шаръий жолду пикирлейбиз, издейбиз, албетте шариятта анын да чечими бар. Китептерибизде кеңири баяндалган. Сабак алуу убагында алар айкындашып бара берет. Болгону, ал өкүмдөрдү жакшылап үйрөнүш керек.

Муфаккир Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here