ЖК «казино» мыйзамын калктын каршылыгына карабай кабыл алды

18
0

ЖК «казино» мыйзамын калктын каршылыгына карабай кабыл алды

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.  Аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, анан дароо үчүнчү окууда каралды жана 58 депутат “макул”, тогузу “каршы” болду. Беш депутат добуш берген жок.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешов аталган мыйзам Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачаарын айтып, каршылыгын билдирди. Ал эми, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы добуш бербөө менен тоскоолдук кылууга аракет кылды. А бирок, Түлөбаев, Малиев, Төлөнов, Жамгырчиев, Акаев, Сыдыков, Сатыбалдиев баштаган депутаттардын колдоого алуусу менен мыйзам долбоору кабыл алынды.

Былтыр президент Жапаров казинолор ачылышын колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган. Кабмин тарагасы Акылбек Жапаровдун өзү бул мыйзамдын таламын талашып, аны коргоп да, колдоп да келди. Мына ушундайча, алар Аллах арам кылган ишти өздөрүнчө «адал» кылып алышты. Негизи, былтыртан бери калктын калың катмары бул мыйзамдын кабыл алынышына катуу каршылык билдирип келет.

Ушул окуяга байланыштуу, аталган мыйзамга каршылык билдирген мусулман депутаттардын туйгулары өз мусулман калкынын каалоолоруна шайкеш келгендигине ыраазычылык билдиребиз. О.э. алар менен – демократиялык принциптерди эмес, Ислам принциптерин негиз кылып алып – талкуулашуунун орду бар деп эсептейбиз.

Ал эми, өз кызыкчылыктары жолунда мусулманчылыгын жарнамалап келген, бирок, мына ушул мыйзамдын өтүшүндө капырлардын катарында турган депутаттар менен аткаминерлердин фасыктык позициясын катуу каралайбыз.

Демек, Кыргызстан мусулмандары бул кылмыштуу аракетке фикрий-саясий күрөш алкагында, бар мүмкүнчүлүктөрү менен каршы туруулары керек. Расул алайхис салату вассалам мындай деген: «Албетте, Аллах Азза ва Жалла жеке адамдын амалы себептүү элди азаптабайт. Качан алар өз араларында мункарды көрүп туруп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп четке кагышпаса, мына ошондо Аллах жеке адамды да, элди да азаптайт».

 Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 06. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here