Ташиев: УКМК тарабынан бардык нерсе көзмөлдөнөт

22
0

Ташиев: УКМК тарабынан бардык нерсе көзмөлдөнөт

Кабар: Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жетекчиси Камчибек Ташиев “Новые лица” басылмасына берген интервьюсунда айрым саясий күчтөр мамлекетте “кандайдыр бир башаламандыктарды” уюштурууга умтулуп жатканын айтты. Ошону менен бирге, ал коопсуздук кызматы мамлекеттеги бардык нерсени көзөмөлдөшүн эскертти.

Ташиевдин айтымында, УКМК мамлекетте башаламандык, анын катарында, козголоң жана ыңкылаптар болбошу үчүн бардык комплекстүү чараларды көрүүдө.

 “Эл, коомчулук революция жакшы нерселерге алып келбей турганына ишенип бүттү. Бизге революциялык эмес, эволюциялык өнүгүү, мыйзамдык бийлик алмашуу керек. Эгерде коомдо саясий чыңалуу болсо, бардык саясий күчтөр элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн компромисстерге барышыбыз кажет…” – деди Ташиев.

Коопсуздук кызматы тыңшоого алабы, деген суроого  жооп берген Ташиев “биз көзөмөлдөйбүз“ деп баса белгиледи.

Комментарий: Жапаров-Ташиев тандеми башкаруусу кризиске кептелип, эл арасында учурдагы бийликке ишеничсиздик жана кыжырдануу күчөп барган сайын УКМК башчысы Ташиевдин опузалаган жана адамдарды коркуткан билдирүүлөрү көбөйүүдө. Анткени, Жапаров бийликке келгенден бери айткан убадаларынын бирин да аткарбады. Экономика күндөн-күнгө начарлап, кымбатчылык жана жумушсуздук элди азапка салууда. Мамлекеттин карызы азайбастан эле, кайра көбөйүп, өкмөт мамлекеттик кызматтагы адамдардын маяналарын карыз алуу менен төлөп жатат, мындан тышкары элдин мойнундагы салыктарды көбөйтүүдө. 

Оппозицияда жүргөндө бийликти мамлекеттин жерлерин мыйзамсыз саткандыкта айыптап келген Ташиев бийликке келген соң, ондогон гектар жерди кошуна мамлекеттерге берүүгө чечим кылган. Буга жергиликтүү эл кескин каршылык кылганда Ташиев макулдашылган жерлердин картасы менен жакшылап таанышып чыкпаганын, билбестен “болуп кеткенин” айткан. Былтыр Кыргызстандын Кара-Суу районундагы Савай айылынын калкы Кемпирабад суу сактагычынын айланасындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы митингге чыгышканда алар менен жолуккан Ташиев: “Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды”, – деп элди тынчтандырууга урунган. Башка жолугушууда болсо нааразылык билдирген адамдарды “тилин сууруп алуу” менен коркуткан. Мындан башка “колуңду сындырып коёмун”, “андай, мындай кыламын” деген коркутуулары да көбөйүп барууда. Эми болсо Кыргызстан элин коркутуп, “УКМК баарын көзөмөлдөп жатканын” айтты.

 Бакиев башкаруу доорунун акыркы кездеринде да элдин нааразылыгын басуу жана коркутуу үчүн күч түзүмдөрүнүн башчыларынын опузалаган билдирүүлөрү көбөйгөн. Ошол убактагы ички иштер министри, маркум Молдомуса Конгантиев “нааразылык демонстарцияларына чыккандар катуу жазаланат” деп коркуткан. Көп өтпөстөн эл ашынган президент жана чиновниктерди “катуу” жазалаган.

Коркутуу жана шантаж үстүнө курулган бийлик алыска барбастыгына Кыргызстанда болуп өткөн үч төңкөрүш мисал болот. Учурдагы бийлик да акыркы кездерде жалаң гана коркутуу жана адамдардын үнүн өчүрүү жолун карманууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here