Фалестинди азат кылуу үчүн Ислам Умматын жана армияларды жардамга чакыруу демонстрациясы

133
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестинди азат кылуу үчүн Ислам Умматын жана армияларды жардамга чакыруу демонстрациясы

Хизб-ут-Тахрир мубарек Фалестин Газа секторунда массалык демонстрация өткөрүп, Ислам Умматын жана армияларды яхудий вужудун тыюуга, Фалестинди азат кылып, яхудий вужудун түп тамыры менен жок кылуу үчүн Аллах важиб кылган жихадды аткарууга чакырды.

Демонстрацияда Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Халид Саид баян кылып, яхудий вужуду жана келгинди яхудийлер Акса мечитин заман жана мекен жагынан бөлүп алуу ниеттерин ишке ашырууга урунуп жатышканынан мусулмандарды сак болууга чакырды. Ислам Умматын жана армиялары убакыт кеч болордон мурун аракетке келиши зарыл экендигин баса белгиледи.

Устаз Саид мусулман армияларга кайрылып мындай деди: «Кантип Акса мечитин жардамсыз калтырып, бөлүп алуусу жана бузукулук кылышы үчүн яхудийлерге таштап коёсуңар?! Эмнеге Фалестин калкын жалгыз өздөрүн баскынчыларга таштап коёсуңар, акыры, курал-жарак силердин колуңарда го?! Силер кошуундарды аракетке келтирип, Фалестинге, Фалестин калкына жана Аксага нусрат беришиңердин, яхудий вужудун түп тамыры менен кулатууңардын убагы келди…

Эй Мисир армиялары, эй Иордания, Саудия, Түркия, Пакистан армиялары, эй бүткүл дүйнө мусулман өлкөлөрүндөгү армиялар! Яхудийлер Акса мечитин тебелеп, каалаганча бузукулук кылышты… Эми аны бөлүп алышмакчы… Бирок, яхудий вужудун Фалестинден кууп чыгаруу Умматтын бир кошуунунун козголушуна байланыштуу. Эгер, ал козголсо Умматтын калган кошуундары да аны ээрчийт».

Устаз Саид Фалестин калкына жана мужахиддерге мындай деди: «Фалестин маселеси согушкер топтордун колундагы маселе эмес, кайсы бир сүйлөшүүчү тараптардын да маселеси эмес, балким, бүткүл Ислам Умматынын маселеси. Демек, Уммат жана Умматтын армиялары аракетке келип, яхудий вужудун түп тамыры менен кулатуусунда биз алга үндөөчү фактор жана найзанын башы бололу, чектелген согуштар менен токтоп калбайлы».

Устаз Саид мусулман уламаларына кайрылып мындай деди: «Эй мусулман уламалары! Аллахка берген убадаңарды аткаргыла жана мусулман армияларды жихадга чакыргыла. Бүгүн каралоонун өзү жетиштүү эмес. Силер адамдарга акыйкатты ачык айткыла, жашырбагыла, өкүмдарлардан коркуу да, дүйнө маталары да силерди акыйкат сөздү айтуудан тоспосун.

﴿فَاللَّهُ أَحَقُّ أَنْ تَخْشَوْهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ﴾

«Эгер момун болсоңор, коркушуңага ылайыгыраак Аллах го?!»                                        [9:13]

Ошондуктан, силер роббаний уламалардын тарыхын кайра тирилткиле.

Эй мусулмандар! Аллахтын убадасы жүзөгө чыгып, яхудий вужуду кыйрашына таптакыр күмөн жок. Аллахтын уруксаты менен, силер албетте нусратка жетесиңер. Демек, бул сыймык ээси алга чыгып, бул жийиркеничтүү вужудга каршы чар тарапка жихадды тутандырсын. Андыктан, кимиңер дүйнө жана Ахырет сыймыгына жетүүнү каалайсыңар?!».

 

Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here