Ислам – нажат жолубуз

139
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ислам нажат жолубуз

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты 2022-жылы 22-май күнү «Исламга негизделген түпкү чечим – нажат жолубуз» деп аталган демонстрация өткөрдү. Демонстрация Исламга жана Ислам өкүмдөрүнө ачык-айкын каршы болгон жана мусулмандардын колонизатор Батыштагы душмандары менен тил бириктирилип түзүлгөн саясий илманий долбоорлорго каршы өткөрүлдү.

Демонстрация шаар аянты алдындагы «Савро» көчөсүндө тартиптүү өткөрүлгөн болсо да, бирок, коопсуздук күчтөрү аянтты курчоого алып, борбордун трассасын казармага айлантышты… Көп сандагы полиция күчтөрү келип, машиналар менен көчөнүн эки тарабын тосуп, шаар аянтына туташкан бардык жолдорду жаап койду. Ушуга карабастан, Хизб мүчөлөрү көчөнүн акыркы бөлүгүндө чогулуп, демонстрацияны өткөрүүгө жетишти. Бирок, яхудийлердин коопсуздугун камсыздаган бул режим бардык тарапты курчоого алып, адамдардын демонстрацияга кошулууларына жол бербеди. Анын үстүнө, Хизбдин бир нече мүчөлөрүн камакка алып, кийинчерээк коё берди.

Баса белгилеп айтсак, демонстрацияда ушул мазмунда үч баян окулду:

Биринчи баян: Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Хубайб Карбака коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышуу артынан кайрылып, Тунис өкүмдарларынын кыянаттары, коррупция жана жемкор режимди коргоп жаткан өкмөттөр жөнүндө сүйлөдү. Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрүнө моюн сунуп, өлкөдөгү абалдын бузулушуна жана элдин кордолушуна расмий чөйрөлөр жоопкер экенин айтты. Жана бардык тараптарды кризистерден куткаруучу жалгыз чечим катары Исламга бекем амал кылууга чакырды. Ал калыс жана чынчыл адамдар жөнүндө сөз сүйлөп: «Эгер, бул адамдар Исламды колдонушса, аларды башыбызга коёбуз», – деди. Ал: «Бизге Аллахтын уруксаты менен жакында Халифалык убада кылынган жана бул убада дагы, башарат дагы», – деп Тунис калкына кушкабар айтты

Экинчи баян: устаза Фатима Арус мамлекет Исламды колдонгон жана мусулмандар Ислам көлөкөсүндө жашаган кылымдар жөнүндө айтып, анда диний азчылык же жакырчылык, жумушсуздук, терроризм жана кордук жашоо сыяктуу бүгүн бизди азап салып жаткан проблемалар болбогон деди. Баяндын аягында ал Тунис калкын режимди түп тамыры менен кулатууга жана мусулмандарды «Ла илаха иллаллох» роясы астына бириктире турган Ислам бийлигин тикелөөгө чакырды.

Үчүнчү баян: Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын саясий бөлүмүнүн төрагасы устаз Абдурауф Амирий хак менен батылды ажыратып берип: «Бүгүнкү биздин абалыбыз партиялар ортосундагы саясий күрөш эмес, балким, саясатчылардын колонизаторлорго кызмат кылуу үстүндө өз ара жарышуусу», – деди.

Ал дагы мындай баса белгиледи: «Бу абалга түшүүбүзгө себеп өз ишибиз өзүбүздүн колубузда эмес, себеби, ондогон жылдар аралыгында ишибизге чет элдиктер кийлигишти жана расмий чөйрө колонизатор душмандарыбыздын буйруктарына ылайык зомбулук менен өкүм жүргүзүштү… Бүгүнкү күндөгү саясатчылардын ар бири Батыштын пландарына көз каранды… Биз, Хизб-ут-Тахрир, Тунисте эле кандайдыр бир исламий мамлекетти тикелемекчи эмеспиз. Жок, биздин максатыбыз бүткүл Ислам Умматы үчүн мамлекет тикелөө».

Демонстранттар «Шексиз, шексиз, чечим Исламда», «Ла илаха иллаллох, ал-Хилафа ваъдуллах», «Уят, уят, козголоңдон кийин колония», «Шерменделик, шерменделик, козголоңду долларга сатышты», «Жан берүү жана моюн сунууга жол жок, Тунистин колдоочусу Ислам», «Жетекчибиз – түбөлүккө саййидимиз Мухаммад» сыяктуу ураандарды көтөрүп чыгышты.

 

Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here