Пакистан өкмөтүндө жүздөр өзгөрдү, бирок адамдардын мусибаты өзгөргөн жок!

140
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан өкмөтүндө жүздөр өзгөрдү, бирок адамдардын мусибаты өзгөргөн жок!

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушул суроолорду ортого салды: «Соңку айдагы өзгөрүүлөр адамдарга эмне пайда алып келди, акыры, ал жерге Пакистанды сүткор мафия үчүн саан уйга айлантып берген кайра эле ошол ууру жана муртаддар келишти го?! Пакистан экономикасын уу пландары менен 21 жолу кыйраткан колонизатор уюм мына ушул Эл аралык Валюта Фонду эмеспи, акыры, Имран Хан өкмөтүндө болобу, Шахбаз Шариф өкмөтүндөбү, айырмасыз, дагы ушул абал кайталанбайбы?!».

Билдирүүдө ушулар баса белгиленди: «Инфляция капиталисттик түзүмдүн туруктуу касиети болуп эсептелет. Пакистандын мамлекеттик банкы товарлар жана активдерге салыштырып кредиттер аркылуу кредиттерди көбөйтө берет. О.э. анын акча басып чыгаруу операциялары жана ашыкча каражаттарды пайыздуу облигациялар жардамында каржылоо иштери да кредиттерди көбөйтөт… Мына ушул механизмдердин баары күчтүү кризиске себеп болуп, адамдарды инфляция баткагына тартууда…

Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган Халифалик көлөкөсүндө мамлекет алтын жана күмүш менен камсыздалган валютадан башка валюта чыгарбайт. Сүткордукту бекер кылуу менен Пакистан жылды чогулган салыктардын жарымынан көбүн түзүп турган ушул пайыздуу төлөмдөрдөн азат болот. Адамдарды кыйнап жаткан инфляцияга чекит коюунун жападан жалгыз жолу мына ушул. Хизб-ут-Тахрир бул туурасында реалдуу деталдуу саясаттарды иштеп чыккан. Хизб Пакистан калкынан демократиялык куфр түзүмүнө сүкүт кылбоону о.э. чыныгы өзгөрүү үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык долбоорун колдоп-кубаттоону талап кылууда”.

 

Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here