Пакистан улуттук коопсуздук саясаты өлкөнү Батыштын өкүмдарлыгына салып, өлкөнүн экономикалык жана саясий тагдырын күрөөгө коюуда

205
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан улуттук коопсуздук саясаты өлкөнү Батыштын өкүмдарлыгына салып, өлкөнүн экономикалык жана саясий тагдырын күрөөгө коюуда

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү 14-январда жарыялаган билдирүүдө бүгүнкү күндө алып барылган улуттук коопсуздук саясатынан эскерттет: «Бул улуттук коопсуздук саясатында Пакистандын коопсуздугу жана экономикасы Батыш мыйзамдары жана мекемелери аркылуу белгиленген эл аралык системага байланган. Өлкөнүн улуттук коопсуздук программасынын тамыры колонизаторлорго барып такалат. Бул программадан Пакистанды Кытай, АКШ, Британия жана Россия сыяктуу ири колонизатор күчтөрдүн кызыкчылыгына моюн сундуруу көздөлүүдө. Иш жүзүндө Пакистандын колонизаторлук дүйнөлүк системага интеграциялашуусу өлкөгө кредиттер эшигин кенен ачууда. Негизи, Эл аралык Валюта Фондунун шарттарына ылайык жана сүткордукка негизделген карыздар өтө көбөйүп кетти. Ал эми, бул шарттар бизди инфляция, жакырчылык жана жумушсуздукка кетөөдө, өз кезегинде, кыйроону кепилдеп жатат».

Билдирүүдө Пакистандагы мусулмандарга, алардын стратегиялык мекемелерине, өзгөчө куралдуу күчтөрүнө кайрылуу жасалды: «Бул план Американын региондогу кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн үлкөн байлыктарыбызды жана потенциалдарыбызды бутага алды, демек, силер ага каршы чыгышыңар керек. Ушул себептен улам, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Ислам Умматы ири колонизаторлордон өз эгемендүүлүгүн кайтарып алышын камсыздоого аракет кылгыла. О.э. Аллахтын динине жана Халифалык мамлекетине жардам берүү аркылуу кафирлерге, алардын мекеме жана мыйзамдарына көз каранды болуудан кутулуу үчүн биз менен биргеликте аракет кылгыла.

﴿وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Аллах Өзүнө жардам бергендерге албетте нусрат-жардам берет. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                               [22:40]»

 

Роя гезити, №375, 2022-жыл, 26-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here