Рохинжалар бир оттон башка отко ташталууда Халифалык мамлекети гана аларды куткарат жана акы-укуктарын кайра алып берет

200
0

Басма сөз баянаты

Рохинжалар бир оттон башка отко ташталууда

Халифалык мамлекети гана аларды куткарат жана акы-укуктарын кайра алып берет

Эл аралык Миграция уюму Бангладештин Кокс-Базар шаарындагы «COVID-19» дарылоо борборунда үрөй учурган өрт чыкканы жөнүндө кабар таратты. Мьянмадан келген качкындар жашаган бул лагердеги өрт 2022-жылы 9-январда болду. БУУ агенттиги Твиттердеги баракчасында өрттө эч ким жабыркабаганын, бирок, окуя миңдеген рохинжа качкындарына терс таасир көрсөткөнүн, 900 000ге жакын качкын жашаган дүйнөдөгү эң ири качкындар лагерине олуттуу зыян жеткенин билдирди.

Кокс-Базар лагериндеги чатырлар бамбук жана брезенттен жасалган жана бири-бирине туташкан чатырлардан турат… Бул болсо, качкындардын кыйынчылыктарын жана коркууларын күчөтүп жаткан өрттүн тез жайылышын жеңилдетет.

Баса белгилеп айтсак, бул лагерде ушул жана башка окуялар биринчи ирет болуп жаткан жок. Мисалы, 2021-жылы март айында да 10 000 чатыр өрттөнүп, 45 000 адам көчүрүлгөн. 2021-жылдагы мезгилдүү суу ташкындары 46 000 качкынга таасир кылган жана үрөй учурган көчкүлөргө себеп болгон.

Белгилүү болгондой, Мьянмадагы боордошторубуз канкор режимдин айылдарга от коюу, өлтүрүү жана куугунтуктоо сыяктуу этникалык тазалоо операциясына дуушар болушкан. Ал эми, Мьянма режими муну четке кагып, исламий «экстремисттерге» каршы күрөшүп жатканын айтып келет. Бирок, түпкүлүгүндө бул режим Ислам жана мусулмандарды катуу жек көргөндүгүнөн улам мусулмандарды кыргын кылууда жана аман калгандарын динден кайтарууга аракет кылып жатат.

Боордошторубуз ал жердеги өлүмдөн качып, тынч жашоо үмүтүндө кошуна мамлекетке качып чыгышкан. Бирок, Бангладеш өкмөтү тынч жашоону камсыздап бербеди, акыбетте алар жаандан качып, мөндүргө кабылышты! Тез өрттөнгөн бамбук жана брезент чатырлар аларды өрт жалынынан да, кычыраган кыштын суугунан да, суу ташкындарынан да сактай албады. Муну башбаанексиз башбаанек деш мүмкүн! Себеби, өкмөттүн иш-аракетинен бул маселеге үстүртөн карап жатканы, өлкөдө качкындардын турушун каалабай жатканы көрүнүп турат. Бангладеш режими качкындарды – айрыкча 2017-жылы август айында башталган жана өмүргө коркунуч туудуруп жаткан ырайымсыз кыргындан кийин өмүрлөрү коркунуч астында калганына карабастан – Мьянмага депортация кылуу жана кайтарып жиберүү ниетинде экенин бир нече ирет баса белгиледи.

Бангладеш жана башка өлкөлөрдөгү мусулман качкындардын абалы – исламий өлкөлөрдүн башындагы бүгүнкү режимдердин баары душмандар менен тилдери бир экенин көрсөттү… Себеби, өз өлкөсүндө террорист жана экстремист деген тамга астында зулумга учурап, кошуна мусулман өлкөлөрүнө качып чыккан мусулмандар ал жерлерде дагы кордук жана кемсинтүүгө учурашууда. Алар өздөрүнүн коопсуздугун, тынчтыгын жана башбаанегин жоготушканы үчүн бул өлкөлөрдө тынч жашоо үмүтүндө келишкен эле. Бирок, үмүттөрү жокко чыгып, өрт, коркуу, ырайымсыздык жана өлүмгө дуушар болушууда.

Эй, Ислам Умматы!

Бул, кылмышкерлердин зулумуна учураган боордошторубуз. Аларды кыйноого салып, бечара-алсыз абалда өлкөсүнөн кууп чыгарышты… Бул боордошторубуз өз динин коргоо үчүн өлкөсүн таштап чыгышты, динин өзгөртүшкөн жок. Тигил режимдерден коопсуздук жана тынчтыкты издешкен эле, бирок, үмүттөрү жокко чыкты. Мындай кимселерден коргоо жана коопсуздук суралабы? Акыры, алар кафирлерге ээрчиген малайлар болсо, мусулмандарды куугунтуктоо жана динге каршы күрөштө алар менен кызматташып жатышкан болсо…

Эй, Ислам Умматы!

Бул боордошторубуздун азап-кыйынчылыгы качанга чейин жооп күтөт?! Силердин сүкүтүңөр себептүү Аллахтын душмандары качанга чейин перзенттериңерге азап жеткирет?! Андыктан, козголгула жана мойнуңардагы кордук чаңын кагып таштагыла. Аллахка ант болсун, силер азыркы абалыңарга ыраазы боло турган Уммат эмессиңер. Анткени, Аллах Таала Ислам Умматын адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы уммат кылган.

Биз, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүчөлөрү, күч-кубат ээлери арасындагы ар бир калыс кишини Аллах түшүргөн өкүмдөрдү кайрадан колдонуу жана рошид Халифалык даъватын тикелөөгө үндөгөн даъватыбызды кабыл алууга чакырабыз. Ушул мамлекет гана ар бир муслим жана муслиманы, жер жүзүндөгү ар бир жанзатты зулумдан коргойт. О.э. биз Уммат уламаларына да кайрылабыз, Аллахтын калимасын бийик кылууга жардам берип, Аллахтын мураскорлору деген макамга ылайык түрдө Умматтын абалын оңдоого аракет кылгыла. Өкүмдарларыңар алдында акыйкат сөздү ачык айтып, Умматыңарды биригүүгө, бийлигин кайра тикелөөгө чакыргыла.

Мусулман эркек жана аялдарды бул динге нусрат берип, аны дүйнөгө өкүмдар кылуу үчүн биз менен бирге аракет кылууга жана бүткүл дүйнөдөгү боордошторубузга жана эже-карындаштарыбызга жардам берүүгө чакырабыз. Мындай ырайымсыздыкка, репрессияга, кордукка, акаараттоого жана жакырчылыкка мусулмандар үчүн бир мамлекетти тикелөө менен гана чекит коюулат. Бул мамлекет алардын кадырын коргоп, аларга карата бардык зомбулукту жоёт.

Аллах Таалага дуа кылып, Умматты бириктиришин, Умматка нусрат берип, тезинен кайра улуу даражасына алчып чыгышын сурайбыз.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here