Кыргызстан Орусиянын миграция саясатына нааразы

221
0

Кыргызстан Орусиянын миграция саясатына нааразы

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөттү. Анда, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү айтылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай коридорлорду медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүүчү мекемелерде, анын ичинде “Сахарово” миграциялык борборунда ачууга көмөктөшүү өтүнүчү айтылды.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Мыйзам боюнча эми эмгек мигранттары үч айда бирден 6 миң рубль төлөп, медициналык кароодон өтүп турушу керек.

Мындай каттоого туруу үчүн кезекке тизилгендер Москва аймагында өтө көп болуп, миңдеп саналууда. Айрымдар кезекти суткадан ашык күтүп жатат. Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе 16-февралда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бир гана мигранттар эмес, соода, акча жүгүртүү, жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин келишимдери иштебей жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштады.

Акыркы кездерде Россиялык ЖМКларда эмгек мигранттарына карата терс пикир калыптандыруучу маалыматтар көбөйүп жаткан. Июль айынын башынан бери Россия ЖМКлары мигранттардын кылмыш жана укук бузуулары жөнүндө кеңири маалымат таратышты. Айрыкча, мигранттар ортосунда массалык мушташ болгону, мушташта бычак жана ок атуучу куралдар колдонулганы жөнүндөгү кабарлардын арты үзүлбөдү. Буга чейин да мигранттар ортосунда ушундай массалык мушташтар болуп турчу, а бирок маалымат каражаттары ага  көңүл буруп, мынчалык каралабайт эле.

Бул окуялардын артынан орустун популист саясатчылары упай топтоо үчүн билдирүүлөр менен чыгышты. Жириновский болсо Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алуу, кыргызстандыктарды “эң катаал тартип менен депортация” кылуу чакырыгы менен чыгып, Кыргызстандын Москвадагы элчиканасы алдында нааразылык акциясын уюштурду.

Мына ушулардан кийин жогорудагы мыйзам долбоору кабыл алынды. Орусия муну менен Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн интеграция аракеттерине каршы басым өткөрмөкчү болду. Себеби, мигранттар маселеси бул мамлекеттер үчүн “оорулуу чекит” болуп, Россия миллиондогон жарандар үчүн жумуш жана акча табуучу булакка айланып калган. Негизи Орус расмийлери мигранттарды депортация кылуу менен өздөрүндөгү жумушсуз жүргөн 4 миллион адамга жумуш ордун пайда кылуу керектигин айтып жатканы менен, Россиянын жарандары мигранттар иштеген айлык маянага эч качан иштешпейт.

Учурда болсо, аймактагы айрым өлкөлөрдүн Батыш жана Кытай менен кызматташтыгы Орусиянын бул басымды улантуусуна себеп болуп жатат. Орусиянын мындай басымдары 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге киргизилгенде да күзөтүлгөн эле.

Демек, Кыргызстан же Орто Азия калкы эле эмес, балким бүткүл дүйно мусулмандары бул колонизаторлук фитналарына чалынбоо жана колонизаторлуктан бүтүндөй кутулуу мезгили келди. Ал эми мындай баскынчылыктан бизди бир гана өз Исламыбыз куткарат.

Мумтаз Мавераннахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here