Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

262
0

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

 Кабар: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

 Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Акылбек Жапаров энергетика тармагын колдоо жана чыңдоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча демилгелер тууралуу айтып берген.

Жолугушуунун алкагында «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу, үстүбүздөгү жылдын жазында энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги боюнча форумду уюштуруу, Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелери,  Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын майрамдоо, калкты вакцинациялоо, ошондой эле социалдык жактан аяр категориядагы үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоор боюнча кызматташуу маселеси талкууланган.

 Комментарий: Дүйнөлүк банк ири мамлекеттер колундагы курал болуп, колонизатор мамлекеттер ушул сыяктуу эл аралык каржылык уюмдар жардамында “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринин иштерине аралашат. Аларды кредиттер баткагына батырып, ушул аркылуу экономикалык жактан көз каранды кылып алат. Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүктөрү кайсы жерге жетип барган болсо, ошол жер сөзсүз жакырчылыкка батып, проблемага дуушар болот. Кыргызстан да Дүйнөлүк банктын талаптары жана сунуштары натыйжасында көптөгөн проблемаларга дуушар болууда. Себеби, Дүйнөлүк банк карыз берип жатканда бир нече талаптарды коёт. Дүйнөлүк банктын талаптарынын негизгилери – салыктарды жана электр энергиясына тарифтерди көтөрүү. Себеби, банк берип жаткан карызды бир нече эсе кылып кайтарып алууга кепилдик керек. Эгер расмий өкмөт анын шарттарын кабыл алса карыз берилет, антпесе карыз берүүнү кечиктирет. Мисалы, былтыр Кыргызстан өкмөтү Дүйнөлүк банк менен биргеликте өлкөдө электр энергиясынын тарифин кайрадан карап чыгуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде билдирген.

Ошондо тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жаткандыгын айткан Бьерде: «Бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгондуктан Дүйнөлүк банк колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз», – деген эле.

Өкмөт электр энергиянын баасын көтөрүү боюнча чечим кабыл алгандан кийин Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 20 миллион доллар бере турган болду. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Азия Өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржылык уюмдар менен кызматташуу мамлекетти билип туруп жарга түрткөнгө барабар.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here