Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат: Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Орусияга 37 млн долларга айыпка жыгылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушундагы чыр боюнча Орусия менен бир пикирге келгенин билдирди. Келишимге ылайык, Министрлер кабинети орусиялык “РусГидро” компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болду.
Жапаровдун айтымында, 2022-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү иштери башталат. Евразия өнүгүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычы бүтүп жатат.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек. 2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата 1 боюнча келишимге кол коюлган. 2012-жылы Орусия каражаты менен башталган “Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” курулушу 2016-жылы токтогон. Ага Кыргызстандын “иш жылбай жатат” деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.
Орусия бул долбоорго “РусГидро” компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында “Камбар-Ата-1” ГЭСин коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан. Бирок, келишим кагаз бетинен ары жылган жок.
Кийин Казакстандан эл аралык финансылык борбордун жана казак өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келип кетишти.
Февралдын башында президенттин Кытайга болгон сапары учурунда да Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча сөз болду. Си Цзинпин өз сөзүндө энергетика жаатында кызматташууга даярдыгын билдирди. Бул энергетика тармагында да кыргыз бийлиги Кытай менен иштешүүгө кызыктар экенин билдирет. Анткени, бул тармакты ишке салууга кыргыз бюджетинин чамасы чак келбейт. Демек, кытайдын компанияларын дал ушул тармактарга тартуу аракеттери көрүлөт. Бул кытай инвесторлорунун коопсуздугуна кепилдик берилгенден кийин боло турган иш.
Ушул кезге чейин кыргыз бийлиги “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча бир кадам да алдыга жыла албай жатышынын же инвестор таба албай жатышынын негизги себеби, бул стратегиялык мааниге ээ долбоор экендигинде. Башкача айтканда, бул долбоорду колуна алган мамлекет бир жактан үлкөн кирешеге ээ болсо, экинчиден расмий бийликке таасирин күчөтүүгө жетишет. Ошол себептен да, Россия долбоорго катышпай койгону менен анын өзүнүн кызыкчылыктарына каршы иштете турган тарапка өтүп кетишине жол бербейт.
Түпкүлүгүндө, электр энергиясын өндүрүү үммөт кызыкчылыгындагы иш болуп, бүгүнкү капиталисттик системадагы коррупциялык, монополисттик схемалардын айынан калктын муктаждыгы камсыздалбай келет. Мындай абалдын түзүлүшүнө атайын кризистик абалды жаратуу менен тарифти кымбаттатуу кызыкчылыгы себеп болууда. Жогоруда өкмөт башчы айткандай, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин экинчи агригаты Евразия өнүгүү банкынын каржылоосу менен алынып жатышы да ушуну далилдеп турат. Тарифтин кымбатташына империалисттик эл аралык уюмдар кызыктар. Тарифтин кымбат болушу өндүрүштүн өздүк наркын көтөрүлүшүн шарттап, чет элдик товарлардын агып киришине алып келгендиктен, каржылык уюмдар чет элдик капиталисттердин кызыкчылыгын коргоп беришет. Мындан тышкары, ГЭСти курган инвестордун пайдасын арттыруусун да шарттайт.
Жыйынтыктап айтканда, мусулмандар алгач бул капиталисттик түзүмдөн баш тартып, колонизаторлорду кууп чыкканга чейин өз мүлкүн өзү эркин колдоно албайт. Ал эми аларды кубалап чыгып, калктын кызыкчылыгын коргоп бере турган система Исламда гана бар. Ушундай болгон соң, калк жана анын башындагылар ушул жолдо аракет кылышыбыз шарт! Анткени, Исламда гана элдин мүлкү элге берилет, алардын кызыкчылыктары толук кепилдикке алынып, чет элдик уюмдардын, мамлекеттердин таасири астында калышына жол бербейт!
Мумтаз Маверанахрий