Талибан Женевада
Талибан делегациясы Афганистандагы адам укуктары жаатында о.э. Афганистанга гуманитардык жардам берүү маселеси боюнча Швейцария расмийлери жана мамлекеттик эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Женевага барды. Бул тууралуу Швейцариянын тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Франс-Пресс маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө: «Делегация мүчөлөрү муктаж жарандарга жардам жеткирүү, гуманитардык жардам жеткирүүчү кызматкерлерди коргоо жана адам укуктарын урматтоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», – деп айтты.
О.э. Талибан делегациясы БУУнун көптөгөн агенттиктери жайгашкан Швейцарияда Кызыл чырым жана башка мамлекеттик эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Эл аралык Кызыл чырым комитети да муну тастыктады.
А бирок маалымат катчынын билдиришинче, учурда Талибан кыймылынын өкүлдөрү Швейцарияда жүргөндүгү Швейцария Афганистандагы Талибан режиминин мыйзамдуулугун тааныйт дегени эмес.
Комментарий: Афганистанда экономикалык кризис себептүү Талибан өкмөтү гуманитардык жардам маселесинде Батышка сапар кылды. А бирок, айлакер Батыш учурдан пайдаланып адам укуктары маселесин тыгыштырууда. Эгер Талибан бул маселеде Батыштын талабына ыраазы болсо, капканга түшөт. Себеби, адам укуктары маселесинде Ислам хазараты менен Батыш хазараты ортосунда жер-асмандай айырма бар. Мисалы, аял кишинин мункар болбогон иштерде күйөөсүнө итаат кылышы шарият талаптарынан жана аялдын жогорку ахлак үлгүсү болуп эсептелет. Ал эми Батыш болсо буга аялды кордоо о.э. анын укуктарын тебелөө деп карайт жана бул маселеде өзүнүн жийиркеничтүү “гендердик тең укуктуулук” саясатын сунуштайт. Ага ылайык, көчөлөр, базарлар, ишканалар сыяктуу коомдук жашоодо аялдардын хижабда болуу талабы аялдардын укуктарын тебелөө болуп эсептелет. Т.а. алардын назарында аял киши каалаган убакта ачык кийим менен көчөгө чыгышы, каалаган жерде иштеши жана өзү каалагандай көрүнүштө ышкы-махабатка умтулушу мүмкүн. Ал үчүн бирер адамдан уруксат алышы шарт эмес. Бул болсо Ислам акыйдасынан балкып чыккан шарият мыйзамдарына таптакыр туура келбейт. Кыскасы, бул акыйда маселеси болуп, куфрдун пайдасына кыпындай да чегинүү таптакыр жаиз эмес.
Мындан тышкары, Батыш канчадан бери мусулмандардын акы-укугу үчүн кайгыра турган болуп калды эле. Бейкүнөө мусулман калкты жаш-кары, эркек-аял дебей кыргын кылган ушул Батыштын өзү эмеспи?! Эми бүгүн мусулмандардын зулумда калышынан тынчсызданып калдыбы?! Батыш Гуантанамо, Баграм, Абу Гурейб жана башка түрмөлөрдө мусулмандардын «укуктарын кандай коргогондугун» азырынча эч ким унута элек.
Киямуддин Шариф
cheap lasuna pills – lasuna price buy himcolin no prescription
purchase besifloxacin generic – how to buy besivance sildamax over the counter
order neurontin 600mg online – order gabapentin 100mg sale azulfidine 500 mg cheap
buy benemid 500 mg generic – buy generic etodolac tegretol us
generic betnovate 20 gm – adapalene sale buy cheap generic monobenzone
fosamax 70mg over the counter – buy pilex for sale medroxyprogesterone 10mg us
buy norethindrone 5mg sale – where to buy lumigan without a prescription cheap yasmin pill