ЕАЭБ зыяндарынан: Кыргызстанга оң рулдуу унаалардын зарылдыгы артты

210
0

ЕАЭБ зыяндарынан: Кыргызстанга оң рулдуу унаалардын зарылдыгы артты

“Азыркы тапта Жапониядан унаа сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Ушундан улам элдер үчүнчү өлкөлөрдөн алууга мажбур. Армения, Абхазия, Грузиядан унаалар келип жатканын баарыңар билесиңер. Алардын сапаты айтпаса деле белгилүү. Бул маселени өкмөттө талкуулашыңар керек. Оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө салынган тыюуну алып эле койгонубуз оң”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 9-февралдагы парламенттин отурумунда. Анын айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик 60%ы оң рулдуу машинелердин айынан болот деген маалымат чындыкка жатпайт.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев оң рулдуу унааларды алып кирүү мүмкүн экенин, бирок аларды каттоо жана колдонууга өлкөдө тыюу салынганын эскертти.

Парламент 2013-жылдын 19-июль айында 2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы да көбөйгөн. Мисалы, 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү мурда 1250 доллар болсо, 1-январдан баштап ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты.

Негизи, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу мамлекетке эч кандай пайда алып келбестиги ошол кезде эле анык болчу. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорт (Кытайдан товар алып башка өлкөлөргө сатуу) дээрлик токтоп калды, Дордой жана Кара-Суу базарлары чоң зыянга учурады. Казакстан менен Россия “фитосанитария талаптарына жооп бербейт” деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына чектөөлөрдү байма-бай киргизип келет. Ал эми, Кыргызстанга кирип келе жаткан Россия товарларына эч кандай чектөө болбоду. Адатта экономикасын сактап калгысы келген өлкө ири ишканаларын ички базарда тышкы атаандаштардан коргоо үчүн импорттук товарларды алып кирүүгө ар тараптуу тоскоолдуктарды пайда кылат. Мындай кызыкчылык, уюмдагы Орусия үчүн гана иштеп жатат. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары дээрлик жыл сайын тескери сальдо менен чыгууда, тагыраагы, экспорт импортко караганда аз. Бир гана Орусияда экспорттун көлөмү өсүп жатат.

Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө.

Өткөн жылдан бери негизги муктаждыкка айланып калган унааларга оң рулдуу болгону шылтоо кылынып, өлкөгө түз ташууга тыюу салынган. Бул өз кезегинде автоунааларды Орусиядан гана ташууга шарт жаратууда. Мындай көрүнүш өлкөнүн Орусияга көз карандылыгын арттырып, салык жана башка пайдалардын ага гана түшүп турушуна алып келди.

Бийлик болсо оң рулдуу унаалар жол кырсыктарды көбөйтүп жатат деген жомокту элге таңуулады. Демек, калк өз акысын бийликтен талап кылуу менен бирге бийликтин калктын кызыкчылыгына каршы иштерди кожоюндарынын ыраазылыгы үчүн кылуусуна жол бербөө керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here