Хур муслималар яхудийлердин камактарында акааратталууда…

235
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хур муслималар яхудийлердин камактарында акааратталууда…

Уммат арасындагы Муътасимдер кайда?!

Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Яхудий вужудунун камактарында туткун аялдардын кол салууга кабылышы жана акааратталышы тынчсызданууну жаратат. Бул вужуддун зулуму ушундай бир даражага жетти, камак кызматкерлери куралсыз туткун аялдарга кол салууга жана жоолуктарын чечүүгө батынышууда. Мындай кылмыш жана мыйзам бузуулардын тушунда феминисттик уюмдардын жана CEDAW конвенциясынын үгүтчүлөрүнүн үнүн укпай жатабыз. Себеби, муслима туткундар маселеси алардын негизги вазыйпаларына, долбоорлоруна жана бул уюмдардын демөөрчүлөрүнүн кызыкчылыктарына кирбейт. Бул уюмдардын эмнени сүйлөшү жана кандай программаларды ишке ашырышы ошол демөөрчүлөрү тарабынан белгиленет.

Ислам Умматынын канын кайнатып, Умматтын Расулуллах ﷺдын Исра жери алдындагы милдетин эске салуу, Умматы Акса мечитин, башка туткун эркек жана аялдарды яхудийлердин колунан азат кылууга аракетке келтирүү үчүн пакиза муслималардын акааратталышынын өзү жетиштүү. Фалестин администрациясы жана мусулман өлкөлөрүндөгү башка режимдер коркок жана тил бириктирүүчү болуп, шашып яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруудан башка нерсени ойлобой жатышат.

Эгер, мусулмандардын башында бир Исламий мамлекети болгондо яхудий вужуду бул сыяктуу чабуулдарга таптакыр батынмак эмес. Себеби, Исламий мамлекетке румдуктардын колундагы бир эле туткун муслиманын ыйына кулак салып, аны куткаруу үчүн бүткүл армиясын тартып барган Муътасимдер жетекчилик кылат… Бул жетекчилер жерди жана намысты коргоп, бул жаатта эч качан жан бербейт.

Оо, мусулман армиялары!

Араңарда ушул шарапатка т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Аллахтын динине нусрат берүү жана аны азиз-үстөм динге айлантуу шарапатына жете тургандар барбы?! Эртең силер да Аллахтын алдына барасыңар жана бул алсыздарга нусрат берүүдөн, ыйларына кулак салуудан баш тартканыңар үчүн албетте жооп бересиңер, муну унутпагыла… Демек, ошол күндө жообуңар кандай болот, ойлодуңарбы?!».

 Роя гезити, №373, 2022-жыл, 12-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here