Хизб-ут-Тахрир–Танзания: Эл аралык финансы мекемелери кул кылуу долбоору үстүндө иштешүүдө

173
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Танзания: Эл аралык финансы мекемелери кул кылуу долбоору үстүндө иштешүүдө

Самия Сулуху Хасан Танзания президенти кызматына келгенден бир жыл да өтпөстөн шарттуу жеңилдетилген кредит жана грант катары 3 миллиард долларга жакын кредит алды. Бул каражаттар Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду жана Африка өнүгүү банкынан алынган.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрирдин Танзаниядагы маалымат өкүлү устаз Масъуд Муслим 2021-жылы 31-декабрь күнү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Эл аралык Валюта Фонду, же Дүйнөлүк банк, же Африка өнүктүрүү банкы, же Европа жана Кытай банктары болобу, айырмасыз, эл аралык финансы мекемелеринин баары капиталисттик мүнөзгө ээ. Алардын биринде да Африкага жана башка өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге пайда алып келүү максаты жок, тескерисинче, алардын максаты – кул кылуу саясатын зордоп тыгыштыруу. Мисалы, «SALS» программасы да ушул саясаттын алкагына кирип, экономикага жана адамдарга кыйроо гана алып келди. Учурда кредит-карыз Кошмо Штаттар, Европа жана Кытай колдонуп жаткан неоколониализмдин куралы болуп эсептелет. Максат – өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин саясатын мактоо аркылуу Африкадагы ири байлык жана ресурстарды талап-тоноо. Бул карыздарды жабуу үчүн салыктар төлөө аркылуу мунун эң көп зыянын жакырлар тартууда».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Кээ бир өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде ал тургай маанилүү инфраструктуралар да жок, бул абалга үлкөн тышкы карыздарды өз убагында төлөй албастык себеп болууда. Бул учурда Заминбия, Уганда, Шри-Ланка жана башка мамлекеттердин тизмеси узун…».

Билдирүүнүн аягында мындай делет: «Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер, алардын катарында Танзания ушуну түшүнүүсү керек, бүткүл дүйнө кулчулук капиталисттик системага эмес, адилеттүү экономикалык мамилеге ээ Ислам системасына муктаж. Ислам Халифалыктын көлөкөсүндө дүйнөнү жана бүткүл адамзатты бардык түрдөгү кулчулук кишендерден куткарат».

 Роя гезити, №373, 2022-жыл, 12-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here