Дания Афганистандагы ийгиликсиздиктен сабак албай, колонизаторлукка кызмат кылуу үчүн Малиге кошуун жөнөтүүдө

193
0

Басма сөз баянаты

Дания Афганистандагы ийгиликсиздиктен сабак албай, колонизаторлукка кызмат кылуу үчүн Малиге кошуун жөнөтүүдө

Дания мусулман өлкөлөрүнө дагы бир ирет өз күчтөрүн жиберүүнү туура көрдү. Дания коргоо министрлиги 2022-жылы 18-январда Малиге 300 аскер жиберилерин жарыялады. Белгилүү болгондой, Дания 2013-жылдан бери «терроризмге каршы күрөштө» Францияга жардам берип келет.

Дания коргоо министрлигинин айтымында, максат – «Малинин коргоо жана коопсуздук күчтөрүн» колдоп-кубаттоо. Себеби, «Даниянын атайын күчтөрү башка мамлекеттердеги күчтөрдү даярдоо жана окутуу боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ, Афганистан жана Ирак сыяктуу өлкөлөрдө да ушундай миссияларды алып барган».

Шек-күмөнсүз, Дания армиясы Батыш мамлекеттеринин өкүмдарлыгын кепилдөөнү өзүнүн милдети деп билген бузгунчу, абийирсиз жана террорист режимдерди колдоп-кубаттоо үчүн Ирак, Афганистан жана Малиге аскер жөнөткөнү көрүнүп турат. Бирок, бул үч мамлекеттеги натыйжа Батыш коалициясынын ийгиликсиздиги менен аяктаганы анык. Бирок, эң жаманы – Батыш мусулман өлкөнү «азат кылуу» үчүн кыргын кылып, бүтүндөй урандыга айлантып чыгып кеткени.

2021-жылы май айында Мали аскерий кеңеши ыңкылап жасаганда Дания тышкы иштер министри Йеппе Кофод 29-майда Малиге кошуун жөнөтпөстүгүн, «өкмөт жана Яхя режими» менен кызматташарын гана билдирген эле.

Ошондон бери Малидеги аскерий диктатурада кымындай өзгөрүү болбоду. Ошого карабастан, Дания Малиге кошуун жиберүүгө чечим кылды. Мали режими адатынча өз калкына ырайымсыз мамиле кылып, басым өткөрүүдө. Бирок, тышкы иштер министри жана Дания өкмөтү алардын үмүттөрүн Малидеги диктатура режим ишке ашырат деп ойлоп жатышат.

Йеппе Кофод 2022-жылы 18-январда DR TV-Avisen телевидениесине берген интервьюсунда «Данияны террорчулардан коргоону» жүйөлөп «терроризмге каршы күрөштү» алга сүрдү. Бул ачык-айкын жалган. Себеби, 2013-жылдан бери Франция да «терроризмге каршы күрөштү» Жээк регионундагы (Батыш Африкадагы) өзүнүн колонизаторлук долбоору үчүн шылтоо катары пайдаланып келди. Бирок, Франция Малиден күчтөрүн чыгара баштаган бүгүнкү күндө «террордук аракеттер» тогуз жыл мурунку абалга караганда кыйла күчөгөнүн билдирди! Ошондой болгон соң, Франция күчтөрү Европа континентине барабар болгон региондо аткара албаган ишти 300 даниялык кошуун кантип аткарсын?!

Дания тышкы иштер министри бул миссия «Европа жана Данияга багытталган миграцияны алдын алууга каратылган» деген билдирүүсү менен Дания калкына эң ыплас жол менен кайрылды. Анткени, Даниядагы көпчүлүк адамдар «мамлекеттин калкына негизги коркунуч Чөлдөгү жергиликтүү козголоңчулардан келет» деген нерсеге ишенет… Ушуга ылайык, тышкы иштер министри мамлекетте атайылап пайда кылынган «чет элдиктерди жек көрүү» туйгусунан саясий жактан пайдаланып, мусулман өлкөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан кресттүүлүк кампанияны актамакчы болууда. Андан тышкары, мындай билдирүүлөр өкмөттүн кезектеги ачык-айкын жалгандарынын бири болуп эсептелет. Себеби, Европага умтулган качкындардын көпчүлүгү Жээк регионунан эмес, Сирия жана Афганистандан келүүдө!

Дания Россиянын жалданма аскерлери, Мали режиминин күчтөрү жана Батыш күчтөрүнүн колонизаторлук коалициясы менен биргеликте исламий өлкөлөргө каршы мына ушундай кезектеги душмандыкка кадам шилтеди. Бирок, колонизаторго кызмат кылууга багытталган мындай душмандыктын тагдыры да Ирак жана Афганистандагы согуштардын тагдырын көрөт. Т.а. катардагы мусулман калкты кыргын кылган жана кыйноого салган режимдерди колдоп-кубаттап… акыбетте айтылган жалган максаттардын бирине да жетише албай чыгып кетүү менен аяктайт.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Дания мүчөлөрү, өкмөттүн бул исламий өлкөгө каршы мындай колонизаторлук кампаниясын кескин каралайбыз о.э. Батыштын ар кандай баскынчылыгына каршы күрөштү шаръий жана мактоого татыктуу деп билебиз.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Даниядагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here