Туркистон: Кайрылуу

185
0
Туркистон: Кайрылуу
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух
Урматтуу мусулман бир туугандар! Дүйнө бойлоп массалык маалымат каражаттарына империалист кафирлер ээлик кылгандыктан, ал каржаттар аркылуу чыныгы Исламды жеткирүүгө чыныгы момундарга жол берилбейт. Ошондуктан, ушул кезге чейин, адамдарга акыйкатты интернет айдыңында жеткирүүгө аракет кылып келебиз.
Урматтуу Туркистон сайтынын окурмандары! Биз сиздерге акыйкатты жеткирүүдө тоскоолдуктарга учурап жатканыбызга терең өкүнүчтөбүз. Жана сиздер үчүн пайда болгон ыңгайсыздыктар үчүн үзүр сурайбыз. Анткени, Туркистон сайты, анын ютуб каналы о.э. фейсбук баракчалары чабуулдарга учуроодо. Албетте бул империалист-кафирлердин буйругу менен болууда.
Аллах таала айтат:
)إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ(
– «Албетте, кафир болгон кимселер мал-дөөлөттөрүн Алланын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан аны сарпташканы менен, кийин ошол (малдары) өздөрүнө өкүнүч болот, анан жеңилишет [8:36]
Колонизатор кафирлердин буйруктарын болсо, бизге аким болуп алган алардын малайлары аткарып берүүдө. Ушул сайтыбыз аркылуу жасаган эскертүүлөрүбүздөн – Аллах Таала аятында айткандай – алар оң таасир ала алышпады.
– «Алар дүлөй, дудук, сокур, демек, акыл жүгүртө алышпайт» [2:171]
Инша Аллах, биз малайлардын мындай иш-аракеттеринен коркпойбуз албетте. Анткени, Аллах Субханаху ва Таала айтат:
– «Албетте ошол (силерди дүрбөлөңгө салмакчы болгон) шайтандын өзү. Ал силерди өзүнүн досторунан (кафирлерден) коркутмакчы болот. Демек, эгер момун болсоңор, алардан коркпогула, Менден корккула!» [3:175]
Эй, колонизаторго кулдук кылып жаткан бийликтегилер, бийликке кулдук кылып жаткан атайын кызматкерлер, аларга кулдук кылып жаткан хакерлер! Эртең Аллахтын алдында “кожоюндун айтканын аткарганбыз” дегениңер силерди тозоктон куткарбайт.
Себеби, Азиз, Хаким Аллах мындан эскертип айткан:
﴿يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ يَقُولُونَ يَا لَيْتَنَا أَطَعْنَا اللَّهَ وَأَطَعْنَا الرَّسُولَا * وَقَالُوا رَبَّنَا إِنَّا أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَاءَنَا فَأَضَلُّونَا السَّبِيلَا﴾
– Жүздөрү жалында айландырыла турган Күндө, алар: «Аттиң, биз да Аллахка моюн сунганыбызда, пайгамбарга итаат кылганыбызда кана», – дешет. Дагы алар: «Оо Роббибиз, чындыгында, биз башчыларыбызга жана чоңдорубузга моюн сундук, анан алар бизди (туура) жолдон азгырышты», дешти
Эй, колонизаторго кулдук кылып жаткан бийликтегилер, бийликке кулдук кылып жаткан атайын кызматкерлер, аларга кулдук кылып жаткан хакерлер!
Динге кызмат кылбай жаткан болсоңор да, эч болбосо, биз силерди динге тоскоолдук кылбагыла деп жатабыз! Негизи,
– «Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам кылуу силердин мойнуңарда»
болчу.
Биздин сайт жабылып жаткан бир учурда, Исламга негизделбеген партиялардын сайттары шакылдап иштеп жатат. Бийликтин партиялары баш болуп, алардын троллдору адамдар арасын идеологиялык, улуттук, регионалдык, диний ж.б. айырмачылыктары менен араздаштырган материалдарды жарыялап жатышат. А бирок, алар жабылган жок. Ооба, өз ара ыфлас күрөштөрү жүрүп жатат, бирок, алар иштеп жатышат. Себеби буга кафир-империалисттер кызыкдар. Анткени, муну менен бузгунчулук жүрүп жатат, бузукулуктар жайылып жатат. Колонизатор кафирлер биздин бийликти карызга батырып жатканда, ал карыздар үчүн бийликтен Исламга каршы күрөшүүнү, ал эми Исламга каршы нерселерди болсо колдоп-кубаттоону талап кылууда. Ал эми акимдерибиз болсо аларды берилген иттердей аткарып берүүдө.
Эгер билсеңер, кафир кожоюндарыңар таңуулаган мындай айла-амалдар өзүңөрдүн гана зыяныңарга болот. Аллах Таала айтат:
)وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ(
– «Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк». [8:30]
Күн нурун элек менен тосо албагандай, даават нурун мындай амаладарыңар менен эч качан тосо албайсыңар. Аллах Таала айтат:
– «Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, (алар) каалашпаса да Өз Нурун тол жаюуну калайт» [9:32]
Дагы айтат:
– «Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт» [17:21]
Аллахтын аяттарына кулак салбасаңар, анда андан башка айтар сөзүбүз да жок.
Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here