Басып алынган мусулман өлкөлөрүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана азат кылат

276
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Басып алынган мусулман өлкөлөрүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана азат кылат

Саудиянын Хафрул Батин шаарында Пакистан менен Саудия ортосунда «көмүлгөн мина жана бомбаларды тазалоодо жана аларды жок кылууда кызматташуу» боюнча биргелешкен аскерий машыгуу башталганы жарыялангандан кийин Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү чыгарды. 2021-жылы 15-декабрда чыккан бул билдирүүдө ушулар баса белгиленди: «Бүгүнкү күндө мусулмандар Кашмир жана Фалестиндеги баскынчы күчтөргө каршы күрөштө колдо жасалган жардыруучу каражаттардан пайдаланып келишет. Мурун алар Афганистандагы АКШ баскынчылыгына каршы пайдаланылган. Эгер, бул аскерий машыгуу Аксаны яхудийлердин баскынчылыгынан жана Кашмирди индустардын баскынчылыгынан азат кылууга кызмат кылганда, бул жарыя майрамдоого чыныгы себеп болмок».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Бул башчылар яхудий жана индус баскынчыларды ашкере жана жашыруун түрдө колдоп-кубаттап жатышканы үчүн аларды кулатуу зарыл. Алар Пайгамбарыбыз ﷺдын намысына чабуул кылынышын алдын алууга жана бул үчүн мусулман армияларды сапарбар кылууга кудуреттүү эмес. Кошмо Штаттардын «терроризмге каршы күрөшүнө» кошулууга даяр болгондор да, яхудий жана индустардын терроруна көз жумгандар да мына ушулар болот. Түпкүлүгүндө, исламий куралдуу күчтөрдүн аракетке сапарбар кылынышы экинчи рошид Халифалыктын көлөкөсүндө гана ишке ашат».

 

Роя гезити, №372, 2021-жыл, 5-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here