Эрдоган: Кызыкчылык өтө маанилүү
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Жер ортолук деңизиндеги куур долбоору маселесинде (Израиль) менен мурасага келүүгө аракет кылып жатканын билдирди. (Израилдин) президенти Исаак Герцогдун Түркияга келишине үмүттөнгөнүн билдирген Эрдогандын айтымында, (Израилдин) премьер-министри Нафтали Бенет бул маселелерге оң тараптан жандашууда.
“Бул иш Түркиясыз ишке ашпайт. Себеби, бул жерден Европага газ кете турган болсо, бул Түркия аркылуу гана болот. Берат (Албайрак) энергетика жана жаратылыш ресурстары министри болгон кезде анын (израил)дик кесиптеши ушундай сунуш менен келген эле. Аракет да болуп жаткан. Балким ошондо биз бул ишти (Израиль) менен кылышыбыз мүмкүн эле. Ко-ош, эми кылууга үмүт жокпу? Отуруп шарттарды талкуулашабыз. Себеби, бул иштин кызыкчылыгы өтө маанилүү. Биз (Израиль) президенти (Исаак) Герцог менен мамиледебиз. Израилдин премьер-министри (Нафтали) Беннет түрдүү деңгээлдеги кабарларды жөнөтүүдө. Кабарыңар болсо керек, мен жакында президенттик сарайда түрк яхудий коомунун жана Исламий мамлекеттердеги раввиндер союзунун мүчөлөрүн кабыл алдым. Эгер биз саясат жүргүзмөкчү болсок, саясат күрөш менен болбойт. Биз саясатты тынчтык жолу менен алып барууга мажбурбуз”, – деди Эрдоган.
Комментарий: Яхудий вужудун эң көп сындаган президент – бул Эрдоган. Көпчүлүк абалдарда Түркия өкмөтү яхудий вужуду менен Түркия ортосунда кырдаал курчуп бара жаткандай көрсөтөт. Ал билдирүүлөр канчалык чындыкка жакын экендигин билүү үчүн статистикалык маалыматтарга көңүл буруунун өзү жетиштүү. “TÜİK”(Түркия статистикалык иниституту) 2020-жылы жарыялаган отчётто келишинче, Түркия менен Израилдин ортосундагы сооданын көлөмү 6,2 миллиард долларга жеткен. Негизи, Эрдоган башында турган “Адилет жана Өнүгүү” партиясы бийликке келгенге чейин бул көрсөткүч 1 миллиард доллардын тегерегинде болгон. Эрдоган бийликке келген соң Жума намаздарынын биринде, “Мен бул кызматта турганда (Израиль) менен эч кандай мамиле орнотулушу мүмкүн эмес” деген эле. А бирок, бүгүнкү күндө кызыкчылык негизинде мамилени күчөтүү жөнүндө айтып жатат.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, яхудий вужуду ыйык топуракка жайгаштырылгандан кийин аны биринчи болуп тааныган мусулман өлкө Түркия болгон. Бүгүнкү күндө да Түркиянын яхудий вужуду менен жогорку деңгээлде мамилеси бар. Мисалы, жогоруда айтылган түрк яхудий коомунун жана Исламий мамлекеттердеги раввиндер союзунун мүчөлөрүнө уюштурулган зыяпатта Эрдоган: «Түркия-Израиль мамилеси региондун туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн өтө маанилүү”, “Палестина жаатындагы пикирлерибиз түрдүү болушуна карабастан, Израиль менен соода жана туризм тармактарында мамилебиз өнүгүүдө. Израилдин тынчтык аракеттери алкагындагы конструктивдүү мамилеси мамилебиз жакшырышына салым кошоруна шек-күмөн жок”, – деп баса белгиледи.
Башка Ислам өлкөлөрдөгү өкмөттөрдүн да яхудий вужуду менен мамилеси жогорку деңгээлде. Буга жүздөгөн далилдерди келтирсек болот. А бирок, көпчүлүк абалдарда жолугушуулар жашыруун өткөрүлөт. Мунун себеби, Ислам үммөтү яхудий вужудун таптакыр кабыл албайт. Акыркы кездерде “Мамилелерди кайрадан калыбына келтирүү” шылтоосунда яхудий вужудун ачык эле колдоп-кубаттоо башталды.
Чындык ушул, яхудий вужудунун мусулмандарга коркунуч туудура турган эч кандай күч-кубаты жок, ал Ислам үммөтүнүн башындагы 50дөн ашык мамлекет башчылардын колдоосу менен мусулмандардын жерлерине ээлик кылып, мусулмандарды куугунтуктап, ал тургай өлтүрүп жатат. Башкача айтканда, яхудий вужуду Исламий өлкө башчыларынын кыянаттары себептүү кайраттуу болуп көрүнүшүүдө. Бул паскеч кимселерге өзүнүн ордун көрсөтүп коё турган Ислам мамлекети тикеленмейинче абал ушундай улана берет.
Киямуддин Шариф