Индия – Борбор Азия саммити өткөрүлдү

66
0

Индия – Борбор Азия саммити өткөрүлдү

27-январда Индиянын демилгеси менен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары онлайн саммит өткөрүп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өз сөзүндө “Индиянын ынак жана туруктуу коңшулук түшүнүгүндө Борбор Азия башкы орунда турат”, – деп билдирди.

Президент Садыр Жапаров Модинин «Индия — Борбордук Азия» диалогдук аянтчасын жогорку деңгээлде түзүү демилгесин кубаттап, колдоого алды.

Саммитте Индия – Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода, байланыш, коргонуу жана коопсуздук боюнча карым-катышты кеңейтүү темалары талкууланды. Саммиттин жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.

Бул саммит Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен саммит өткөргөндөн эки күндөн кийин болуп жатат. Анда Цзинпин алдыңкы үч жылда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылган.

Акыркы жылдарда Индия мамлекети да эл аралык саясатта активдешип барууда. Анын аракеттери негизинен Кытай сыяктуу экономикалык кубатка каршы багытталган. Башкача айтканда, Кытайдын Борбор Азия жана башка аймактагы экономикалык экспанциясына каршы альтернатива болмокчу. Бул өз кезегинде Кытайды негизги душман катары карап жаткан Американын кызыкчылыгына дал келет. Ошондуктан, Трамптын учурунан тарта АКШ-Индия кызматташтыгы күчөтүлүп, ага эл аралык майданда эшиктер кеңири ачылып берилүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул мекендин стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймак менен кызматташтыгын күчөтүп жатат. Муну «Кытай-Борбор Азия», «Индия-Борбор Азия», «АКШ-Борбор Азия», Евро Биримдик-Борбор Азия», «Италия-Борбор Азия» саммиттеринин байма-бай өткөрүлүшү да далилдеп турат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Мындан улам, империалисттер дүйнөнүн төрт бурчундагы кен байлыктарды, энергия ресурстарын ташып кетүүгө кызыктар!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here