Казакстан: калк нааразылыгынан кимдер пайдаланмакчы

215
0

Казакстан: калк нааразылыгынан кимдер пайдаланмакчы

Казакстандагы көтөрүлүш учурда Орто Азия жана дүйнөдөгү окуялардын чордонуна айланганы талашсыз. Батыш менен Орусиянын кызыл сызыгы болгон, Орто Азиянын негизги экономикасын түзгөн Казакстанда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолобуз. Алгач окуялардын хронологиясын карап чыгалы.

– 1-январда өлкөдө 60 тенгеден сатылып жаткан суюлтулган газдын баасы эки эсе кымбаттады.

– 2-январда негизинен мунай-газ өндүрүү менен алек болгон аймактар Жаңы Өзөн жана Актаунун тургундары суюлтулган газдын баасын 50 тенгеге түшүүсүн талап кылып чыгышты.

– 3-январда Бир катар аймактар нааразылык акциясына кошулуп, күч кызматкерлери аларды кармап кете баштады. Өкмөт суюлтулган газдын баасын 90 тенгеге чейин гана аразандатуу мүмкүндүгүн айтып, баа саясаты боюнча иликтөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Бирок, калк кечки убакта саясий талаптарды – шаар жана район жетекчилерин шайлоо аркылуу алмаштырууну талап кыла баштады.

– 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да тутанды. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды көтөрүп чыгышты. Алматы шаарында акцияга чыккандар массалык түрдө кармалды. Өлкөнүн президенти Токаев твиттердеги кайрылуусунда Жаңы Өзөндө суюлтулган газдын баасы 50 тенгеге чейин арзандай турганын билдирди.

– 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Бир катар Батышчыл оппозициядагы саясатчылар күч түзүмдөрүн калкка каршы күрөшпөөгө чакырды.

– Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында, Алматы менен Маңгыстау облусунда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыда 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Ошондой эле 95 милиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа талкаланган.

– Ушул эле күнү  президент өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык чыгарды. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. Мындан тышкары, бир катар жетекчи орундар да алмашты. Токаев газдын кымбатташына каршы нааразылыктан улам түзүлгөн кырдаал үчүн өзгөчө күнөө өкмөттө, Энергетика министрлигинде жана “Казмунайгаз”, “Казакгаз” компанияларында экенин айтты.

– Түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчилигине кирип барды. Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын имараты өрттөлдү. Актөбөнүн акимиатына да кирүү аракеттери болду.

– “Казакстан темир жолу” компаниясы Атырау жана Актөбө облустарындагы эки бекеттен кетчү поезддерди жөнөтүү убактылуу токтотулганын кабарлады.

– Демонстранттардын тобу Алматы шаарындагы аэропортту ээлеп алды.

– Токаев элге кайрылуу жасап, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Буга чейин аны Нурсултан Назарбаев башкарып турган. Президент мамлекеттик телеканалдар аркылуу жасаган кайрылуусунда каршылык акциялар учурунда полиция кызматкерлеринен каза тапкандар бар экенин айтты.

– Токаев өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режимин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

– Беларуссия президенти Александр Лукашенко Казакстандагы кырдаалга байланыштуу президент Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.

– 6-январга оогон түнү Казакстандын президенти өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады.

– Евро Биримдик, БУУ жана АКШнын расмийлери Казакстандагы интернет жана мобилдик байланыштардын үзгүлтүккө учурашын айыптап, саясий күчтөрдү ынтымыкка чакырымыш болушту.

– ЕККУнун жетекчиси Збигнев Рау Казакстанга кризистик абалдан чыгуу үчүн саясий реформага жардамдашууга даярдыгын билдирди.

Жогорудагы кабарлар тизмегинен маалым болгондой, калктын нааразылыгы табигый чыкканы менен анын күчөшүнө кызыктар тараптар бар экени анык. Казакстандагы абалга баа берип жатып, Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Дмитрий Новиков калктын нааразалыгын Батыш өз кызыкчылыгына колдонуп кетүү ыктымалдыгын билдирди. Депутат буга окшош  абал 2014-жылы Украинада күзөтүлгөнүн жана Кыргызстанда да кайталанганын кошумчалады. Анын айтымында, Казакстандагы абалга таасир бере ала турган бир катар НПОлор бар.

Калктын саясий талаптарынын күчөшү Батыш медиасынын жана кадрларынын маалыматтык согуштагы аракеттеринин натыйжасында болду. Анткени, Батыш Казакстандагы абалдын туруксуздашына кызыктар. Муну менен саясий чөйрөнү өзгөртүүгө жана бийликке тиешелүү кадрларын алып келүү менен Борбор Азиядагы таасирин кеңейтүүнү каалайт. Ошондой эле туруксуздук чыгаруу аракеттери натыйжалуу болсо, Орусия менен Украина маселесин соодалашууга майнаптуу пайдаланат.

Ал эми бийликтин чегинүүлөрүнө токтолсок, ал ишенген Орусия тараптан колдоонун жоктугу себеп болду. Башкача айтканда, Орусия бийликтин ыңгайсыз абалга кептелишине кызыктар эле. Анткени, Казакстандын акыркы саясий кадамдары Орусия кызыкчылыктарына каршы жасалды. Маселен, өлкөнүн латын арибине өтүүсү сакофий жактан Орусиядан алыстоо кадамы болуп калды. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясын күчөтүүсү саясий жактан Орусиядан алыстоо аракети катары бааланды. Буга кошумча, Казакстан Кытай-Казакстан-Өзбекстан темир жолунун курулуусуна кошула турганын жарыялады жана Кытай менен экономикалык кызматташтыкты күчөтө баштады. Бул болсо өлкөнүн экономикалык жактан Орусиядан алыстоо аракети болуп калды. Мына ушуга окшогон жагдайлар Орусиянын Казакстанды жазалоосуна себеп болду. Орусиянын мындай позициясы бийликтин тообо кылып Орусиядан жардам сурашына чейин уланды. Башкача айтканда, бийлик Орусиянын талаптарына моюн суна турган абалда ЖККУ алкагында жардам сурашын күтүп турмакчы болду. Ошондон кийин гана Белоруссиядагыдай керек болсо аскерий жактан жардам киргизип болсо да өлкөдөгү нааразылыктарды бастырмакчы.

Түпкүлүгүндө, калктын нааразылыгы үстүбүздө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик системанын адилетсиздигинен улам келип чыгууда. Анткени, Казакстанда да өлкөнүн чалкып жаткан байлыктары бийликтеги бир ууч кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келет. Ал эми бул кендерди өндүрүп жаткан карапайым калк анын пайдасын көрүүнүн ордуна эселеген кымбат баада сатып алууга мажбур. Демек, калк убактылуу кызыкчылыктар же колонизаторлордун айла амалдарына алданбастан үммөттүн түпкү кызыкчылыгы үчүн аракет кылуусу шарт. Бул өлкөдөгү бузукулук жана адилетсиздиктин негизи болгон капиталисттик системаны кулатып, ордуна бакубат жашоону камсыздай турган Исламды башкарууга алып келүү менен болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here