Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин өзүнүн эсебинен курууну караштырууда

282
0

Кыргызстан “Камбарта 1” ГЭСин өзүнүн эсебинен курууну караштырууда

 Кабар: Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин ички рерсурстардын эсебинен курууну караштырып жаткандыгын билдирди.

“Камбар-Ата 1” ГЭСин өз каражатыбызга салсак жакшы болмок. Биздин бетке кармай турган бир долбоорубуз жок. Оптимизация, азыркы реформалардын негизинде каражаттар үнөмдөлүп, анын баары жаңы кубаттуулук үчүн жумшалышы керек”, – деген Бекмурзаев.

Кыргызстан көп жылдан бери “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу үчүн өнөктөш же инвестор издеп келет. 2010-жылы Россия менен Нарын ГЭС каскаддарын жана “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок, Россия бул долбоорду создуктура бергени себептүү Кыргызстан келишимден бир тараптуу чыккан.

 Комментарий: 2016-жылдын август айында Россия учурдагы экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду финансылык жактан камсыздай албастыгын моюнга алгандан кийин Кыргызстан өкмөтү 31-декабрда Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, ГЭСтердин курулушуна жумшалган 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген эле.

2017-жылы Кыргызстан өкмөтү Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча тендер жарыялады. Тендерди Чехиянын “Liglass Traiding CZ” компаниясы утуп алды.  “Liglass Traiding CZ” компаниясы “Электр станциялари” акционердик коому менен келишимдерди тастыктагандан кийин бир айдын ичинде Россияга 37 млн доллар төлөшү керектиги белгиленди. Бирок, компания ишин баштабай туруп келишим жокко чыгарылды…

Садыр Жапаровдун 2021-жыл, 11-12-марттагы Ташкентке сапары учурунда “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлдү.

 Ошондо Садыр Жапаров: “Биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу тууралуу келишим түздүк. Жумуштар ошол эле күнү башталды. Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун 3 жылда бүтүрүүнү максат кылабыз. Долбоор толугу менен ишке ашырылат. Биз аны 30 жылдан бери кура албай келдик. Азыр аны 3 жылда бүтүрүүнү пландаштырып жатабыз”, – деген эле. Бирок, берилген билдирүүлөр жана түзүлгөн келишимдерге карабастан, бул жааттагы кыргыз-өзбек кызматташты бир кадам да алдыга жылбады.

 Ушул кезге чейин кыргыз бийлиги “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча бир кадам да алдыга жыла албай жатышынын же инвестор таба албай жатышынын негизги себеби, бул долбоор стратегиялык мааниге ээ долбоор экендигинде. Башкача айтканда, бул долбоорду колуна алган мамлекет бир жактан үлкөн кирешеге ээ болсо, экинчиден расмий бийликке таасирин күчөтүүгө жетишет.  Ошол себептен да, Россия долбоорго катышпай койгону менен ГЭС сыяктуу маанилүү стратегиялык объектини оңой эле башка бирөөгө бере койбойт.  О.э. бул долбоорду Кыргызстан өз алдынча ишке ашыруусуна да жол бербейт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here