Жаңы колониализм: Россия-Кыргызстан

274
0

Жаңы колониализм: Россия-Кыргызстан

Жыйырманчы кылым «колонизаторлуктан азат болуу» кылымы катары айтылып келет. Чынында эле бул кылымда көптөгөн өлкөлөр көз карандысыздыкка жетишти. Мурун колонизатор мамлекеттердин түздөн-түз колониясы болгон өлкөлөр бири-биринен жарыша эгемендик алышты. Дүйнө жана адамзат колониализмден азаттыкка жетишкендей болуп жар салып, адамдар азаттык үчүн күрөшкөн лидерлерди өлкө башчысы кылып кумир тутушту. А бирок, бул, парда артында жашырынган жаңы колонизаторлук болчу. Колониализм жаңы форматка өзгөрдү. Башкача айтканда, колонизаторлор алардын колониясы болгон өлкөлөрдөн жеңилип чыгып бараткандай түр жаратып, бирок ал өлкөлөрдө өзүлөрүнө малай адамдарды өлкө башчысы кылып, малай саясий чөйрөнү түптөп калтырып кетишти.

Бул жаңы колонизаторлук шартында формалдуу түрдө эгемен, бирок, түпкүлүгүндө көз каранды болгон өлкөлөрдүн тышкы саясаты (кээде а түгүл ички саясаты), мамлекеттер ортосундагы соодасы, кен байлыктары, коопсуздук жана аскерий жааттагы иш-аракеттери колонизатор мамлекеттердин толук көзөмөлүндө болду. Колонизатор мамлекеттер алардын колониясындагы өлкөлөрдү ар кандай келишимдер жана уюмдар аркылуу өзүнө көз каранды кылып алышты. Чыгыш-батыштагы бардык мамлекеттердеги абал ушундай. Ошондуктан АКШ, Европа, Россия сыяктуу колонизатор мамлекеттер алардын колониясы астындагы мамлекеттер менен тынымсыз эле келишимдерге кол коюп, уюмдарды түзүп жатканын көрөбүз. Бул келишимдердин аткарылышы, уюмдардын милдеттенмелери колонизаторлук чеңгелин бекемдейт. Эгер, колониядагы өлкөнүн башчысы же саясий чөйрө колонизатордун бул чеңгелинен чыкмакчы болсо же башка колонизаторго ыктамакчы болсо, колонизатор дароо саясий, экономикалык, аскерий, маалымат рычагдарын ишке салып, таасирин бекемдеп, абал анын көзөмөлүнөн чыгып кетишине жол бербейт.

Башка үчүнчү дүйнө мамлекеттери сыяктуу эле, Кыргызстан да ушундай абалда. Кыргызстан оболу Падышалык Россияга, кийин СССРге колония болуп келди. 1991-жылы «эгемендүү» болгондон кийин, жогоруда айтылган жаңы колониализмдин форматында СССРдин мураскору Россияга колония бойдон калды. Россия өзүнүн колонизаторлугун сактап калыш үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин (КМШ) түзгөн. Бүгүнкү күндө Россия КМШнын ролун (колонизаторлугун) бекемдөө аракеттери байкалууда. Ал аракеттердин алкагында 28-декабрда Путиндин демилгеси менен Россиянын колонизаторлугу астындагы мамлекеттердин башчылары КМШнын расмий эмес жолугушуусуна катышышты.

Кыргызстан, деги эле Орто Азия жана Кавказ Россиянын колонизаторлугу астында экенин дагы да ачык-айкын көрсөтүү үчүн Россиянын АКШга сунуштаган келишими мисал болот. Баяндап айтсак, акыркы кездерде Украинанын чыгышында абал улам чыңалып барууда. Батыш мамлекеттери Россияны Укранинанын чыгышына көптөгөн аскерлерин жайгаштырып алды деп айыптаса, Россия дал ушундай таризде Украинаны жана НАТОну айыптап келет. Маалымат каражаттары мына-мына чоң согуш чыгат деп күнүгө сайрап жатышат. Кандай болгон учурда да, Россия анын жана НАТОго мүчө мамлекеттердин коопсуздугун сактоо чараларын көрүү жөнүндө келишим долбоорун АКШга сунуштады. Бул келишим долбоорунун 7-беренесинде мындай делет: «НАТОго мүчө мамлекеттер (…) Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Орто Азия мамлекеттеринин аймагында ар кандай аскерий иш-аракеттерди алып баруудан баш тартышы керек». Өзүңөр көрүп турганыңардай, Россия биз үчүн чечип жатат. Башкача айтканда, Россия кайсы аймактар анын ээлигинде экенин, бул аймактарга башка колонизаторлордун киришине жол бербестигин ачыктоодо. Ал эми, биз анын колониясында болгонубуз үчүн Орто Азия өлкөлөрүнүн башчылары «шеф чечет» деген таризде ооз ача алышкан жок.

Ошондой эле, элчи Кайрат Осмоналиевге байланышкан окуя да колонизаторлуктун бетин ачып берүүдө. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев 21-декабрда басма жыйынында Кыргызстан тарап Орто Азиядагы беш өлкө менен Кавказдагы үч мамлекет ортосунда 5+3 форматында жолугушуу өткөрүүнү демилгелеп жатканын айткан. Ошол эле күнү орус маалымат каражаттары «Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады» деп чуу көтөрүштү. Ал эми, эртеси күнү президенттин басма сөз кызматы борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыяланганын билдирди. Негизи, орус басылмалары маалыматты чагымчыл өңүттө бурмалап берген болчу. Ошондой болсо да, президент айтылбаган нерсеге «тооба» келтирип, элчиге сөгүш жарыялаганга чейин барды.

Мына ушундайча колонизаторлор колундагы рычагдарын ишке салып, жаңы колониализмдин негизинде колонизаторлукту улантышууда. Бирок, бул жаңы колониализмдин да бети улам ачылып барууда. Жыйырманчы кылымда адамдар колониализмден азат болдук деп алданышкан эле. Бирок, жыйырма биринчи кылымдын кирип келиши менен адамдар жаңы колониализмди аңдап түшүнүп башташты, колонизаторлуктан дагы эле азат болбогонубузду баамдашууда. Буга дүйнөнүн ар тарабында болуп жаткан демонстрациялар, төңкөрүштөр мисал. Бул козголоңдордо «эл куурчактарды (марионеткалар) кулатууну каалайт» деген сөздөр негизги ураанга айланууда. Бирок, капитализмдин, демократиянын талаптары менен чыгуу биз күткөн азаттыкка алып барбайт. Себеби, демократия системасы колониализмдин үстүнө курулган. Андыктан, дүйнөнүн, анын ичинде мусулмандардын чыныгы азаттыгы – Исламда, Исламды толук колдонууда, Исламды талап кылууда! Ал күн аны күтүүчүлөр үчүн жакын!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here