Өзгөртүү жөнүндөгү ижтихаддар (2-бөлүк).

269
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Өзгөртүү жөнүндөгү ижтихаддар (2-бөлүк).

а) Даъваттын бардык баскычтарында көчөдөгү дубалдардан аялдардын жылаңач сүрөттөрүн жыртып таштоо, мас кылуучу ичимдик сатылуучу жерлерди талкалоодон баштап айрым коопсуздук кызматкерлерин же айрым жооптуу адамдарды өлтүрүүгө чейинки маддий иштерди аткаруу. Алар өздөрүнүн бул пикирлерине жогоруда айтылган, пайгамбарыбыз с.а.в.дын сөздөрү  келген Уббада ибн Сомиттин мына бул хадисин далил келтиришет;

وان لا ننازع الامر أهله إلا أن تروا كفرا بواحا عندكم فيه من الله برهان

“… жана Аллах тарабынан хужжатыбыз болгон ачык куфрду жасаганын көрбөй туруп, ишти өз ээлеринен талашпоого байъат бердик”.   Дагы алар Умму Салама р.а. энебиздин хадисинде келген пайгамбарыбыз с.а.в. дын төмөнкү сөздөрүн да далил катары келтиришет;

قالوا أفلا نقاتلهم قال لا ما صلوا

“…Сахабалар: “Ушундай болгон соң, аларга каршы согушпайбызбы, – деп сурашты. Ошондо пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва саллам: Жок, ырасында, намазты өтөп жатышкан соң аларга каршы согушпайсыңар, –  деп жооп берди”.

Алардын айрымдары даъватты жеткирүүдө маддий иштерди аткаруу жаиз экендигине Али ибн Абу Талибдин төмөнкү хадисин далил келтиришет:

 : انْطَلَقْتُ أَنَا وَالنَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَتَّى أَتَيْنَا الْكَعْبَةَ ، فَقَالَ لِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ” اجْلِسْ ” ، وَصَعِدَ عَلَى مَنْكِبَيَّ ، فَذَهَبْتُ لِأَنْهَضَ بِهِ ، فَرَأَى مِنِّي ضَعْفًا ، فَنَزَلَ ، وَجَلَسَ لِي نَبِيُّ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، وَقَالَ : ” اصْعَدْ عَلَى مَنْكِبَيَّ ” ، قَالَ : فَصَعِدْتُ عَلَى مَنْكِبَيْهِ ، قَالَ : فَنَهَضَ بِي ، قَالَ : فَإِنَّهُ يُخَيَّلُ إِلَيَّ أَنِّي لَوْ شِئْتُ لَنِلْتُ أُفُقَ السَّمَاءِ ، حَتَّى صَعِدْتُ عَلَى الْبَيْتِ ، وَعَلَيْهِ تِمْثَالُ صُفْرٍ أَوْ نُحَاسٍ ، فَجَعَلْتُ أُزَاوِلُهُ عَنْ يَمِينِهِ وَعَنْ شِمَالِهِ ، وَبَيْنَ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ ، حَتَّى إِذَا اسْتَمْكَنْتُ مِنْهُ قَالَ لِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ” اقْذِفْ بِهِ ” ، فَقَذَفْتُ بِهِ ، فَتَكَسَّرَ كَمَا تَتَكَسَّرُ الْقَوَارِيرُ ، ثُمَّ نَزَلْتُ ، فَانْطَلَقْتُ أَنَا وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نَسْتَبِقُ حَتَّى تَوَارَيْنَا بِالْبُيُوتِ ، خَشْيَةَ أَنْ يَلْقَانَا أَحَدٌ مِنَ النَّاسِ

“Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам экөөбүз Каъбага келдик. Расулуллах с.а.в.мага “отур” деди жана ийниме чыкты. Мен ал затты ийниме көтөрүп, тике турмакчы болдум. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам мендеги алсыздыкты көрүп, жерге түшүп отурду жана “ийниме чык” деди. Мен ал заттын ийнине чыктым. Мени көтөрдү. Ошондо менин кыялыма “эгер кааласам, ушул турушумда асман кыйырына да сөзсүз жетем” деген ой пайда болду. Мен Байтуллахка көтөрүлдүм. Өйдө жакта жезден жасалган буттар турган. Мен анын оң жана сол тараптарын, алды жана арткы тараптарынан кармашка аракет кылып жаттым. Качан аны бекем кармап алганымда Расулуллах с.а.в. “аны ыргыт” деди. Мен аны ыргыттым. Натыйжада ал карапа сыяктуу сынып, талкаланды. Андан соң Расулуллах с.а.в.дын мубарак ийнинен түштүм. Биз шашылыш басып кеттик. Бирер киши жолугуп калбасын деп, үйлөрдү аралап кеттик ”. Ахмад риваяты.

Даъватты жеткирүүдө хизб жана жамааттар тарабынан маддий күч колдонуу жаиз экендигине далил катары келтирилген бул хадис алардын сөздөрүнө далил болбойт.  Себеби, Расулуллах с.а.в.дын бул иштери фардий т.а. жеке адамдын иши болуп, бул иш жеке адамдын өзү кудуреттүү болгон мункарды жок кылуу бөлүмүнө кирет. Расулуллах с.а.в. бул ишти өзү кылды, сахабалардан ушундай иштерди кылууну талап кылбады. Өзү да буга чейин андай иш кылбаган. Али ибн Абу Талиб р.а. айткандай, ал зат бул ишти бирер киши көрүп калышын каалаган эмес.

Расулуллах с.а.в.дын бул иштери, сахабалар азарларга каршы күрөшүүнү талап кылганда, аларга “азырынча биз буга буюрулбадык” деп айткан сөзүнө тескери келет. Эгер Расулуллах с.а.в.дын иштери сөздөрүнө карама-каршы чыгып калса, бул экөөнүн арасы жамдалат жана бул далилдердин ар бирине өз ордунда амал кылынат. Же сөз таржих кылынат. О.э. Расулуллах с.а.в.дын бул иштери, убакыт боюнча, ансорийлер экинчи акаба байъатында Курайш менен согушууга уруксат сураганда “азырынча биз буга буюрулбадык” деген сөздөрүнөн мурда болгон. Эгер эки далил бири-бирине тескери келип калса, алардын кайсынысы биринчи болгону аныкталат жана мурун болгону кийинкиси менен насх кылынат.

Расулуллах с.а.в. тарабынан аткарылган бул иш кандайдыр мааниде Иброхим алайхи саламдын буттарга карата кылган ишине окшойт. Иброхим алайхи саламдын бул кылган ишинен көздөлгөн максат, бутпарас коомунун акыйдасы батыл экендигин баяндоо о.э. алар сыйынып жаткан нерселер ал тургай өздөрүн коргоого да алсыз экендигине алардын көңүлүн буруу болчу. Бул иш маддий амалдан да көбүрөөк пикирий амалга жакын болгон. Себеби, Иброхим алайхи салам бирер мушрикке азар жеткирбеген абалда, аларды өздөрү ибадат кылып жаткан нерселери жөнүндө пикирлөөгө т.а. ал тургай өздөрүн да коргой албаган нерселер кантип кудай боло алышы жөнүндө пикирлөөгө мажбурлады.

Ошондуктан, Расулуллах с.а.в. жана сахабалар сакафаттандыруу же тафаъул доорунда даъватты жеткирүү үчүн эч кандай маддий иштер менен алектенбеди. Тескерисинче, ал Куръан тилават кылуу, Исламды үйрөтүү, кафирлер менен талкуулашуу жана нусрат талап кылуу менен чектелди. Себеби, мамлекет курулушуна тоскоол болуп жаткан маддий тоскоолдуктарды талкалап таштоо – мабдаъга ыйман келтире турган о.э. даъватчыларды өкүм-башкарууга жеткирүү үчүн аларды коргой турган салтанат ээси болгон Үммөттүн иши. Ал эми хизбдеги даъватчынын, коомдо жайылган айрым мункарлар менен бузуктуктарга каршы болсо да, маддий иштер менен алектенгенине бирер шаръий далил келбеген. Мисалы, мас кылуучу ичимдик сатылуучу жайларды, кинотеатрларды талкалоо же коопсуздук кызматкерлерин өлтүрүү, жооптуу адамдарды же акимдерди уурдап кетүү сыяктуу иштер менен алектенүү хизб сыпатындагы даъватчылардын иши эмес. Себеби, Расулуллах с.а.в. да, сахабалар да мындай иштерди кылууга кудуреттүү эле. Бирок, андай кылышпаган. Бузук иштер толуп-ташып жаткан эле, Мекке мушриктеринен көптөгөн азарларды көрүшөт эле. Бирок, ошондой болсо да, алар бирөөгө кол көтөрүшпөгөн. Буга Расулуллах с.а.в.дын жана сахабалардын ошол кезде ээлеген позициялары күбөлүк берет. Риваят кылынышынча, Расулуллах с.а.в. бир күнү Каъбанын алдында турган Курайш кафирлеринин жанынан өтүп бара жаткан. Ошондо алардын бардыгы Расулуллах с.а.в.га дароо асылышып: “Балан, балан сөздөрдү айткан сенби”, – деп сурашты. Расулуллах с.а.в. болсо: “Ооба мен, бул сөздөрдү мен айтып жатам”, – деди.  Ошондо алардын бири Расулуллах с.а.в.ды жакасынан алды. Муну көргөн Абу Бакр р.а. жардамга келип: “Роббим Аллах” деген кишини өлтүрөсүңөрбү?!” – деп ыйлады.

Ушундай мисалдардын дагы бири, сахабалар Меккеде болгон кезде айткан:

يا رسول الله، أن أحدنا يمسي ولا يأمن علي نفسه أن يصبح، ويصبح ولا يأمن علي نفسه أن يمسي، فكرنا يا رسول الله فلنقابلهم بمثل ما يقابلونا به، فكان صلي الله عليه وسلم يقول لهم: لا، لم تثمر بعد.

“Я Расулуллах, биз кечке жетебиз, бирок, эртең мененкиге чейин барбызбы-жокпузбу, буга кадыржам болбойбуз. Таң атырабыз, бирок, кечке чейин эмне болорубузду билбейбиз. Ошондуктан, келиңиз, я Расулуллах, биз да аларга карата кудум алар бизге кылган иштерди кылалы, – дешти. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам: Жок, биз али буга буюурулбадык, – деп жооп берди”.

Чындыгында, Расулуллах с.а.в. сахабалардын согушууга кудурети жетип турса да, маддий күч колдонуудан кайтарды. Азарга-азар менен каршылык көрсөтүүдөн тыйды. Негизи, алардын да кафирлердикиндей эле куралдары бар эле. Алардын арасында да Умар ибн Хаттаб, Хамза ибн Абдул Мутталиб, Саъд ибн Абу Ваккос жана башка балбандар бар эле.

Даъватты жеткирүүдө маддий күч колдонбостук жаатындагы эң күчтүү далил – бул Расулуллах с.а.в.дын экинчи акаба байъатында, “согуш байъатында” ээлеген позициясы. Мисалы, сахабалар Расулуллах с.а.в.га: Бизге буйрук кылыңыз, биз аларга дароо чабуул кылабыз, – деп айтышканда, Расулуллах с.а.в.: Жок, биз али буга буюрулбадык”, – деп жооп берген. Ошондуктан, даъватты жеткирүүдө хизб же жамаат тарабынан маддий күч колдонулушу мүмкүн эмес. Хизбийлер тарабынан да, алардын буйругу менен башкалар тарабынан да мүмкүн эмес. Болгону, Ислам мамлекетин куруу мындан тышкары. Себеби, хизб мамлекетти тикелөөгө каршылык көрсөтүп жаткан маддий тоскоолдуктарды алып таштоо үчүн Үммөт ичиндеги (маддий) күч ээлеринен нусрат талап кылышы мүмкүн. Ал эми мамлекет курулгандан кийин Исламды жихад жолу менен жайылтуу үчүн, багийлерге, залимдерге каршы күрөшүү үчүн, бузукулуктарды жоготуу үчүн о.э. мамлекетти коргоо үчүн маддий күч колдонуу болсо маъкул жана матлуб иш болуп, бул иштердин өзүнө хос шаръий өкүмдөрү бар.

б) Мамлекет катары мамлекетке хос болгон амалдарды аткаруу. Алардын бири даъват жүгүн көтөрүүчү жаштарга каратылган өзүнүн жолдонмо маърузасында жалпысынан мындай деген: “Жаштарга насаатым ушул, алар жер-жерлерге барып, сабатсыз адамдар окуп-жазууну билиши үчүн таалим берүүгө салым кошушсун. Оорулуулардын айыгышына, жыгылгандардын бутка турушуна жардам беришсин. Жумушсуздарга жумуш таап берүүгө, муктаждардын муктаждыгын кандырууга о.э. артта калып кеткен катмар өнүгүүнү көздөй кадам ташташына жардам беришсин”.  Ошол макалада дагы төмөнкүлөр айтылат:  “Жаштар сабатсыздыкты жоюу үчүн жана зекетти чогултуп аны өз ордуна бөлүштүрүү үчүн лажналарды түзүшү керек… Албетте, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган, мусулмандарды Ислам негизинде жамдай турган о.э. аларды Ислам байрагы астында бириктире турган мамлекетти куруу Ислам Үммөтүнө фарз. Биз буга аракет кылышыбыз керек. Ушул арзууга жетүү үчүн адамдар колунан келишинче зекет фонддорун түзүү, улуттук амбулатория, акысыз ооруканаларды ачышы жана ушуга окшогон кайрымдуулук иштери менен алектениши керек болот”. Ал мындай сөздөрүнө Аллах Тааланын төмөнкү аятын далил келтирет;

فَاتَّقُوا اللَّهَ مَا اسْتَطَعْتُمْ

Күчүңөр жеткенче Аллахтан корккула”.[64:16].

Албетте, бул иштердин көпчүлүгү мамлекетке хос иштерден болуп, бул иштер менен алектенүү мамлекеттин калк алдындагы жоопкерчилиги болуп эсептелет. Себеби, мамлекетте умумий жашоого тиешеси болгон орундарда адамдардын иштерин амалда башкаруу хизб же шахстын эмес, тескерисинче мамлекеттин жоопкерчилиги болуп эсептелет. Хизб же жамааттын акимдин жоопкерчилиги болгон иштер менен алектениши шаръан өзүнүн жоопкерчилигинен болбогон иштер менен алектенүү болуп эсептелет. Бул биринчиден. Экинчиден, бул иш, өзгөртүлүшү-жоготулушу көздөлүп жаткан акимге жардам берүү болуп эсептелет. Себеби, мында хизб аким аткарышы керек болгон башкаруу ишин аткарат. Бул болсо, адамдардын мээсин айнытат, акимдин салтанатын күчөтөт жана анын өкүмдарлык өмүрүн узартат.

Биз үчүн ар тараптуу өрнөк болгон пайгамбарыбыз с.а.в.дын Мекке доорунда т.а. даъватты жеткирүү доорунда акимдин ыйгарым-укугу жана анын жоопкерчилиги болгон иштер менен алектенгени таптакыр риваят кылынган эмес.  Ясирлер үй-бүлөсү азапталып жаткан убакта алардын жанынан өтүп бара жатып;

صبرًا آل ياسر فإن موعدكم الجنة

“Сабыр кылгыла, эй Ясир үй-бүлөсү! Албетте, силердин барар жериңер бейиш”, – деди. Ибн Исхак ибн Хишам сийратында риваят кылган.  Расулуллах с.а.в. аларды азат кылуу үчүн сахабалардан мал-дүйнө чогулткан эмес жана буга буйруган да эмес. Абу Бакр Сиддик жана башка сахабалар өздөрү жеке адам катары фардий иш катарында, Аллахтан сооп үмүт кылып ушундай иштерди кылышкан. Расулуллах с.а.в. башка адамдардын да, сахабалардын да башына келген  зулумду жоюу үчүн же алардын жакырчылыгын жоюу үчүн эч кандай лажна түзбөгөн. Тескерисинче, Расулуллах с.а.в. сахабалардан азарларга сабыр кылууну жана Аллахтын амри келгенге чейин даъват жолунда бекем турууну талап кылган.

Мисал келтире турган болсок, зекет чогултуу жана аны бөлүштүрүү хизбдин эмес, мамлекеттин иши болуп эсептелет. Эгер мындан жоопкер болгон мамлекет жок болсо, малы нисабга жеткен мусулмандын өзү  зекетти акылууларга бериши важиб болот. “Важиб эмне менен ишке ашса, ал да важиб” деген коида негизинде ал үчүн өзүнчө лажна түзүү шарт эмес. Себеби, бул иш лажнасыз да аягына чыгат. Зекетке нисбат берилген бул коиданын алдына Ислам мамлекетин куруу важиб экендиги кирет. Себеби, акылуу болгон зекеттин баарын алуу жана аны өз ээлерине бөлүштүрүү о.э. зекетти четке каккандарды куугунтуктоо, шаръий жол менен мына ушул Ислам мамлекети бар учурда гана ишке ашат. О.э. муктаждарга жардам берүү, оорулууларды айыктыруу, арамдарга каршы маддий күрөшүү жана башкалар хизб же жамааттын эмес, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, мамлекеттин жоопкерчилиги болуп эсептелет. Эгер бул иштерди хизбге таандык экендигине карабастан жеке адам аткарса, анын бул иши соопко акылуу болгон мандуб иш болуп эсептелет. Бул сыяктуу иштерди аткаруу анын мойнунан фарз амал болгон мамлекет куруу жоопкерчилигин сакыт кылбайт. Эгер бул иште суздук кылса, ал күнөөкөр болот.

Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан хизб же жамааттын өзүнүн эмес, мамлекеттин жоопкерчилиги болгон иштер менен алектениши жаиз эмес. Себеби, Исламий жашоону кайрадан баштоонун тарыйкаты – ар кандай амалдары, анын мойнуна фарз кылынган гояга (жогорку максат) жетүү үчүн шаръий далилдерге таянышы керек, бул далилдер ушул амалдардын чындап эле даъватты жеткирүү амалдарынан экендигин баяндап берсин. Антпесе, даъват жүгүн көтөрүүчүлөр гояны ишке ашырбай турган иштер менен алектенген болуп чыгышат. Бул болсо, ийгиликсиздикке алып барат. Себеби, даъват жүгүн көтөрүүчүлөрдүн шаръий тарыйкат өкүмдөрүн бекем кармашы нусрат шарттарындагы негизги шарттардан болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:

إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ

эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Ал Зат да силерге жардам берет”.[47:7].

Биздин Аллахка жардам беришибиз бизден Аллах амр кылган нерселерге өз ордунда итаат кылышыбызды талап кылат.

Демек, Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан хизбден талап кылынган амалдар мамлекеттен талап кылынган жана жеке адамдан талап кылынган амалдардан башка.

“Ал кезде зекетке жана иштерди башкарууга тиешелүү болгон өкүмдөр келе элек болчу. Бүгүн болсо, бул өкүмдөр даъватты жеткирүү сыяктуу бизден талап кылынат”, – деп айтылбайт. Себеби, бардык нерсени көрүп туруучу жана бардык нерседен кабардар Зат адамдар ошол учурда муктаж болуп турган нерселер жөнүндө вахий жана өкүмдөрдү түшүрөт эле. Ошондуктан, Расулуллах с.а.в. жана сахабалар адамдардын иштерин башкаруу үчүн лажналарды жана кайрымдуулук фонддорун түзүүгө буюрулган эмес. Алар, кафирлердин жашоосун, бардык иштерин башкаруудан жоопкер болгон “Ислам мамлекети”көлөкөсүндөгү исламий жашоого айландыруу максатында алардын куфр түшүнүктөрүн исламий түшүнүктөргө айландыруу үчүн аларга даъватты жеткирүүгө буюрулушкан.

в)  Жеке адам катары жеке адамга хос болгон амалдарды (коомдо исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн) аткаруу. Айрым исламий хизб жана жамааттар жеке адамга фард (жеке адам) катары хос болгон амалдар негизине курулган. Ушул хизб жана жамааттар Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн түзүлгөн хизб жана жамаат катары адеп-ахлак жана кайрымдуулук иштери сыяктуу жеке адамга тиешелүү болгон мына ушул иштерге даъват кылышат. Ошондуктан, мындай хизб жана жамааттар адамдарды Ислам буйруган чынчылдык, тазалык, аманат жана ушул сыяктуу ахлактар менен сыпаттанууга чакырышат. Алар адамдарды байлары кембагалдарга садака бериши, күчтүүлөрү алсыздарга жардам бериши аркылуу жыргал жашоого жетүү үчүн өз ара бири-бирине көмөктөшүүгө чакырышат. Жакырларга жардам берүү, медресе, мечит жана ооруканаларды куруу үчүн каражат топтоого даъват кылышат. Себеби, мындай хизб жана жамааттар коомду жалаң жеке адамдардан (фард) түзүлөт, эгер жеке адам жакшы болсо, бүтүндөй коом жакшы болот, “мен жакшы болсом, сен жакшы болсоң, коом жакшы болот” деп ойлошот. Негизи, коом адамдардан, пикирлерден, туйгулардан жана түзүмдөрдөн турат. Ошондуктан, эгер адам гана өзгөртүлсө, коом өзгөрүп калбайт. Коомду өзгөртүү үчүн анын жогоруда айтылган, адамдар, пикирлер, туйгулар жана түзүмдөрдөн турган бүтүндөй курамын өзгөртүү керек болот.

Демек, жеке адамга же мамлекетке тиешелүү болгон орундарда да айрым исламий жамаат жана хизбдер аткарып жаткан амалдар Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан хизб же жамааттан эмес, тескерисинче, шаръан, жеке адамдан же мамлекеттен талап кылынган. Себеби, бардык нерсени билүүчү, хикмат ээси болгон Аллах Таала ар бир жакка, ар бир тармакка жана ар бир кишиге өзү аткара турган белгилүү бир жоопкерчиликти байлап койгон. Расулуллах с.а.в. айтат:

كلكم راع وكلكم مسؤول عن رعيته. الإمام راع ومسؤول عن رعيته، والرجل راع في أهله وهو مسؤول عن رعيته، والمرأة راعية في بيت زوجها ومسؤولة عن رعيتها، والخادم راع في مال سيده ومسؤول عن رعيته

“Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Имам башчы жана ал өз раъийятынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал үй-бүлөсүнөн жоопкер. Аял киши өз эринин үйүндө башчы жана ал ошол үйдөгү иштерден жоопкер. Кызматчы өз кожоюнунун малына башчы жана ал ошол малда жоопкер”. Бухарий жана Муслим риваяты.  Ушул хадисте Расулуллах с.а.в. жоопкерчиликти бөлүштүрүп берди. Ар бир башчыга өзүнүн раъийяты алдындагы шарият белгилеп берген жоопкерчикти аткаруу важиб экендигин баса белгиледи. Демек, адамдардын иштерин башкаруу акимдин жоопкерчилиги. Үй-бүлөнү башкаруу үй-бүлө башчысынын жоопкерчилиги. Аллах Таала мусулманды үй-бүлө башчысы катары перзентин жети жаштан намаз окутууга буйруду. Эгер ал он жашка жеткенде да намаз окубаса, андай перзентти урууга амр кылды. Кудум ушул атанын баласы эгер уурулук кылса, атага перзентинин колун кесүүгө же эгер перзенти муртаддык кылса, аны өлтүрүүгө буйрубады. Себеби, хаддарды ишке ашыруу т.а. жаза-чараларды колдонуу жеке адамдын эмес, мамлекеттин жоопкерчилигинде. Расулуллах с.а.в. мамлекет башчысы катары айткан:

مَن تَرَكَ مالًا فلِوَرَثَتِه، ومَن تَرَكَ كَلًّا فإلينا

“Кимде-ким мал-дүйнө калтырып кетсе, ал мураскорлорго берилет. Кимде-ким бир жетимди калтырып кетсе, ал бизге калтырылат ”. Муслим жана Абу Давуд риваяты. Башка бир риваятта:

…من ترك كلا فلبيت المال

“Ким бир жетим калтырып кетсе, ал байтулмалдан камсыздалат ”, – деп айтылат. Демек, жакыр жана муктаждардын иштерин башкаруу мамлекеттин жоопкерчилиги болуп эсептелет.

Бул сыяктуулар кайрымдуулук иштерин аткарууну таштоого же важиб жана мандуб сыяктуу шарият өкүмдөрүн таштоого чакырык эмес. тескерисинче, бул ар бир башчы үчүн өзүнүн кол алдындагылары үстүндөгү Аллах Таала талап кылган жоопкерчиликти өтөөгө чакырык.  Ошондуктан, мусулман кишиден жеке адам катары намаз окушу, орозо тутушу, зекет бериши, садака кылышы, муктаждарга жардам бериши, жетимдин башынан сылашы талап кылынат. Бул амалдар фарз, важиб же мандуб болот. О.э. андан Аллах жана Расулунун төмөнкү сөздөрүнө итаат кылып, Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн бирер хизб жана жамаат менен бирге аракет кылышы да талап кылынат:

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун”. [3:104].

Расулуллах с.а.в. айтат:

وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

“Ким өлсө жана анын мойнунда халифага байъат кылган жоопкерчилиги болбосо, ал жахилиятта өлгөн болот”. Муслим риваяты.

Чындыгында, Ислам хизб же жамаат менен бирге жеке адам аткара турган саясий жана пикирий амалдарды анык белгилеп берген. Бул амалдар ушул хизб же жамааттан тышкарыда андан жеке адам катары талап кылынган амалдардан башка амалдар. Демек,  ар бир жактын өз жоопкерчилиги жана ар бир жактын өз раиъйяты бар. Ошондуктан, хизб өз амалдарында шаръан өзүнүн жоопкерчилиги болгон амалдар менен чектелиши керек. Себеби, анын мындан башка амалдар менен алектениши өзүнүн жоопкерчилиги алкагында болбогон иштер менен алектенүү болуп эсептелет. Мындан тышкары, хизбден мындай иштер менен алектениши талап кылынбайт. Мындай иштер менен алектенүү хизбдин ишмердүүлүгүнө жолтоо болот, аны шаръий жолунан буруп жиберет о.э. аны өзүнүн негизги ишинен алаксытат.

О.э. Аллах Таала хизбди Исламий жашоону кайрадан баштоого даъват кыла турган хизб катары – өз мүчөлөрү үстүндө да, Үммөттөгү адамдар үстүндө да, уурунун колун кесүү же зынакорду ташбараң кылуу сыяктуу – шаръий хаддарды аткарууга буйрубады. Себеби, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, хаддарды ишке ашыруу жана жаза-чараларды колдонуу хизбдин эмес, мамлекеттин жоопкерчилиги болуп эсептелет.

Бул нерсе даъватчы жалаң гана даъватты жеткирүү иштери менен чектелиши керектигин түшүндүрбөйт. Тескерисинче, ал даъват менен бирге жеке адам катары өзүнүн бардык иштеринде жана сөздөрүндө Ислам өкүмдөрүнө амал кылышы важиб болот. Мисалы, ал өз үй-бүлөсүн сактайт, перзенттеринин тарбиясы менен алектенет, ырыскы булактарынан тирилик кылат, муктажга жардам берет, жакырга садака кылат о.э. чынчылдык жана уяттуулук сыяктуу сыпаттар менен сыпатталат.

Демек, мусулмандар, Исламий жашоону кайрадан баштоого аракет кылып жаткан хизб жана жамааттар Ислам мамлекетин тикелөөдө пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. карманган тарйыкатты жакшылап терең үйрөнүп чыгышы о.э. буга тиешелүү шаръий насстарды туура түшүнүшү керек. Бир тараптан мамлекет менен жеке адамдын жана экинчи тараптан мамлекет менен хизбдин амалдарын аралаштырып жибербеши керек.  Анткени ушул аркылуу алар да Расулуллах с.а.в. жетишкен ийгиликтерге, ал затка берилген нусратка жетишсин:

وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ

Албетте, Аллах Өзүнө (динине) жардам берген заттарды үстөм кылат. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү”.[22:40].

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here