Кечээ айтты, бүгүн кайтты

286
0

Кечээ айтты, бүгүн кайтты

Түркияда доллардын куну кескин көтөрүлүп-түшүүсү жана мунун натыйжасында баалардын туруксуз болушу коомчулуктун нааразылыгына себеп болду. Капиталисттик пикирлер менен сугарылган “Түркия кол өнөрчүлөр жана ишкерлер” уюму президент Режеп Таййип Эрдоган жүргүзүп жаткан экономикалык саясатка нааразылыгын билдирген билдирүү таратты. Уюм жогорудагы билдирүүсүндө пайыздык ставка түшүрүлүүсүн каралап, президентти «Экономикалык эрежелерге тезирээк кайтууга» чакырды. Уюмдун ал билдирүүсүнө кескин мамиле билдирген президент Эрдоган өкүм жүргүзүүдө Куръан жана Хадиске таянышын баса белгиледи.

“Эмне болуптур, биз пайыздык ставкаларды түшүрүп жаткан имишпиз. Менден башка нерсени күтпөгүлө. Мусулман катары нусустар (Куръан жана Хадис) эмнени талап кылса, мен ошону кыла берем. Бул өкүм», «Билишеби же жокпу айырмасыз, Алхамдулиллах, биз туура жолдобуз. Себеби, пайыз байды бай, кембагалды кембагал кылат деген эреже биз үчүн жөнөкөй эреже эмес”, – деди Эрдоган.

А бирок арадан бир күн өтүп, Эрдоган мырза валюталар менен алтындарды түрк лирасына айландырып, банкка коюуга чакыруу менен элди пайызга үгүттөгөн билдирүү таратты. Эгер алган пайыздары доллардын көтөрүлүшүнө жетпесе, жетпей калганын өзү төлөөнү убада кылды. Бир күн мурда “нусустар эмнени талап кылса, мен ошону кыла берем” деген Эрдоган нусустар пайызды арам кылганын эч бир эсепке албады. Мына ушундан “нусустар эмнени талап кылса, мен ошону кыла берем” дегенде анын максаты пайыздарды жок кылуу эмес, тескерисинче пайыздык ставкаларды төмөндөтүүнү кудум Исламдын буйругу сыяктуу көрсөтүү экендиги ашкере болду.

Вакиъ көрсөтүп тургандай, Эрдогандын максаты нусустарга амал кылуу эмес, тескерисинче мусулмандардын Исламий туйгуларынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу демократиялык шайлоодо көбүрөөк добуш алуу. Эгер Эрдоган нусустар (Куръан жана Хадис) көрсөткөн экономиканы колдонууну чындап эле кааласа, анда нусустарга таянган абалда экономиканын майда-чүйдөсүнө чейин ачыктап берген Исламдагы экономикалык түзүм бар. Мындан тышкары, учурда мамлекеттеги сойкулук, зына, кумар, мас кылуучу ичимдиктер сыяктуу, нусустар катъий арам кылган иштер, Эрдоган жана анын жамааты чакырып жаткан демократия, эркиндик, азаттык себептүү чокусуна чыгууда. А бирок, расмий билдирүүлөрдө бул тууралуу бир да сөз айтылбайт.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here