Бишкек мэриясы жаңы жылдык кооздоого 5 млн. 687 миң сом коротот

284
0

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кооздоого 5 млн. 687 миң сом коротот

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кооздоого 5 млн. 687 миң сомдук тендер жарыялады. Бул каражат 25 метрлик балатыга жана Ала-Тоо аянтын кооздоого сарпталат.

Борбордук аянттагы жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктер жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Ала-Тоо аянтына бийиктиги 25 метр балаты орнотулат.

Кыргыз бийлиги калкынын үчтөн бири жакыр жашап, азык түлүк сыяктуу негизги муктаждыктарын кандыра албай жаткан учурда элдин салыгынан чогулган каражаттарды көчөгө сапырууда. Болгондо да башка дин, Батыш хазоратынан келген куфр майрамын белгилөө үчүн сарптап жатат. Албетте, мындай кадамга айрым капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн барып жатат.

Түпкүлүгүндө, бул сыяктуу иш-чаралар ачык арам болуп, шарият тыюу салган. Анткени, Набий (с.а.в) Ислам үммөтүн яхудий жана насронийлерге окшошпоого, алардан айырмаланууга, алар кылган нерселерге ээрчибөөгө буюрду жана мусулмандар ага амал кылышты.

Абу Хурайра (р.а) риваят кылат. Расулуллах (с.а.в) айтты: “Үммөтүм өзүнөн мурункулардын жолун кадамма-кадам, карышма-карыш өздөштүргөнгө чейин кыямат кайым болбойт”! Айтышты: “Я Расулуллах, фарс жана румдуктар сыяктуу коомдордун жолубу?”. Расулуллах (с.а.в): “Алардан өзгөлөрдүн дагы!” деди. Абу Саид аль-Худрий риваят кылган хадисте: “Биз, яхудий жана насронийлердиби?” дедик. Ал зат: “Аларга болбогондо кимдин?” деп айтылат. (Бухарий жана Муслим риваяттары)

Имам Муслимдин риваятында “… кадамма-кадам, карышма-карыш өздөштүрөсүңөр, эгер алар кескелдириктин ийинине кирсе, силер да ошого кирип кетесиңер” деп кошумчаланган.

Демек, Расулуллах (с.а.в) өзүн ислам үммөтүнөн санаган адамдар кафирлердин изинен кетип калуу башаратын берди жана бул нерсе кыяматтын алааматтары экенин эскертти. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндөгү үммөттүн абалы мунун жаркын мисалы болуп турат. Биз ушунчалык төмөндүккө жетип калдык дейсиң, жахилият доорунан калган майрамдарды тикелеп, анан ал аз келгенсип, тозок калкы болгон каапырлардын майрамдарын да өзүбүздүкү кылып алдык. Көчөгө чыксак бардык жерде жаңы-жылга даярдыктар көрүлүп жатканына күбө болуудабыз. Өзүн мусулман эсептеген адамдар бул куфр майрамдарын эки айт майрамынан да улуу көрүп калды, астагфируллах.

Оо мусулмандар! Мына ушул тозок калкына талапкер болуп, алардын майрамдарына эргешүү менен алардын аркасынан кескелдириктин ийинине кошо ээрчип киргендей тозокко ээрчип кетпегиле! Бир акыл иштетип өзүңүзгө суроо бериңиз: “Мен кимге ээрчип жатам? Аллага баш ийбеген, Анын каргышына калган, акыретте жазасы тозок болгон каапырларгабы? Эгер мындай болсо алардан айырмабыз эмне? Акыры Расулуллах (с.а.в) айтпады беле: “Кимде ким кайсы бир коомго ээрчисе, ал ошолордон” (Абу Давуд риваяты)

Ислам уламалары мындай күндөрдө майрамдоо бул жакта турсун, мындай майрамдар менен куттуктоону да арам деген. Шайх Мухаммад Салих Аль Мунажжид төмөнкү сөздөрдү айтты: “Каапырларды жаңы-жыл, рождество жана ушул сыяктуу башка майрамдары менен куттуктоо же алар сизди куттуктаганда аларга куттуктоо менен жооп айтуу арам. Себеби, бул майрамдар биздин динибизде жок жана аларга жооп кылуу менен биз бул майрамдар туура экендигин тастыктаган болуп калабыз”. Тагыраагы, мушрик жана каапырларды алардын майрамдары менен куттуктоо же жооп берүү менен биз бул куфр майрамдары туура жана жайиз экенин тастыктаган болобуз. Өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө куттуктоо бул жакта турсун, мусулмандар бул майрамдарды кафирлер менен кошулушуп майрамдай турган болуп калды.

Ибн Аль Коййим өзүнүн Ахкаам аль-Зиммах китебинде төмөнкү сөздөрдү келтирген: “Каапырларды майрамы менен куттуктоо бардык аалымдардын назарында арам, а түгүл аларга “майрамыңыз менен куттуктайм” же “майрамыңарды жакшы өткөргүлө” сыяктуу сөздөрдү айтуу да арам. Муну айткан мусулман каапырлыктан кутулса да күнөөкөр болот. Бул кудум крестке сажда кылган сыяктуу, балким андан да жаманыраак иш. Бирөөнү арак ичкени үчүн, же адам өлтүргөнү үчүн, же зынаа кылганы үчүн куттуктоо канчалык чоң күнөө болсо, жаңы-жыл менен куттуктоо дагы кудум ушундай күнөө. Өзүнүн динин сыйлабаган инсандар көбүнчө мына ушул катага жол берет. Алар кылып жаткан ишинин канчалык үлкөн күнөө экенин түшүнүшпөйт. Башкаларды Аллага баш ийбегени үчүн же бидъат амал кылганы үчүн куттуктаган инсан Алланын азабына дуушар болот.” (1/205, 206)

Өзүбүздүн Исламий майрамдарыбыз болгон, Аллах тарабынан бизге жиберилген мубарак айт майрамдарыбыз турганда, бизге эч кандай алакасы болбогон куфр майрамдарын өздөштүрүп калуудан, аларды ээрчүү менен ошолордон болуп калуудан Аллах сактасын.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here